https://sputnik.kg/20250312/kyrgyzstan-tazhikstandyn-chek-arasy-achylat-1092602674.html
4 жыл жабык турган. Эртең Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын ачат
4 жыл жабык турган. Эртең Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын ачат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Эртең, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачыла турганын Баткен облусунун бийлигинен тастыкташты. 12.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-12T21:40+0600
2025-03-12T21:40+0600
2025-03-12T22:01+0600
кыргызстан
тажикстан
чек ара
ачылыш
баткен
лейлек
садыр жапаров
эмомали рахмон
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1c/1083789067_0:66:1280:786_1920x0_80_0_0_34fc56441f01e083413b97d85b451e71.jpg
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Эртең, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачыла турганын Баткен облусунун бийлигинен тастыкташты.Лейлек районундагы "Кайрагач" жана Баткен районундагы "Кызыл-Бел" чек ара (көзөмөл) өткөрүү жайынын расмий ачылышы эртең болору айтылды. Ага президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон аралыктан катышмакчы.Эске салсак, мамлекеттердин чек арасы 2021-жылы майда болгон биринчи кандуу кагылыштан кийин жабылган.Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Мамлекеттик сапардын алкагында эртең мамлекет башчылар өз ара кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20250304/kyrgyzstan-tazhikstan-sooda-zhugurtuu-1092427093.html
тажикстан
баткен
лейлек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1c/1083789067_72:0:1208:852_1920x0_80_0_0_084e968eb2bfa066fb7040ed64c1be22.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тажикстан, чек ара, ачылыш, баткен, лейлек, садыр жапаров, эмомали рахмон
кыргызстан, тажикстан, чек ара, ачылыш, баткен, лейлек, садыр жапаров, эмомали рахмон
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Эртең, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачыла турганын Баткен облусунун бийлигинен тастыкташты.
Лейлек районундагы "Кайрагач" жана Баткен районундагы "Кызыл-Бел" чек ара (көзөмөл) өткөрүү жайынын расмий ачылышы эртең болору айтылды. Ага президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон аралыктан катышмакчы.
Эске салсак, мамлекеттердин чек арасы 2021-жылы майда болгон биринчи кандуу кагылыштан кийин жабылган.
Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен
келди. Мамлекеттик сапардын алкагында эртең мамлекет башчылар өз ара кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.