https://sputnik.kg/20250316/1092672484.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда энеси менен бараткан балдарды унаа сүзүп, 5 жашар кыз чарчап калдыАКШ Йемендеги хуситтерге каршы ири масштабдуу операция баштады. Учурдагы... 16.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-16T13:00+0600
2025-03-16T13:00+0600
2025-03-16T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/10/1092672352_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6ac9831e691c5a536fc927c3434ca0e8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда энеси менен бараткан балдарды унаа сүзүп, 5 жашар кыз чарчап калдыАКШ Йемендеги хуситтерге каршы ири масштабдуу операция баштады. Учурдагы абалБүгүн Бишкектен Худжантка алгачкы техникалык рейс учат. Алдыда кененирээкAsman аirlines авиакомпаниясы бүгүн Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча алгачкы техникалык каттам аткарат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, жума күнү Душанбеден «Сомон Эйр» учагы «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон. “Каттамды кайра жандандыруу эки өлкөнүн президенттеринин аракетинин жана жеке колдоосунун аркасында мүмкүн болду”-,деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад шаарында жол кырсыгынан кийин беш жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 21:00дөр чамасында болгон. "Тротуарда энеси менен келе жаткан үч жана беш жаштагы балдарды BMW сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Кырсыктан эки бала жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кичинекей кыз окуя болгон жерде каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле 25 жаштагы айдоочу табылып, убактылуу кармоочу жайга камалганын кошумчалашты.
Бишкекте биринчи жазгы ишембилик өтүп, анда 300 тоннадан ашык таштанды чогултулду. Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө 353,5 тоннадан ашык таштанды жыйналды. Аны чыгарууга 95 даана атайын техника тартылган. Белгилей кетсек, тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 580 мекемеге аймактар бөлүнгөн. Мониторингдин жүрүшүндө ишембиликке 1329 чарбакер субъекттен тышкары, 577 мекеме чыкканы аныкталды. Жалпысынан ишембиликке 35 миң 297 адам катышып, 135,2 га аянт тазтазаланды. Борбор калаанын аймагын жашылдандыруунун алкагында 335 көчөт отургузулду. 217 бак-даракка санитардык бутоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Ала-Арча дарыясынын Семетей көчөсүнөн ЧБЧКга чейинки 1,7 чакырым аралыгы, сугат тармагынын 22530 погон метри тазаланды.
Мектептеги балдар арасындагы зөөкүрлүктү жоюу үчүн ар тараптуу иш жүргүзүү зарыл. Мындай пикирин эксперт Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди."Мектептердеги окуучулардын тартиби 1990-жылдардагыдай эле болгону калды. Ылдыйкы класстардан массалык акча чогултуу же аларды "тарбиялоо" башталганда сабакты калтыргандар көбөйө баштайт. Мугалимдер ушундан эле түшүнөбүз. Мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн мугалимдердин укугун кеңейтишибиз керек. Антпесе демократиялык коом деп отуруп такыр эле либералдык системага кирип кеттик. Мисалы, бала кечигип келсе мугалимдин аны сабакка киргизбей коюуга акысы жок. Класста сабак өтүүгө жолтоо болуп, каалаганын жасап жаткан окуучуларды коридорго чыгарып кое албайт. Керек болсо балдарды ордунан тургузуп сабак сурай албай калдык", — деди Батырбеков. Ал мугалимдердин укугун мыйзам менен коргоо муктаждыгы жаралып калганын белгиледи.
АКШ америкалык кызыкчылыктарды коргоо үчүн Йемендеги "Ансар Алла" (хуситтер) кыймылына каршы ири масштабдуу операция баштаганын өлкөнүн Борборук командачылыгы билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Борбордук командачылыктын күчтөрү Иран тарабынан колдоого алынган Йемендеги хуситтерге каршы ири операциясын баштады", — деп айтылат кабарда. Ишемби күнү хуситтердин жалпы Йемен боюнча жайгашкан объектилерине бир катар сокку урулган. Маалыматта мунун баары "америкалык кызыкчылыкты коргоо, душманды тизгиндөө жана кеме кыймылын жөнгө салуу" үчүн жасалып жатканы айтылды.
Жалал-Абадда энеси менен бараткан балдарды унаа сүзүп, 5 жашар кыз чарчап калдыАКШ Йемендеги хуситтерге каршы ири масштабдуу операция баштады. Учурдагы абалБүгүн Бишкектен Худжантка алгачкы техникалык рейс учат. Алдыда кененирээкAsman аirlines авиакомпаниясы бүгүн Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча алгачкы техникалык каттам аткарат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, жума күнү Душанбеден «Сомон Эйр» учагы «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон. “Каттамды кайра жандандыруу эки өлкөнүн президенттеринин аракетинин жана жеке колдоосунун аркасында мүмкүн болду”-,деп айтылат маалыматта.Жалал-Абад шаарында жол кырсыгынан кийин беш жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 21:00дөр чамасында болгон. "Тротуарда энеси менен келе жаткан үч жана беш жаштагы балдарды BMW сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Кырсыктан эки бала жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кичинекей кыз окуя болгон жерде каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле 25 жаштагы айдоочу табылып, убактылуу кармоочу жайга камалганын кошумчалашты.Бишкекте биринчи жазгы ишембилик өтүп, анда 300 тоннадан ашык таштанды чогултулду. Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө 353,5 тоннадан ашык таштанды жыйналды. Аны чыгарууга 95 даана атайын техника тартылган. Белгилей кетсек, тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 580 мекемеге аймактар бөлүнгөн. Мониторингдин жүрүшүндө ишембиликке 1329 чарбакер субъекттен тышкары, 577 мекеме чыкканы аныкталды. Жалпысынан ишембиликке 35 миң 297 адам катышып, 135,2 га аянт тазтазаланды. Борбор калаанын аймагын жашылдандыруунун алкагында 335 көчөт отургузулду. 217 бак-даракка санитардык бутоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Ала-Арча дарыясынын Семетей көчөсүнөн ЧБЧКга чейинки 1,7 чакырым аралыгы, сугат тармагынын 22530 погон метри тазаланды.Мектептеги балдар арасындагы зөөкүрлүктү жоюу үчүн ар тараптуу иш жүргүзүү зарыл. Мындай пикирин эксперт Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди."Мектептердеги окуучулардын тартиби 1990-жылдардагыдай эле болгону калды. Ылдыйкы класстардан массалык акча чогултуу же аларды "тарбиялоо" башталганда сабакты калтыргандар көбөйө баштайт. Мугалимдер ушундан эле түшүнөбүз. Мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн мугалимдердин укугун кеңейтишибиз керек. Антпесе демократиялык коом деп отуруп такыр эле либералдык системага кирип кеттик. Мисалы, бала кечигип келсе мугалимдин аны сабакка киргизбей коюуга акысы жок. Класста сабак өтүүгө жолтоо болуп, каалаганын жасап жаткан окуучуларды коридорго чыгарып кое албайт. Керек болсо балдарды ордунан тургузуп сабак сурай албай калдык", — деди Батырбеков. Ал мугалимдердин укугун мыйзам менен коргоо муктаждыгы жаралып калганын белгиледи.АКШ америкалык кызыкчылыктарды коргоо үчүн Йемендеги "Ансар Алла" (хуситтер) кыймылына каршы ири масштабдуу операция баштаганын өлкөнүн Борборук командачылыгы билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Борбордук командачылыктын күчтөрү Иран тарабынан колдоого алынган Йемендеги хуситтерге каршы ири операциясын баштады", — деп айтылат кабарда. Ишемби күнү хуситтердин жалпы Йемен боюнча жайгашкан объектилерине бир катар сокку урулган. Маалыматта мунун баары "америкалык кызыкчылыкты коргоо, душманды тизгиндөө жана кеме кыймылын жөнгө салуу" үчүн жасалып жатканы айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/10/1092672352_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_690f05b65381e160495e3ad347d992a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио