Кийин келгенде "сенин каттарыңды окуп алып, үйдө жүргөндөй эле болдук" деп айтып жатышпайбы. Мен балалык кез менен сезбесем да, аларга дем берген каттарды жазып туруптурмун да. Кат десе, ушул окуяны эстедим.
Атамды аяган учурларым. Күрөң уй менен саргыч тайган
Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институнда студент болуп калгандан тарта эми чоң киши катары үйгө өзүм кат жаза баштадым. Азыр баары толук эсимде жок, бирок атам менен апамдын амандыгын сурачумун. Анан "күрөң уй жакшыбы, жылкылар кандай, эртең менен атты ким алып келип берип жатат, мен жок кыйналдыңыз го, ата. Текелүү-Төргө чыктыңызбы, эликтер, кийиктер дагы деле тобу менен оттоп жүрөбү" деген учурлар эсте калыптыр.
Анан мага жакыныраак жаныбарлар бар эле. "Саргыл тайганым жүрөбү, тору атты жакшы минип жатасызбы" деп дайым аларды унутпай сурачумун.
Ортомчулук иш ошондон тарта башталып…
Албетте, бул кат качанкы өткөн мезгилди эстетти да. Атамды, апамды эстедим. Айылдагы бактылуу балалык кез эске түштү.
Мени азыр эки кишини эриктирбейт деп тамашалап калышат эмеспи. Бала кезде эл чогулса эле сүйлөп, чыгармаларды, дастандарды айтып, комуз чертип жиберип, "Манастан" үзүндү аткара коймой жайым бар эле. Кемпир, абышкаларды топтоп алчумун. Алар "алда айланайын ай, тим эле жыргаттың бизди" деп алкап коюп, угуп отурган учурлар эсимде.
Касымалы Жантөшевдин "Каныбек", казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Абай жолу" романын жатка билчүмүн, аны азыркыча айтканда, аудитория боло калса эле көркөм окуп баштачумун. Чыгармадагы Каныбекке канча жыл бою таасирленип жүрдүм… Биз ошол чыгармалар менен чоңойдук да. Журналист болсом деп жүрүп, бирок ал оюм ишке ашпай, башка жол менен кеттим. Азыр деле чыгармачылыкка аралашып калам, бирок эми өзүм үчүн. Эргүү келгенде ыр саптарын токуй коём.
Нарынга кар катуу түшөт эмеспи. Ой, кар күрөчү элек. Эсимде 1969-жылы экен, анда башталгыч класста окуй турганмын, эки метрге чукул кар жаап салды. Колубуз жооругуча, каш карайганча кар күрөгөнүбүз алигиче эсимде.
Мен күткөн жоро менен шерине
Кеч киргенде атам катышкан жоролор мен үчүн эл оозунда айтылган сөздөрдүн жармаңкеси сыяктуу болор эле. Калдайган Мата, Абдубалы, Ысмайыл, Жата, Мүсүр чоң атам аксакалдар бар эле. Кечинде шерине жеп, жоро ичишет. Аксакалдар казганактап отуруп алып илгеркиден кеп салып, дастандарды айтып, сөздөрдү чечмелешчү эле. Кичинекеймин да, атамдын тизесине отуруп алып, кунт коюп аларды укчумун. Мен үчүн жоро, шерине өзүнчө бир сөз майрамы эле. Ал сөздөрдүн жарымын түшүнсөм, жарымын түшүнбөйм деле. Бирок өзүнө тартып турган сөздүн касиети окшобойбу.
Эки-Нарын абдан кооз, тоо курчаган, кереметтүү жер
Ал аймакта Чоң-Капчыгай, Жайлоо-Баш, Текши, Кара-Суу, Айран-Суу, Туюк-Суу, Таман-Карагай деген керемет жайлоолор, тоолор бар. Мен ушул катты окугандарды мүмкүнчүлүк болсо ошол жайлоолордун кооздугун көрүп, суктанып келүүнү сунуштайт элем. Дегеле, кыргызстандыктар өзүбүздүн бир керемет, бир укмуш кооз жерлерибизди көрүп, билип, таанышыбыз лаазым.
Айылдан кол үзбөгүлө
Шаарда туулуп, чоңойгон муундардын айыл менен киндиги туташ болушу керек. Ал биздин тамырыбыз. Киндик кан тамган жерден колду үзбөш керек демекчимин. Биздин кичи мекенибиз — бизди чоң дүйнөгө аттандырган уюткулуу уя. Ошол уябыз ар дайым бакубат, тынч жана бейгам болушун тилейм.