БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Британиялык студент өлтүрүлгөн майда жандыктардан кеңсе буюмдарын жасап сатып, аны интернет аркылуу сатып, киреше табууда. Бул туурасында РИА Новости Plymouth Herald гезитине шилтеме кылып кабарлады.
22 жаштагы Жек Дивейни аттуу студенттин айтымында, ал аталган өлкөдөгү Плимут университетинде 3D-дизайны боюнча адистикте окуп жатат. Ал касапканада иштеген тогуз жылда жаныбарлардын терисин сыйырганды үйрөнүп, кайсыл сөөк кайсыл жерде жайгашканын айырмалап калган.
Анын бул идеясы интернеттен айбандын сапатсыз жасалган кебин көргөндөн кийин башталган. Алгач Дивейни тоңдурулган чычкан менен келемиштердин кебин жасап иштеген. Андан кийин андан чоңураактарына — тыйын чычкандарга, коёндорго, момолой чычкандарга өткөн.
Студент берген маегинин биринде бул жаныбарларды чычкан, келемиштерди жок кылган кызматтардан, үйлөрдү саткан менеджерлерден аларын айтып берген.
Анткен менен бул баланын жасаган иштерине ар ким ар кандай мамиле жасады.
Жек Дивейни "бул баланын дени-карды сообу, өзү" дегенден тарта "жасаган иштериңди кайдан алсак болот" дегенге чейинки пикирлерди кезиктирүүгө болорун айтып берген.