00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:09
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрлик: окуучулар мектепке октябрда барар-барбасы арсар

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги окуу классы. Архив
Мектептеги окуу классы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мектептер реалдуу режимде окууга качан өтө турганы азырынча белгисиз, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

Жусупбекованын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп айтып, уруксат бергенден кийин гана окуучулар мектепке бара башташат.

Онлайн окутуу билим алууга доо кетирип жатат. Мугалимдин маеги

"Азырынча белгисиз. Бардыгы эпидкырдаалдан көз каранды. Анткени балдардын, педагогдордун ден соолугу башкы орунда. Октябрдан баштап салттуу режимде окуй турган болсок кандай шарт-талаптарды аткарышыбыз керектиги боюнча азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлигинин адистери менен иштеп жатабыз. Мисалы, кандай эрежелерди сактап, окуучу, педагогдорго оору жугуп калбаш үчүн эмне кылуу керек деген маселелер талкууланып жатат. Коронавирус боюнча статистикага таянып, ар бир аймактардагы мектептердин ишине талдоо жүрүүдө. Бул маселе жакынкы аралыкта чечилет деп ойлойбуз. Окуу баштала турган болсо, алдын ала айтылат", — деди министрдин орун басары.

Жусупбекова окуучулар реалдуу режимде окуй баштаса, мектеп формасы классикалык түрдө үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка) боло турганын, бирдей форма кийүү талабы алып салынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны күн сайын катталууда. 21-сентябрга карата жалпы ооругандардын саны 45 471ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0