Бул катты жазып жатып энемди, агамдын армияга кеткен учурун жана пионер кездеримди эстедим. Кеп Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылы жана анда өткөн балалыгым туурасында болмокчу. Ал учурларды эстесем кайра айылымда, баягы-ыы кездерде жашап калгым келет.
Кат жазганды жакшы көргөнүм менен энем кары киши болуп, түйшүк үйдө кол арага жараган жалгыз менин мойнума түшүп, убактым жетчү эмес…
Антсе да балалыгымдагы каттарды эстеп көрүүнү туура таптым.
Ааламдын балдары менен кабарлашканда
Азыркы муунга, окуучулар кат жазуу десе, таңгалычтуу, эскинин белгиси катары сезилсе керек…
Энем күткөн кат, жүрөктү ооруткан ирмемдер
Бул азыр да көкүрөгүмдө аздектелип сактаган учурлардын бири. Ал — менин, тагыраагы энем экөөбүздүн армияга кеткен агама жазган катыбыз болучу. Алгач, энем ага “минтип жазасын, аны сурайсың, мындай кылып тизмектейсиң” деп үйрөткөнү эсимде.
Агам армияга кетип, энем экөөбүз чыдамсыздык менен кабар күтөөр элек. Аскерге узаткан уулдарынан, агаларынан кат күтүү азыр көптөргө тааныш болсо керек. Себеби, мен жогоруда айткандай байланыштын бирден-бир куралы кат алышуу эмес беле.
Ошол кездеги энемдин жалгыз уулунан кат күтүп, жолдон почточунун караанын утур-утур караганы эсимден кетпейт
Кызмын да, сезимтал келет эмеспизби, энем көчөгө чыгып калса эле жүрөгүм ооруп “дагы уулунан кат күтүп жатат” деп ойлоно берет элем…
Сезим каттары
Айылым туурасында
Айылыма тез-тез каттап тургум келгени менен, мен өскөн тамда эч ким жашабагандыктан, шартка байланыштуу бара албай сагынып жүрөм. Энемди ээсине бергенбиз, мени ал жакта күткөн киши жок. Андыктан, тез-тез каттай албайм. Антсе да, ушул кат аркылуу Аң-Өстөн айылындагы мени окуткан агай-эжекелериме, жердештериме чын жүрөгүмдөн чыккан саламымды айткым келет. Жакшы каалоолорумду айылдагы аксакалдарга, апаларга жана классташтарыма жолдойм.
Аманчылык каалап, силердин кызыңар Динара Акулова.