https://sputnik.kg/20250312/grigoriy-vyglazov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092592271.html
Григорий Выглазов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Григорий Выглазов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кезектеги кыргызстандык тууралуу баяндоосун... 12.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-12T20:04+0600
2025-03-12T20:04+0600
2025-03-12T20:04+0600
ссср
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
эскерүү
курман болду
мектеп
григорий выглазов
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_06e7868e429cf0d7ad267e14b46b94d6.jpg
Ефрейтор Григорий ВыглазовАл 1919-жылы Шайдурово кыштагында (Новосибирск облусундагы Сузун району) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктаган соң колхоздо, андан сырткары, атасы менен токой өнөр жайында иштеп, аңчылык кылган.1930-жылдары Кыргыз ССРинин Ош облусуна көчүп келишкен. 1939-жылы Гүлчө аскер комиссариаты тарабынан Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат.Аба-десант күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1942-жылдын майынан тарта ефрейтор Григорий Выглазов Улуу Ата Мекендик согушка кирген. Ал Түндүк Кавказ фронтунун чалгын бөлүгүнүн парашютчулар батальонундагы бөлүмдү жетектеген. Керчь жарым аралындагы согушта өзгөчөлөнгөн. 1942-жылдын 12-16-майында немец-румын аскерлеринин чабуул койгон "Охота на дроф" операциясынын учурунда бир нече ирет чалгынга барган. Душмандарга чукул чабуул коюп, алардын кол салышын кечеңдетчү баалуу маалыматтарды топтогон.16-майда немис аскерлери чабуул коюп, Крымдан чыгууга аракет кылган советтик бөлүктөрдүн Еникале жана Опасное аркылуу өтүшүнө жол бербөөнү көздөгөн. Өйдөдөн, 154,0 метрден (Темиров тоосу) советтик десантчылар (парашютисттер) душманга каршы контрчабуул жасап, жоокерлерди кое берүүгө аргасыз кылат. Согушта взводдун курман болгон командиринин ордуна жоокерлерди баштаган. Десантчылардын позициясына танка менен чабуул коюлганда жалгыз өзү күйүүчү зат куюлган бөтөлкө менен үч танканы күйгүзүп, калгандарын артка кайтууга аргасыз кылган. Ал эми жекеме-жеке кармашта душмандын 20 аскерин жок кылып, тилекке каршы, өзү да курман болгон. Выглазов жана анын десантчылары Тамань жарым аралында эвакуацияны камсыздап, душманды токтотуп турган.Каарман жоокердин сөөгү Темиров тоосунун аймагындагы Баксы (азыркы Глазовка) кыштагынан түндүк-батышты көздөй кеткен жерге коюлган.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 22-февралда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" ефрейтор Григорий Выглазовго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган.Новосибирск облусундагы, Крымдагы кыштакка, Шайдуров айылындагы мектепке Григорий Выглазовдун ысымы ыйгарылып, аталган билим жайында музейи ачылган. Аты Новосибирск шаарындагы Даңк монументинин жанындагы Баатырлар аллеясында түбөлүккө калтырылган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250311/sadyk-ali-nazarov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092562473.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c3499a8357e7384df52eb4d770bf8d72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, эскерүү, курман болду, мектеп, григорий выглазов
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, эскерүү, курман болду, мектеп, григорий выглазов
Григорий Выглазов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кезектеги кыргызстандык тууралуу баяндоосун улантат.
Ефрейтор Григорий Выглазов
Ал 1919-жылы Шайдурово кыштагында (Новосибирск облусундагы Сузун району) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктаган соң колхоздо, андан сырткары, атасы менен токой өнөр жайында иштеп, аңчылык кылган.
1930-жылдары Кыргыз ССРинин Ош облусуна көчүп келишкен. 1939-жылы Гүлчө аскер комиссариаты тарабынан Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат.
Аба-десант күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1942-жылдын майынан тарта ефрейтор Григорий Выглазов Улуу Ата Мекендик согушка кирген. Ал Түндүк Кавказ фронтунун чалгын бөлүгүнүн парашютчулар батальонундагы бөлүмдү жетектеген. Керчь жарым аралындагы согушта өзгөчөлөнгөн. 1942-жылдын 12-16-майында немец-румын аскерлеринин чабуул койгон "Охота на дроф" операциясынын учурунда бир нече ирет чалгынга барган. Душмандарга чукул чабуул коюп, алардын кол салышын кечеңдетчү баалуу маалыматтарды топтогон.
16-майда немис аскерлери чабуул коюп, Крымдан чыгууга аракет кылган советтик бөлүктөрдүн Еникале жана Опасное аркылуу өтүшүнө жол бербөөнү көздөгөн. Өйдөдөн, 154,0 метрден (Темиров тоосу) советтик десантчылар (парашютисттер) душманга каршы контрчабуул жасап, жоокерлерди кое берүүгө аргасыз кылат. Согушта взводдун курман болгон командиринин ордуна жоокерлерди баштаган. Десантчылардын позициясына танка менен чабуул коюлганда жалгыз өзү күйүүчү зат куюлган бөтөлкө менен үч танканы күйгүзүп, калгандарын артка кайтууга аргасыз кылган. Ал эми жекеме-жеке кармашта душмандын 20 аскерин жок кылып, тилекке каршы, өзү да курман болгон. Выглазов жана анын десантчылары Тамань жарым аралында эвакуацияны камсыздап, душманды токтотуп турган.
Каарман жоокердин сөөгү Темиров тоосунун аймагындагы Баксы (азыркы Глазовка) кыштагынан түндүк-батышты көздөй кеткен жерге коюлган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 22-февралда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" ефрейтор Григорий Выглазовго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган.
Новосибирск облусундагы, Крымдагы кыштакка, Шайдуров айылындагы мектепке Григорий Выглазовдун ысымы ыйгарылып, аталган билим жайында музейи ачылган. Аты Новосибирск шаарындагы Даңк монументинин жанындагы Баатырлар аллеясында түбөлүккө калтырылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.