https://sputnik.kg/20250409/1093212136.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Кундузбек Сулайманов кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды. Ал өзү да коомдо кызуу талкуу жаралгандан кийин машинадан баш тартканын... 09.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-09T13:00+0600
2025-04-09T13:00+0600
2025-04-09T13:31+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093212004_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c7c834c9e11b0cf9c99b7be6acf31322.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Кундузбек Сулайманов кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды. Ал өзү да коомдо кызуу талкуу жаралгандан кийин машинадан баш тартканын айтты."Популист болуп жатат деп ойлобогула, мен кызматтык унааны албайм деп чечтим. Анын ордуна айыл өкмөттөргө же соцобъектилерге берели. 1,5 жыл убактыбыз калыптыр, туура көрсөңүздөр баарыңыздарды чакырып кетем", — деди эл өкүлү. Эске салсак, мартта президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү каралган. Бул коомчулукта нааразчылыктарды жараткан.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Питер Надерер, ошондой эле ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инаишвили менен жолугушту. Жолугушууда шайлоо системасын жакшыртуу жана жарандардын шайлоого болгон ишенимин арттыруу боюнча негизги маселелер каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
ИИМге суу транспорту жана экологиялык коопсуздук боюнча укук бузууларга айып салуу укугун берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Маалыматка ылайык, башка органдарда суу коопсуздугу жаатында структура түзүү жана укук бузгандарды аныктоо мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми ИИМде 2021-жылы Ысык-Көл облусунда туристтик-экологиялык милициянын өзүнчө ротасы түзүлгөн. "Ошондуктан Ысык-Көл облусунун экологиясына зыян келтирилгендиги боюнча иштердин негизги бөлүгү ИИОнун кызматкерлерине жүктөлүүдө. Бирок бул чөйрөдө тиешелүү ыйгарым укуктардын жоктугуна байланыштуу алар тиешелүү органдардын кызматкерлерин күтүүгө аргасыз. Туристтик-экологиялык милициянын тез иштеши үчүн аларга суу транспорту жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү укук бузууларды кароо жана жаза колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү зарыл", — деп жазылат документте. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекске бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу үчүн жоопкерчилик караган берене сунушталууда. Ал үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 2 миң 800 сом айып пул каралган.
Кытай менен Индия АКШ тараптан импортко кыянаттык менен коюлган тарифтерге каршы туруш үчүн күчтөрүн бириктириши керек. Бул туурасында Кытайдын Индиядагы элчилигинин өкүлү айтканын RT жазды. Буга чейин АКШ Кытайдын импортуна болгон бажы алымын 104 пайызга чейин көбөйтүү туурасында билдирген. Бул талаптар бүгүн, 9-апрелден тарта, күчүнө кирмек. Пекин Дүйнөлүк соода уюмунда АКШнын "өз ара алымдары" боюнча талаштуу талкуу жүргүзүү демилгесин көтөргөн. Кытайдын Соода министрлиги Трамптын Пекин жооп кайтарууга аракет кылса, буга чейин жарыяланган бажы алымына дагы 50 пайыздык пошлина кошуу туурасында айтканын опузалоо деп, бул тартип кирсе "жооп бере турган чечкиндүү чараларды" киргизерин билдирген. Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде импортко бажы алымы киргизилерин жар салган.
Депутат Кундузбек Сулайманов кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды. Ал өзү да коомдо кызуу талкуу жаралгандан кийин машинадан баш тартканын айтты."Популист болуп жатат деп ойлобогула, мен кызматтык унааны албайм деп чечтим. Анын ордуна айыл өкмөттөргө же соцобъектилерге берели. 1,5 жыл убактыбыз калыптыр, туура көрсөңүздөр баарыңыздарды чакырып кетем", — деди эл өкүлү. Эске салсак, мартта президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү каралган. Бул коомчулукта нааразчылыктарды жараткан.Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Питер Надерер, ошондой эле ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инаишвили менен жолугушту. Жолугушууда шайлоо системасын жакшыртуу жана жарандардын шайлоого болгон ишенимин арттыруу боюнча негизги маселелер каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.ИИМге суу транспорту жана экологиялык коопсуздук боюнча укук бузууларга айып салуу укугун берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Маалыматка ылайык, башка органдарда суу коопсуздугу жаатында структура түзүү жана укук бузгандарды аныктоо мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми ИИМде 2021-жылы Ысык-Көл облусунда туристтик-экологиялык милициянын өзүнчө ротасы түзүлгөн. "Ошондуктан Ысык-Көл облусунун экологиясына зыян келтирилгендиги боюнча иштердин негизги бөлүгү ИИОнун кызматкерлерине жүктөлүүдө. Бирок бул чөйрөдө тиешелүү ыйгарым укуктардын жоктугуна байланыштуу алар тиешелүү органдардын кызматкерлерин күтүүгө аргасыз. Туристтик-экологиялык милициянын тез иштеши үчүн аларга суу транспорту жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү укук бузууларды кароо жана жаза колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү зарыл", — деп жазылат документте. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекске бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу үчүн жоопкерчилик караган берене сунушталууда. Ал үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 2 миң 800 сом айып пул каралган.Кытай менен Индия АКШ тараптан импортко кыянаттык менен коюлган тарифтерге каршы туруш үчүн күчтөрүн бириктириши керек. Бул туурасында Кытайдын Индиядагы элчилигинин өкүлү айтканын RT жазды. Буга чейин АКШ Кытайдын импортуна болгон бажы алымын 104 пайызга чейин көбөйтүү туурасында билдирген. Бул талаптар бүгүн, 9-апрелден тарта, күчүнө кирмек. Пекин Дүйнөлүк соода уюмунда АКШнын "өз ара алымдары" боюнча талаштуу талкуу жүргүзүү демилгесин көтөргөн. Кытайдын Соода министрлиги Трамптын Пекин жооп кайтарууга аракет кылса, буга чейин жарыяланган бажы алымына дагы 50 пайыздык пошлина кошуу туурасында айтканын опузалоо деп, бул тартип кирсе "жооп бере турган чечкиндүү чараларды" киргизерин билдирген. Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде импортко бажы алымы киргизилерин жар салган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093212004_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_658d664a8e8e82d965ce39c8b126a01a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио