https://sputnik.kg/20250302/rossiya-sergej-lavrov-donald-tramp-kyzmattashuu-1092394803.html
Лавров: Трамп тынчтыкты, ал эми Европа “банкеттин уланышын” каалайт
Лавров: Трамп тынчтыкты, ал эми Европа “банкеттин уланышын” каалайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тынчтыкты каалай турганын түз эле айтууда, ал эми Европа “банкеттин согуш түрүндө... 02.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-02T18:54+0600
2025-03-02T18:54+0600
2025-03-05T11:57+0600
дүйнөдө
россия
акш
сергей лавров
дональд трамп
кызматташуу
европа
https://sputnik.kg/img/07e8/03/18/1083697247_0:59:3293:1911_1920x0_80_0_0_2033b14ff92cf88bf405bc101f453c7b.jpg
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тынчтыкты каалай турганын түз эле айтууда, ал эми Европа “банкеттин согуш түрүндө уланышын” талап кылып жатат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды. Министр АКШга Жо Байденден кийин акыл калчап ой жүгүртүүнү каалагандар бийликке келгенин белгилеген.Министр акыркы беш кылымдагы дүйнөдөгү бардык трагедиялар Европадан башталганына же болбосо Европанын саясатынын кесепетинен болуп келе жатканына көңүл бурган. Анын айтымында, америкалыктар мында кандайдыр бир чагымчы же "от тутандыргыч” болгон эмес."Европалык лидерлердин планы Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү — бул бетпактык, киевдик режимди Россияга каршы согушка көкүтүү. Биринчиден, бизден эч ким эч нерсе сураган жок. Президент Дональд Трамп баарын түшүнүп турат. Ал согуш качан жөнгө салынары тууралуу кеп кылууга азыр эрте экенин айтып, "бул маселени талкууласаңар болот, бирок тараптардын макулдугу керек" деди. Туура айтат" , — деп белгилеген ал.Ошондой эле тышкы иштер министри Москва менен Вашингтон эч качан бирдей ойлоно албайт турганын, эки тарап Эр-Рияддагы жолугушуусунда муну моюндашканын белгиледи. Анткен менен жоопкерчиликтүү державалар ошол кызыкчылыктар дал келбей калганда карама-каршылыктардын тирешүүгө айланып кетишине жол бербөөгө милдеттүү.Ошондой эле Эр-Рияддагы жолугушуу алдын ала даярдалбаганын билдирген.“Президенттер Дональд Трамптын демилгеси менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Трамп Россия менен мамилени үзгөн эмес, муну мурдагы президент Жозеф Байдендин администрациясы жасаган. Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн алдында Трамп Россияга өзүнүн жакын кеңешчилерин жөнөткөн. Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда анын сунушу менен Эр-Риядда жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. Үч күн өтүп биз аталган шаарга учуп кеттик. Ошондуктан ага эч кандай алдын ала даярдык көрүлгөн эмес. Эки тараптын алдын ала даярдыгы деген мааниде айтып жатам. Албетте, ар бир команда өзүнчө даярданды, бизде ТИМ, аларда мамдепартамент", — деген министр.Мындан тышкары, Эр-Риядда өткөн сүйлөшүүлөрдү Лавров “эки делегациянын кадыресе сүйлөшүүсү болду” деп сыпаттап, бирок батыштык өнөктөштөрдүн Байдендин мөөнөтүндөгү түрдүү аракеттеринен улам адаттагы көрүнүштөр сенсация катары каралып калган деген оюн кошумчалаган.Лавров АКШ президенти Дональд Трамптын командасынын өкүлдөрү Россия менен бирдей шартта диалог жүргүзүүдө деп билдирген."Алар (Трамптын командасынын мүчөлөрү — ред.) бизди башкарбайт жана биз аларга буйрук берип сүйлөбөйбүз. Эки чоң өлкө кайсы иштер туура эмес жасалганын талкуулап, мурдагы президенти бардык байланыштарды жок кылып, көптөгөн санкцияларды киргизип, андан кийин америкалык компанияларды кууп чыгып, жүздөгөн миллиард долларлык жоготууларга учуратып, төрт жылда бузуп кеткен нерселерин сүйлөшүү үчүн отурду", — деп белгилеген Лавров.
https://sputnik.kg/20250302/stramer-zelenskijden-ak-ujgo-kajra-baruunu-surangan-1092390641.html
акш
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/18/1083697247_236:0:2967:2048_1920x0_80_0_0_54d8e21bc31e751e2d52cbda768e5631.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, сергей лавров, дональд трамп, кызматташуу, европа
дүйнөдө, россия, акш, сергей лавров, дональд трамп, кызматташуу, европа
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тынчтыкты каалай турганын түз эле айтууда, ал эми Европа “банкеттин согуш түрүндө уланышын” талап кылып жатат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров айтканын
РИА Новости жазды.
Министр АКШга Жо Байденден кийин акыл калчап ой жүгүртүүнү каалагандар бийликке келгенин белгилеген.
“Алар түздөн-түз согушту бүтүрүп, тынчтыктын орношун каалай турганын айтышууда. Согуш түрүндөгү "банкеттин уланышын" кимдер талап кылууда? Европа", — деген Лавров "Красная звезда" медиахолдингине курган маегинде.
Министр акыркы беш кылымдагы дүйнөдөгү бардык трагедиялар Европадан башталганына же болбосо Европанын саясатынын кесепетинен болуп келе жатканына көңүл бурган. Анын айтымында, америкалыктар мында кандайдыр бир чагымчы же "от тутандыргыч” болгон эмес.
"Европалык лидерлердин планы Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү — бул бетпактык, киевдик режимди Россияга каршы согушка көкүтүү. Биринчиден, бизден эч ким эч нерсе сураган жок. Президент Дональд Трамп баарын түшүнүп турат. Ал согуш качан жөнгө салынары тууралуу кеп кылууга азыр эрте экенин айтып, "бул маселени талкууласаңар болот, бирок тараптардын макулдугу керек" деди. Туура айтат" , — деп белгилеген ал.
Ошондой эле тышкы иштер министри Москва менен Вашингтон эч качан бирдей ойлоно албайт турганын, эки тарап Эр-Рияддагы жолугушуусунда муну моюндашканын
белгиледи. Анткен менен жоопкерчиликтүү державалар ошол кызыкчылыктар дал келбей калганда карама-каршылыктардын тирешүүгө айланып кетишине жол бербөөгө милдеттүү.
"Дүйнөлүк саясатта окшош ойлоно албастыгыбызды америкалыктар да моюндашты. Кызыкчылыктарыбыз дал келген учурда ойлонуп иш кылган киши бул кызыкчылыктарды ишке ашырып, эки тараптуу пайда көрүү керектигин түшүнөт. Ал эми кызыкчылыктарыбыз дал келбей калган учурда державалардын милдети – дал келишпестикти карама-каршылыктарга айландырып жибербөө. Бул толугу менен биздин позиция менен үндөшүп турат", – деп кошумчалаган Лавров маегинде.
Ошондой эле Эр-Рияддагы жолугушуу алдын ала даярдалбаганын билдирген.
“Президенттер Дональд Трамптын демилгеси менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Трамп Россия менен мамилени үзгөн эмес, муну мурдагы президент Жозеф Байдендин администрациясы жасаган. Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн алдында Трамп Россияга өзүнүн жакын кеңешчилерин жөнөткөн. Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда анын сунушу менен Эр-Риядда жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. Үч күн өтүп биз аталган шаарга учуп кеттик. Ошондуктан ага эч кандай алдын ала даярдык көрүлгөн эмес. Эки тараптын алдын ала даярдыгы деген мааниде айтып жатам. Албетте, ар бир команда өзүнчө даярданды, бизде ТИМ, аларда мамдепартамент", — деген министр.
Мындан тышкары, Эр-Риядда өткөн сүйлөшүүлөрдү Лавров “эки делегациянын кадыресе сүйлөшүүсү болду” деп сыпаттап, бирок батыштык өнөктөштөрдүн Байдендин мөөнөтүндөгү түрдүү аракеттеринен улам адаттагы көрүнүштөр сенсация катары каралып калган деген оюн кошумчалаган.
Лавров АКШ президенти Дональд Трамптын командасынын өкүлдөрү Россия менен бирдей шартта диалог жүргүзүүдө деп билдирген.
"Алар (Трамптын командасынын мүчөлөрү — ред.) бизди башкарбайт жана биз аларга буйрук берип сүйлөбөйбүз. Эки чоң өлкө кайсы иштер туура эмес жасалганын талкуулап, мурдагы президенти бардык байланыштарды жок кылып, көптөгөн санкцияларды киргизип, андан кийин америкалык компанияларды кууп чыгып, жүздөгөн миллиард долларлык жоготууларга учуратып, төрт жылда бузуп кеткен нерселерин сүйлөшүү үчүн отурду", — деп белгилеген Лавров.