БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанга Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Адхам Икрамов жетектеп келген делегацияны Ош шаарындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайынан биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон аткаминерлер тосуп алды.
Ал жерде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, аталган аймактын жашоочулары, маданият кызматкерлери жана аксакалдар болду.
![Кыргызстанга Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Адхам Икрамов жетектеп келген делегацияны Ош шаарындагы Достук көзөмөл өткөрүү жайынан биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон аткаминерлер тосуп алды. Кыргызстанга Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Адхам Икрамов жетектеп келген делегацияны Ош шаарындагы Достук көзөмөл өткөрүү жайынан биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон аткаминерлер тосуп алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102995/86/1029958622_107:0:1032:581_600x0_80_0_0_46c941ed8840730efe53b57d6624b40b.jpg)
![Ал жерде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, аталган аймактын жашоочулары, маданият кызматкерлери жана аксакалдар болду. Ал жерде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, аталган аймактын жашоочулары, маданият кызматкерлери жана аксакалдар болду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102995/86/1029958617_107:0:1032:581_600x0_80_0_0_e5a3cddcd79b146c4d74561212f5728e.jpg)
![Андан соң Ош шаарынын борбордук аянтында конокторго арналган майрамдык иш-чара башталды. Андан соң Ош шаарынын борбордук аянтында конокторго арналган майрамдык иш-чара башталды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102995/86/1029958612_65:0:990:581_600x0_80_0_0_1c6d904b0e1f3776f7318342d7865a47.jpg)
![Борбордук аянтта 500 комузчу Маш ботой күүсүн аткарып, Ош облустук драма театрларынынын артисттери Манас айтып, улуттук оюн-зоок тартууланды. Борбордук аянтта 500 комузчу Маш ботой күүсүн аткарып, Ош облустук драма театрларынынын артисттери Манас айтып, улуттук оюн-зоок тартууланды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102995/86/1029958602_29:0:954:581_600x0_80_0_0_2e150e052db2509f3ef018382adda93c.jpg)
Андан соң Ош шаарынын борбордук аянтында конокторго арналган майрамдык иш-чара башталды. Борбордук аянтта 500 комузчу "Маш ботой" күүсүн аткарып, Ош облустук драма театрларынынын артисттери "Манас" айтып, улуттук оюн-зоок тартууланды.
Буга чейин Кыргызстандын вице-премьери Абулгазиев баштаган делегация 1-октябрда өзбек тараптын чакыруусу боюнча Анжиян облусуна барган. Анда кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууга алынган. Коомчулукта бул кыргыз-өзбек алакаларынын жакшырышынын желаргысы катары каралган.