Кыргызстан менен Тажикстан сооданы 500 млн. долларга жеткирүүнү талкуулады
13:03 04.03.2025 (Жаңыртылды: 13:04 04.03.2025)
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Улукбек ШамбетовМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Улукбек Шамбетов
Жазылуу
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Адылбек Касымалиев менен Кохир Расулзоданын тар чөйрөдөгү жолугушуусунда айтылганын өкмөт билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 4-мартта, Касымалиев Душанбеге бир күндүк жумушчу сапары менен барды.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Улукбек ШамбетовРабочий визит главы кабмина Адылбека Касымалиева в Таджикистан

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Улукбек Шамбетов
"Кыргыз тарап Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна жеткирүү үчүн эффективдүү звено катары чыгууга даяр экенин тастыктады. Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жаатында Тажикстандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулган. Тараптар эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселесине да басым жасашты.