00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:11
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:07
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кафе-ресторандардагы той-топурга байланыштуу 9 "болбойт"

© SputnikҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли той-топурларга өзгөчө маани берип, шаан-шөкөткө жакын калк. "Той болсо ыр да болот" деген элибиздин канына сиңген каадасы бүгүнкү күндө да өз ордун жогото элек.

Заман талабына жараша тойлорду азыр үйдө эмес, көпчүлүгү кафе-ресторандарга өткөрүп калышты. Буга байланыштуу кафеде өткөн тойдун өз эрежелери да болот. Аларды толугу менен сактабасак да, айрымдарын аткарып коюу ашыкча болбойт. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги той-топурларда жасоого болбой турган учурларды тамаша иретинде тизмектеди.

Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Сапарга чыгууга байланыштуу 8 "болбойт"
Тойго кечикпейт. Кыргыздардын тою беште башталат десе, салтты бузбайлы деп биздикилер жок дегенде бир-эки саат кечигип барышат. Мындай көрүнүш адатка айланып баратканы менен коноктун кечигиши өзүн да, той ээсин да сыйлабагандык болуп калат. Өтө маанилүү себептер эле болуп калбаса, убагында барганыңыз дурус.

Кошумчасы жок барбайт. Эгер той ээсинин чөнтөгүнө салып же колуна кармата койчу конвертиңиз жок болсо, тойго баруунун деле кажети жок. Анткени кафеде өткөн тойдун башкы максаты азыр бата алуу эмес, кошумча чогултуу болуп калган. Элден түшкөн акча менен той ээси кафе ижарасын, ырчы-чоорчулардын акысын төлөй турганын унутпаңыз.

Тойго бала ээрчитип кереги жок. Айрымдары бирден эмес, эки-үчтөн баласын чуурутуп алып кафеге барышат. Балдар биринчиден сизди жүдөтүп, өздөрү дагы чарчайт. Экинчиден той ээлерине тоскоол болот. Карай турган адамыңыз болсо таштап эле койгонуңуз туура.

Тостко чыкканда токтоосуз сүйлөй бербеңиз. Сиздин кезегиңиз келип тостко чыкканда ток этер жерин айтып, кыска-нуска сүйлөгөнүңүз оң. Баары эле каалоо-тилек айткысы келет, андыктан элди тажатпай аларга да кезек бериңиз.

Тамададан сөз талашпайт. Айрым тойлордо тамададан микрофон талашып, өзүн чечен сезип кеткендер бар. Тамада — тойдун башкаруучусу. Ал кимге качан сөз берүү, тойду кандай алып баруу керектигин сизге караганда алда канча жакшы билет.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жубайларга байланыштуу 11 "болбойт"
Айымдардын өтө ачык кийинбей койгону эле жакшы. Бар же клубдарга баратсаңыз бир жөн, тойго сөзсүз улуу муундун өкүлдөрү чакырылат. Андыктан кичине этеги узун, кененирээк көйнөк кийбесеңиз элдин оозун ачырып, көңүл борборунда каласыз. Ал эми ары жактагы аялдардын сиз жакка улам карап коюп, күбүр-шыбыр болоору турган иш.

Жыгылып калгычакты ичимдик ичпейт. Ичиңиз, бирок чеги менен. Анан эле "тиги кудам", "бул досум" деп жатып элге уят болуп калбаңыз. Кээ бир тойдо жаш балдар ылжып ичип алып, чыр чыгарып, чоң муштумдугун көрсөткөн учурлар бар. Мындай көрүнүш сырттан караган адамга өтө эле өөн көрүнөт.

Кабак-кашты бүркөбөй отуруңуз. Айрымдары кандай келсе ошол калыпта, дасторкондун чекесинен турбай кетишет. Анысы аз келгенсип, сиркеси суу көтөрбөй чыртылдап отурат. Тойго келгенден кийин ырдап, бийлеп көңүл ачуу керек, жаркылдап отурганыңызды көргөн той ээси деле сүйүнүп калбайбы.

Той бүтө электе баштыктарды салыштырбайт. Той аяктап, үй ээлери сүйлөй баштаганда коноктор дасторконду четинен "отоп" "пакет операциясын" баштап калат. Баштыктар шуудурап, катарыңызда отургандар үчүн деле өөн угулат. Беш-алты саат чыдап, он мүнөт чыдай албай калдыңызбы? Жан талашпай кое туруңуз, жетишесиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0