https://sputnik.kg/20250302/1092385052.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Муфтий Абдулазиз Закиров кыргызстандык мусулмандарды Орозо айы менен куттуктап, ушак, жалаа жабуудан алыс болууга, тарбияга, ынтымакка чакырды. Ал ошондой эле... 02.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-02T08:59+0600
2025-03-02T08:59+0600
2025-03-02T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092384920_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0a4564ae157789b2004cf9478de49fb9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Муфтий Абдулазиз Закиров кыргызстандык мусулмандарды Орозо айы менен куттуктап, ушак, жалаа жабуудан алыс болууга, тарбияга, ынтымакка чакырды. Ал ошондой эле элди ооз ачууда ысырапкорчулук кылбоого үндөгөн. “Ысырапкорчулук – ырыскынын жоголушу. Ысырапты бир гана ифтар маалында эмес, дегеле өмүрүбүздү ысырап менен өткөрүүгө жол бербешибиз керек. Убакытты бекер текке кетирбей, аш-тойлордо да ашыкча ысырап кылбай, ар бир ырыскыны туура баалап, сарамжалдуу колдонолу. Ыйык Рамазан – ашыкча ысырап эмес, жөнөкөйлүк жана ыраазычылыктын айы”, — деген муфтий куттуктоо сөзүндө. Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулуп, Айт намаз 30-мартта окулмакчы.
Балыкчы-Кочкор унаа жолу 5-марттан 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү курулуп жаткан темир жолдун 37-40-чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу 5-марттан 5-майына чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн 17:30га чейин жабылат. Белгилей кетсек, жардыруу иштери Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. "Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү бул маалыматты эске алып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пландаштырууга чакырабыз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз",-деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт. Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
Кыргызстандын туруктуу жашаган калкынын саны 2024-жылы 119,9 миң адамга, же 1,7 пайызга өсүп, 2025-жылдын 1-январына карата 7 млн 282 миң адамды түздүБул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылы каттоо органдарында 140,4 миң ымыркай катталган, же калктын 1000 тургунга 19,4 жаңы төрөлгөн ымыркай туура келди, ал эми 31,7 миң адам өлгөн. Бул калктын 1000 тургунуна 4,4 адам туура келет. Натыйжада калктын табигый өсүшү 108,7 миң адамды түздү, же калктын 1000ине 15 адам туура келет. 2024-жылы калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, эң төмөнкүсү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда байкалган.
Муфтий Абдулазиз Закиров кыргызстандык мусулмандарды Орозо айы менен куттуктап, ушак, жалаа жабуудан алыс болууга, тарбияга, ынтымакка чакырды. Ал ошондой эле элди ооз ачууда ысырапкорчулук кылбоого үндөгөн. “Ысырапкорчулук – ырыскынын жоголушу. Ысырапты бир гана ифтар маалында эмес, дегеле өмүрүбүздү ысырап менен өткөрүүгө жол бербешибиз керек. Убакытты бекер текке кетирбей, аш-тойлордо да ашыкча ысырап кылбай, ар бир ырыскыны туура баалап, сарамжалдуу колдонолу. Ыйык Рамазан – ашыкча ысырап эмес, жөнөкөйлүк жана ыраазычылыктын айы”, — деген муфтий куттуктоо сөзүндө. Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулуп, Айт намаз 30-мартта окулмакчы.Балыкчы-Кочкор унаа жолу 5-марттан 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү курулуп жаткан темир жолдун 37-40-чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу 5-марттан 5-майына чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн 17:30га чейин жабылат. Белгилей кетсек, жардыруу иштери Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. "Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү бул маалыматты эске алып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пландаштырууга чакырабыз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз",-деп айтылат маалыматта.Өлкөдө «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт. Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.Кыргызстандын туруктуу жашаган калкынын саны 2024-жылы 119,9 миң адамга, же 1,7 пайызга өсүп, 2025-жылдын 1-январына карата 7 млн 282 миң адамды түздүБул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылы каттоо органдарында 140,4 миң ымыркай катталган, же калктын 1000 тургунга 19,4 жаңы төрөлгөн ымыркай туура келди, ал эми 31,7 миң адам өлгөн. Бул калктын 1000 тургунуна 4,4 адам туура келет. Натыйжада калктын табигый өсүшү 108,7 миң адамды түздү, же калктын 1000ине 15 адам туура келет. 2024-жылы калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, эң төмөнкүсү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда байкалган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092384920_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3fb95cae5232ccf0209cef583e9a96cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио