00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Политика США в регионе: что изменится после ухода USAID? Беседа с экспертами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Ишеним телефонуна ата-энесинен колдоо же ишеним таба албаган балдар көп кабарлашат
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кыргызстан на «Продэкспо-2025»: как кыргызским предпринимателям расширить экспорт в страны ЕАЭС?
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Авитаминоз: Жазга карата витаминдерди кантип туура тандайбыз?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От агрокредитов до цифровых решений: новый курс «Айыл Банка»
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Сырдуу Самарканд» тасмасында кандай сырлар катылган?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Путь к ЧМ-2026: какие шансы у сборной Кыргызстана?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ишеним телефонуна ата-энесинен колдоо же ишеним таба албаган балдар көп кабарлашат
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга адвокаттар тартылууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү менен биргеликте жумушчу жыйын өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө адвокаттар өлкөнүн бардык мектептеринде ачык сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүү демилгесин көтөрүшүп, мектепте билим берүүгө адвокаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Демилгенин алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин бекитилген графигине ылайык лекцияларды жана ачык сабактарды өткөрүү, мектептерге аймактык негизде адвокаттарды бекитүү каралды. Коллегиянын мүчөлөрү билим берүү уюмдарындагы мектеп рэкетчилиги жана буллинг көйгөйлөрүн чечүү үчүн окуучулар менен гана эмес, алардын ата-энелери менен да өз ара аракеттенүүгө юристтерди тартуу зарыл деп эсептешет. Эми бул маселени чечүүгө юристтер катыша баштайт.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентрпродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана модернизациялоого багытталган жаңы каржылоо келишимин түзүштү. Фонддун маалыматы боюнча, бул 2017-жылдан бери компания менен кызматташуунун алкагында колдоого алынган төртүнчү долбоор. “Компания фонддун колдоосу менен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн ийгиликтүү моделин көрсөтүүдө. Чакан жашылча кампасынан баштаган “Кыргызцентрпродукт” Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын экспорттоочулардын бирине айланды”, - деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания тоңдурулган продукциясынын 90%ын Россияга, 5%ын Казакстанга жеткирип, калган 5%ын ички рынокко сатууда.
Балбан Раззак Бейшекеев Албаниядагы рейтингдик мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Турнир Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат. Анда Раззак Бейшекеев алтын утса, Айпери Медет кызы менен балбан Дөөлөтбек Чойбеков күмүш медаль алган. Ал эми 63 килограммга чейинки салмакта Баяман Апилов коло медалга ээ болгон.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жана анын жакын санаалаштары үчүн Ак үйдөгү жаңжал күтүүсүз болбогонун РИА Новости Axios басылмасына таянып жазды. "Зеленский сүйлөшүүнүн башында эле эки олуттуу ката кетирген. Биринчи ирет 15-февралда кен байлыктар боюнча жашыруун талкууланган келишимди элге мыскылдап айтып чыгып жаза баскан. Экинчи катасы — кийими. Зеленский сүйлөшүүгө талаптагыдай костюм кийип келген эмес. Муну Ак үй кызматкерлери сыйлабастык катары кабыл алышкан. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен эл алдында урушканы Зеленскийдин үчүнчү жана акыркы катасы болду", — жазылат маалыматта. Макалада эки өлкө лидерлеринин бири-бирин кабыл алуудагы айырмачылыгы да кастык элементти шарттаганы айтылат. "Трамп Зеленскийди өлкөнү жеңилүүгө алып бара жаткан дардаңке деп эсептесе, Зеленский Трампты Россияны жактаган, Украинаны ага багынып берүүгө мажбурлай турган келесоо катары көргөн", — деп жазылат макалада.
Жаңылыктар түрмөгү
0