https://sputnik.kg/20250302/1092389444.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентропродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана... 02.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-02T13:00+0600
2025-03-02T13:00+0600
2025-03-02T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092389312_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4684c37c1a1042132a549426616ea515.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентропродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана модернизациялоого багытталган жаңы каржылоо келишимин түзүштү. Фонддун маалыматы боюнча, бул 2017-жылдан бери компания менен кызматташуунун алкагында колдоого алынган төртүнчү долбоор. “Компания фонддун колдоосу менен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн ийгиликтүү моделин көрсөтүүдө. Чакан жашылча кампасынан баштаган “Кыргызцентрпродукт” Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын экспорттоочулардын бирине айланды”, - деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания тоңдурулган продукциясынын 90%ын Россияга, 5%ын Казакстанга жеткирип, калган 5%ын ички рынокко сатууда.
Өлкө аймагында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүп, автобус менен маршрутканын 2 630 айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Айып пулдун жалпы суммасы 4 миллион 182 миң сомду түзгөн. Бул — эки күндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы. Жол милициясы катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкеге чыгып, туура эмес жерден токтоп, ашыкча киши салган айдоочулар жазаланганын билдирди. Ошондой эле айрымдарынын транспорту тиешелүү техникалык талаптарга жооп бербей же документтери жок болуп чыккан.
Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп, 30 миң доллар байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, мелдеш 1-мартта Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорттук комплексинде өткөн. Анда Суперкубок үчүн "Абдыш-Ата" футболдук клубу жана 2024-жылкы өлкө кубогунун ээси "Мурас Юнайтед" кез келген. Жыйынтыгында канттык клуб күчтүүлүк кылып, оюн 4:3 эсеби менен аяктаган. "Абдыш-Ата" клубу Суперкубокту жеңгендиги үчүн 30 000 доллар сыйлык алды.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жана анын жакын санаалаштары үчүн Ак үйдөгү жаңжал күтүүсүз болбогонун РИА Новости Axios басылмасына таянып жазды. "Зеленский сүйлөшүүнүн башында эле эки олуттуу ката кетирген. Биринчи ирет 15-февралда кен байлыктар боюнча жашыруун талкууланган келишимди элге мыскылдап айтып чыгып жаза баскан. Экинчи катасы — кийими. Зеленский сүйлөшүүгө талаптагыдай костюм кийип келген эмес. Муну Ак үй кызматкерлери сыйлабастык катары кабыл алышкан. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен эл алдында урушканы Зеленскийдин үчүнчү жана акыркы катасы болду", — жазылат маалыматта. Макалада эки өлкө лидерлеринин бири-бирин кабыл алуудагы айырмачылыгы да кастык элементти шарттаганы айтылат. "Трамп Зеленскийди өлкөнү жеңилүүгө алып бара жаткан дардаңке деп эсептесе, Зеленский Трампты Россияны жактаган, Украинаны ага багынып берүүгө мажбурлай турган келесоо катары көргөн", — деп жазылат макалада. Жакында эле Вашингтондо Трамп, АКШнын вице-президенти Вэнс жана Зеленскийдин жолугушуусу болуп, ал уруш-талаш менен аяктаган.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентропродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана модернизациялоого багытталган жаңы каржылоо келишимин түзүштү. Фонддун маалыматы боюнча, бул 2017-жылдан бери компания менен кызматташуунун алкагында колдоого алынган төртүнчү долбоор. “Компания фонддун колдоосу менен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн ийгиликтүү моделин көрсөтүүдө. Чакан жашылча кампасынан баштаган “Кыргызцентрпродукт” Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын экспорттоочулардын бирине айланды”, - деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания тоңдурулган продукциясынын 90%ын Россияга, 5%ын Казакстанга жеткирип, калган 5%ын ички рынокко сатууда. Өлкө аймагында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүп, автобус менен маршрутканын 2 630 айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Айып пулдун жалпы суммасы 4 миллион 182 миң сомду түзгөн. Бул — эки күндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы. Жол милициясы катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкеге чыгып, туура эмес жерден токтоп, ашыкча киши салган айдоочулар жазаланганын билдирди. Ошондой эле айрымдарынын транспорту тиешелүү техникалык талаптарга жооп бербей же документтери жок болуп чыккан. Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп, 30 миң доллар байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, мелдеш 1-мартта Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорттук комплексинде өткөн. Анда Суперкубок үчүн "Абдыш-Ата" футболдук клубу жана 2024-жылкы өлкө кубогунун ээси "Мурас Юнайтед" кез келген. Жыйынтыгында канттык клуб күчтүүлүк кылып, оюн 4:3 эсеби менен аяктаган. "Абдыш-Ата" клубу Суперкубокту жеңгендиги үчүн 30 000 доллар сыйлык алды. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жана анын жакын санаалаштары үчүн Ак үйдөгү жаңжал күтүүсүз болбогонун РИА Новости Axios басылмасына таянып жазды. "Зеленский сүйлөшүүнүн башында эле эки олуттуу ката кетирген. Биринчи ирет 15-февралда кен байлыктар боюнча жашыруун талкууланган келишимди элге мыскылдап айтып чыгып жаза баскан. Экинчи катасы — кийими. Зеленский сүйлөшүүгө талаптагыдай костюм кийип келген эмес. Муну Ак үй кызматкерлери сыйлабастык катары кабыл алышкан. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен эл алдында урушканы Зеленскийдин үчүнчү жана акыркы катасы болду", — жазылат маалыматта. Макалада эки өлкө лидерлеринин бири-бирин кабыл алуудагы айырмачылыгы да кастык элементти шарттаганы айтылат. "Трамп Зеленскийди өлкөнү жеңилүүгө алып бара жаткан дардаңке деп эсептесе, Зеленский Трампты Россияны жактаган, Украинаны ага багынып берүүгө мажбурлай турган келесоо катары көргөн", — деп жазылат макалада. Жакында эле Вашингтондо Трамп, АКШнын вице-президенти Вэнс жана Зеленскийдин жолугушуусу болуп, ал уруш-талаш менен аяктаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092389312_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_98a3b4afd3d89ee1a1541b3721259364.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио