https://sputnik.kg/20250409/1093207997.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында жумуртка өндүрүү боюнча алдыга чыкты. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына... 09.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-09T11:00+0600
2025-04-09T11:00+0600
2025-04-09T12:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093207865_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d66c5a09af00d02317c0051777ee2161.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында жумуртка өндүрүү боюнча алдыга чыкты. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-февраль айларында өлкөдө 94,8 миллион жумуртка өндүрүлгөн. Бул — өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга көп көрсөткүч. Өсүш боюнча кийинки орунда 3,7 пайыз менен Россия турат ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 3,3 пайызды түздү.
Кыргызстанда телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн Hytera компаниясынын заводу ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго фонд 1 миллион доллар инвестиция салган."Завод видеотүшүрүү, байланыш системаларын чогултуу жаатында импорттун 80 пайызын жабат. Бул транспорттук, коммуникациялык мамлекеттик органдардын муктаждыгын жоюуга жардам берет. Завод фонд каржылаган үчүнчү санариптик долбоор болуп саналат", — деди Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген унаалардан акы алууну сунуштады. Калаа башчысы Европа менен Кытайда ушундай тажрыйба бар экенин мисал келтирген. "Шаарга кирем деген жеңил унаалардан, мисалы, 50-100 сомдон, оор жүк ташуучу унаалардан 100-150 сомдон акы алсак, бир күндө 56 миң автоунаа кирип-чыгат экен. 50 сомдон эсептесек, күнүнө 2 миллион 800 миң сом болот, бир айда 60 миллион сом түшүп калат. Жол, тротуар, бак, соцобъектилерди салганга акча мына", — деди Токторбаев. Ал президент шаарды өнүктүрүүгө акча бөлүп бергенин эске салып, бирок мындай нерсе дайыма эле боло бербестигин кошумчалады.
Социалдык тармакта аялдын кийимин кийип, боенуп алган үч эркек киши чет элдикти сабап жаткан видео тарады. Ленин Райондук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын айтты. Чет элдик жарандын ур-токмокко кабылганы тууралуу маалымат милицияга 6-апрель күнү таңга маал түшкөн. Райондук бөлүмгө 23, 24, 25 жаштагы үч эркек, ошондой эле 33 жаштагы чет элдик жабырлануучу алып келинген.Окуяга текшерүүнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилери кошумчаланды.
АКШ президенти Дональд Трамп бажы алымдары өлкө казынасына күнүнө 2 миллиардга чукул доллар алып келерин жар салды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Биз салыктан күнүнө 2 миллиард долларга чукул алабыз. Иш жакшы жүрүп жатат", — деген ал. Ак үй ээсинин айтымында, иш илгерилөөдө, аны менен катар эле жаңы алымдар боюнча өлкөлөр менен макулдашуу жумуштары нугунда кетип баратат. Ал арада Forbes басылмасы америкалык жаңы алымдар Трамптын чөнтөгүн бир топ эңшерип жибергенин жазды. Президенттин акчасы импорттук "өз ара алымдардын" киришинен 500 миллион долларга азайган.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында жумуртка өндүрүү боюнча алдыга чыкты. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-февраль айларында өлкөдө 94,8 миллион жумуртка өндүрүлгөн. Бул — өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга көп көрсөткүч. Өсүш боюнча кийинки орунда 3,7 пайыз менен Россия турат ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 3,3 пайызды түздү.Кыргызстанда телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн Hytera компаниясынын заводу ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго фонд 1 миллион доллар инвестиция салган."Завод видеотүшүрүү, байланыш системаларын чогултуу жаатында импорттун 80 пайызын жабат. Бул транспорттук, коммуникациялык мамлекеттик органдардын муктаждыгын жоюуга жардам берет. Завод фонд каржылаган үчүнчү санариптик долбоор болуп саналат", — деди Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков.Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген унаалардан акы алууну сунуштады. Калаа башчысы Европа менен Кытайда ушундай тажрыйба бар экенин мисал келтирген. "Шаарга кирем деген жеңил унаалардан, мисалы, 50-100 сомдон, оор жүк ташуучу унаалардан 100-150 сомдон акы алсак, бир күндө 56 миң автоунаа кирип-чыгат экен. 50 сомдон эсептесек, күнүнө 2 миллион 800 миң сом болот, бир айда 60 миллион сом түшүп калат. Жол, тротуар, бак, соцобъектилерди салганга акча мына", — деди Токторбаев. Ал президент шаарды өнүктүрүүгө акча бөлүп бергенин эске салып, бирок мындай нерсе дайыма эле боло бербестигин кошумчалады. Социалдык тармакта аялдын кийимин кийип, боенуп алган үч эркек киши чет элдикти сабап жаткан видео тарады. Ленин Райондук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын айтты. Чет элдик жарандын ур-токмокко кабылганы тууралуу маалымат милицияга 6-апрель күнү таңга маал түшкөн. Райондук бөлүмгө 23, 24, 25 жаштагы үч эркек, ошондой эле 33 жаштагы чет элдик жабырлануучу алып келинген.Окуяга текшерүүнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилери кошумчаланды.АКШ президенти Дональд Трамп бажы алымдары өлкө казынасына күнүнө 2 миллиардга чукул доллар алып келерин жар салды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Биз салыктан күнүнө 2 миллиард долларга чукул алабыз. Иш жакшы жүрүп жатат", — деген ал. Ак үй ээсинин айтымында, иш илгерилөөдө, аны менен катар эле жаңы алымдар боюнча өлкөлөр менен макулдашуу жумуштары нугунда кетип баратат. Ал арада Forbes басылмасы америкалык жаңы алымдар Трамптын чөнтөгүн бир топ эңшерип жибергенин жазды. Президенттин акчасы импорттук "өз ара алымдардын" киришинен 500 миллион долларга азайган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093207865_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_438bc0a21d814ca3bbe4eedb08d85dde.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио