https://sputnik.kg/20250409/1093225059.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык кызмат адамдарын тантыган идеяларды сунуштап, билдирүүлөрдү жасабоого чакырды. Атайын кызмат Жеңишбек... 09.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-09T19:00+0600
2025-04-09T19:00+0600
2025-04-09T19:40+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093224927_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0219ad906f6c278d5189059d728196e5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык кызмат адамдарын тантыган идеяларды сунуштап, билдирүүлөрдү жасабоого чакырды. Атайын кызмат Жеңишбек Токторбаевдин Ош шаарына кирип-чыккан унаалардан акы алуу сунушун колдобой тургандыгын кабарлады. "Эгерде акы киргизилсе, жүк карапайым элдин чөнтөгүнө түшөт. Товарларды жеткирүү кымбаттап, бизнес аксайт. Буга жол бербеш керек! УКМК мындан ары бардык кызмат адамдарына тантыган идеяларды сунуштап, билдирүүлөрдү жасабоого чакырат", — деди атайын кызмат. УКМК жергиликтүү органдардын жетекчилерин пиардан алыс болуп, элдин чыныгы көйгөйүн чечүүгө чакырды.
Редакция материалдын алдындагы комментарийге жооп бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ЖМК тууралуу мыйзам каралып жатканда билдирди. Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды. Талкуу маалында Түлөбаев жарыялаган материалдын алдындагы комментарийлерге редакция жооп бериши керектигин айтып, экинчи окууда бир катар сунуштарын берерин билдирди. Министрдин орун басары бирөөнүн комментарийине редакциянын жооп бериши туура эместигин айтып, бирок өзүн сыйлаган редакция чагымчыл, улут аралык кастыкты козуткан жана башка ушул сыяктуу мыйзамсыз мазмун камтылган комментарийлерди тазалашы керектигин белгиледи. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө блогерлердин ишин дагы тескөө зарыл экени айтылды. Натыйжада депутаттар аталган мыйзамды биринчи окууда колдоп беришти.
Бишкекте чет элдик жаранга кол салгандарга "Майда бейбаштык" беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, алар же 5 500 сом айып төлөйт же 3-5 суткага камалат. Сабалган чет элдик жаран да айыпка жыгылган. Ал Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн 5 500 сом төлөйт. Окуя 6-апрель таңга маал болгон. Милиция 23, 24, 25 жаштагы үч эркек кармалганын билдирген.
Пошлина менен тарифтер америкалык саясаттын көндүм болуп калган куралы, бирок алар башка өлкөлөрдү таңдантып, нааразы кылууда. Бул туурасында Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтканын РИА Новости жазды. "Бир сутка ичинде америкалык жана ага жооп кылган тарифтер дагы өстү. Бул — Штаттар үчүн ишти алып баруунун адат болуп калган дагы бир жолу. Ал көп өлкөлөр үчүн таңдантып, нааразы кылган нерсе болууда", — деген дипломат. 2-апрелде Американын президенти импортко бажы төлөмдөрүн киргизүүнү жарыялаган. Базалык чен 10 пайызды түзөт, бирок дээрлик ар бир өлкө тең салмактуулукка жетишүү үчүн АКШнын соода тартыштыгынын негизинде эсептелген жогорку чендерге туш болот. Евробиримдиктен келген товарларга 20 пайыздык алым белгиленген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык кызмат адамдарын тантыган идеяларды сунуштап, билдирүүлөрдү жасабоого чакырды. Атайын кызмат Жеңишбек Токторбаевдин Ош шаарына кирип-чыккан унаалардан акы алуу сунушун колдобой тургандыгын кабарлады. "Эгерде акы киргизилсе, жүк карапайым элдин чөнтөгүнө түшөт. Товарларды жеткирүү кымбаттап, бизнес аксайт. Буга жол бербеш керек! УКМК мындан ары бардык кызмат адамдарына тантыган идеяларды сунуштап, билдирүүлөрдү жасабоого чакырат", — деди атайын кызмат. УКМК жергиликтүү органдардын жетекчилерин пиардан алыс болуп, элдин чыныгы көйгөйүн чечүүгө чакырды. Редакция материалдын алдындагы комментарийге жооп бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ЖМК тууралуу мыйзам каралып жатканда билдирди. Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды. Талкуу маалында Түлөбаев жарыялаган материалдын алдындагы комментарийлерге редакция жооп бериши керектигин айтып, экинчи окууда бир катар сунуштарын берерин билдирди. Министрдин орун басары бирөөнүн комментарийине редакциянын жооп бериши туура эместигин айтып, бирок өзүн сыйлаган редакция чагымчыл, улут аралык кастыкты козуткан жана башка ушул сыяктуу мыйзамсыз мазмун камтылган комментарийлерди тазалашы керектигин белгиледи. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө блогерлердин ишин дагы тескөө зарыл экени айтылды. Натыйжада депутаттар аталган мыйзамды биринчи окууда колдоп беришти.Бишкекте чет элдик жаранга кол салгандарга "Майда бейбаштык" беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, алар же 5 500 сом айып төлөйт же 3-5 суткага камалат. Сабалган чет элдик жаран да айыпка жыгылган. Ал Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн 5 500 сом төлөйт. Окуя 6-апрель таңга маал болгон. Милиция 23, 24, 25 жаштагы үч эркек кармалганын билдирген.Пошлина менен тарифтер америкалык саясаттын көндүм болуп калган куралы, бирок алар башка өлкөлөрдү таңдантып, нааразы кылууда. Бул туурасында Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтканын РИА Новости жазды. "Бир сутка ичинде америкалык жана ага жооп кылган тарифтер дагы өстү. Бул — Штаттар үчүн ишти алып баруунун адат болуп калган дагы бир жолу. Ал көп өлкөлөр үчүн таңдантып, нааразы кылган нерсе болууда", — деген дипломат. 2-апрелде Американын президенти импортко бажы төлөмдөрүн киргизүүнү жарыялаган. Базалык чен 10 пайызды түзөт, бирок дээрлик ар бир өлкө тең салмактуулукка жетишүү үчүн АКШнын соода тартыштыгынын негизинде эсептелген жогорку чендерге туш болот. Евробиримдиктен келген товарларга 20 пайыздык алым белгиленген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093224927_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_37c3032b6e3ad0c0cc23ee9797ffefaa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио