https://sputnik.kg/20250302/vashington-kiev-donald-tramp-vladimir-zelenskij-kechirim-1092388295.html
ЖМК: Трамптын администрациясы Зеленскийдин кечирим суроосун каалайт
ЖМК: Трамптын администрациясы Зеленскийдин кечирим суроосун каалайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин эл алдында кечирим суроосун... 02.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-02T13:16+0600
2025-03-02T13:16+0600
2025-03-05T12:03+0600
дүйнөдө
вашингтон
дональд трамп
киев
владимир зеленский
кечирим
https://sputnik.kg/img/07e8/07/14/1087187730_0:46:3072:1774_1920x0_80_0_0_d2a7089d34b237771b57c5cbaad828c6.jpg
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин эл алдында кечирим суроосун каалайт. Бул тууралуу Bloomberg европалык аты аталбаган аткаминердин айткандарына таянып жазганын РИА Новости жарыялады. Эске салсак, Трамп менен Зеленский Вашингтондо жума күнү жолугушуп, анда пикир келишпестиктер жаралган. Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, экөө айтыша кеткенден кийин Трамп Зеленскийди аны сыйлабагандыгы үчүн "залдан чыгарып салган". Мындай жагдайдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сейрек кездешүүчү металлдар боюнча Вашингтон менен Киевдин ортосундагы келишимге кол коюу жокко чыгарылган.Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио CNN телеканалына курган маегинде Зеленскийди Трамп менен жолугушуудан кийин кечирим суроого чакырган.
https://sputnik.kg/20250301/-aksh-kiev-tramp-zelenskij-1092376843.html
вашингтон
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/14/1087187730_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_703041178d9f6f430b833155475e4022.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, вашингтон, дональд трамп, киев, владимир зеленский, кечирим
дүйнөдө, вашингтон, дональд трамп, киев, владимир зеленский, кечирим
ЖМК: Трамптын администрациясы Зеленскийдин кечирим суроосун каалайт
13:16 02.03.2025 (Жаңыртылды: 12:03 05.03.2025) БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин эл алдында кечирим суроосун каалайт. Бул тууралуу Bloomberg европалык аты аталбаган аткаминердин айткандарына таянып жазганын
РИА Новости жарыялады.
Эске салсак, Трамп менен Зеленский Вашингтондо жума күнү жолугушуп, анда пикир келишпестиктер
жаралган. Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, экөө айтыша кеткенден кийин Трамп Зеленскийди аны сыйлабагандыгы үчүн "залдан чыгарып салган". Мындай жагдайдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сейрек кездешүүчү металлдар боюнча Вашингтон менен Киевдин ортосундагы келишимге кол коюу жокко чыгарылган.
"Трамптын администрациясы мамилени оңдоо үчүн Зеленскийдин эл алдында кечирим суроосун каалай турганын ачык эле айтты", — деп жазылат маалыматта.
Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио CNN телеканалына курган маегинде Зеленскийди Трамп менен жолугушуудан кийин кечирим суроого чакырган.