https://sputnik.kg/20250302/1092386662.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Asman Airlines авиакомпаниясы Кербен шаарына алгачкы коммерциялык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын... 02.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-02T11:00+0600
2025-03-02T11:00+0600
2025-03-02T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092386530_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_496b83ca318097b7a4e915feadec8cd9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Asman Airlines авиакомпаниясы Кербен шаарына алгачкы коммерциялык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, учуу убактысы 35 мүнөткө созулду. Авиабилеттин баасы 3600 сомдон башталат. "Жүргүнчүлөргө Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун "Кербен" аймактык аэропортуна тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми Бишкек – Кербен – Бишкек багыты боюнча каттамдар ар ишемби сайын аткарылат. Авиабилеттин баасы 3600 сомдон башталат. Билеттерди расмий asmanairlines.kg веб сайтынан жана "Asman Airlines" мобилдик тиркемесинен сатып алсаңыздар болот", - деп белгиледи ал.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев менен өкмөт мүчөлөрү Бишкекте коюлган "Раймалы менен Бегимай" этномюзиклына барды. Чыңгыз Айматовдун чыгармасы боюнча коюлган этномюзикл элге 22-февралдан 28-февралга чейин Улуттук филармонияда тартууланды.Мюзиклда бири-бирин чын дилинен сүйгөн ашыктар Раймалы менен Бегимайга болгон элдин сүймөнчүлүгүнө карабастан, залимдиги башынан ашкан бир ууч түркөй коомдун курмандыгы болгон татаал тагдыры чагылдырылган. Долбоордун автору жана жетекчиси — КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, ал эми либреттосун КР эл акыны Аалы Туткучев жазган. Режиссеру — Умар Кадыров.
Өлкө аймагында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүп, автобус менен маршрутканын 2 630 айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Айып пулдун жалпы суммасы 4 миллион 182 миң сомду түзгөн. Бул — эки күндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы. Жол милициясы катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкеге чыгып, туура эмес жерден токтоп, ашыкча киши салган айдоочулар жазаланганын билдирди. Ошондой эле айрымдарынын транспорту тиешелүү техникалык талаптарга жооп бербей же документтери жок болуп чыккан. Рейд 3-мартта аяктайт.
АКШ сенатындагы Владимир Зеленскийдин эң негизги тарапташы Линдси Грэм* Украина менен мамилени жакшыртуу эмгеги текке кеткенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Грэм Ак үйдөгү жаңжалга мындай комментарий берген: Зеленскийдин жүрүм-турумун сынга алып, АКШ менен Украинанын мамилесин жакшыртуу үчүн көп адамдын эмгеги текке кеткенин белгиледи; Грем Зеленскийди мындан кийин өзүнүн “иштеги өнөктөшү” катары көргүсү келбегенин айткан; бул жолугушуудан кийин АКШнын Украинага жардам берери күмөн; Зеленский Трамп менен вице-президентке кылган мамилеси үчүн кечирим сурап, америкалыктарга жардамы үчүн аз да болсо ыраазы болушу керек; Зеленский менен Трамптын Вашингтондо болгон жолугушуусу уруш менен аяктаган. ЖМКлардын айтымында, сый-урмат сезилбей калгандан кийин Трамп Зеленскийди “кубалап” чыккан. Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюу токтотулган.
Asman Airlines авиакомпаниясы Кербен шаарына алгачкы коммерциялык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, учуу убактысы 35 мүнөткө созулду. Авиабилеттин баасы 3600 сомдон башталат. "Жүргүнчүлөргө Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун "Кербен" аймактык аэропортуна тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми Бишкек – Кербен – Бишкек багыты боюнча каттамдар ар ишемби сайын аткарылат. Авиабилеттин баасы 3600 сомдон башталат. Билеттерди расмий asmanairlines.kg веб сайтынан жана "Asman Airlines" мобилдик тиркемесинен сатып алсаңыздар болот", - деп белгиледи ал.Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев менен өкмөт мүчөлөрү Бишкекте коюлган "Раймалы менен Бегимай" этномюзиклына барды. Чыңгыз Айматовдун чыгармасы боюнча коюлган этномюзикл элге 22-февралдан 28-февралга чейин Улуттук филармонияда тартууланды.Мюзиклда бири-бирин чын дилинен сүйгөн ашыктар Раймалы менен Бегимайга болгон элдин сүймөнчүлүгүнө карабастан, залимдиги башынан ашкан бир ууч түркөй коомдун курмандыгы болгон татаал тагдыры чагылдырылган. Долбоордун автору жана жетекчиси — КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, ал эми либреттосун КР эл акыны Аалы Туткучев жазган. Режиссеру — Умар Кадыров.Өлкө аймагында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүп, автобус менен маршрутканын 2 630 айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Айып пулдун жалпы суммасы 4 миллион 182 миң сомду түзгөн. Бул — эки күндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы. Жол милициясы катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкеге чыгып, туура эмес жерден токтоп, ашыкча киши салган айдоочулар жазаланганын билдирди. Ошондой эле айрымдарынын транспорту тиешелүү техникалык талаптарга жооп бербей же документтери жок болуп чыккан. Рейд 3-мартта аяктайт.АКШ сенатындагы Владимир Зеленскийдин эң негизги тарапташы Линдси Грэм* Украина менен мамилени жакшыртуу эмгеги текке кеткенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Грэм Ак үйдөгү жаңжалга мындай комментарий берген: Зеленскийдин жүрүм-турумун сынга алып, АКШ менен Украинанын мамилесин жакшыртуу үчүн көп адамдын эмгеги текке кеткенин белгиледи; Грем Зеленскийди мындан кийин өзүнүн “иштеги өнөктөшү” катары көргүсү келбегенин айткан; бул жолугушуудан кийин АКШнын Украинага жардам берери күмөн; Зеленский Трамп менен вице-президентке кылган мамилеси үчүн кечирим сурап, америкалыктарга жардамы үчүн аз да болсо ыраазы болушу керек; Зеленский менен Трамптын Вашингтондо болгон жолугушуусу уруш менен аяктаган. ЖМКлардын айтымында, сый-урмат сезилбей калгандан кийин Трамп Зеленскийди “кубалап” чыккан. Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюу токтотулган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092386530_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9dbd29358b2e2993cac5e3bf6b2f46f9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио