Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Астана – Шымкент кан жолунун 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышкан. Анын кесепетинен 4 кыргызстандык каза болуп, үчөө Приозерск шаарынын борбордук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алынып келген.