Жамбыл облусунун
Мойынкум районунда Алматы – Екатеринбург автожолунун 487-чакырымында 19-апрелде
ири жол кырсыгы катталды. "Газель-2705" автоунаасы менен
"Мерседес-Бенц Спринтер" микроавтобусу кагышкан. ӨКМдин алдын ала берген
маалыматына ылайык, жол кырсыктан 15тен көп Кыргызстандын жараны каза болгон.