БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын киришине жол бербөө максатында тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Бул маселе каралып, анын жыйынтыгы боюнча Республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырган.
"Коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо боюнча маселелерди башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен, ошондой эле транспорттук байланышта болгон мамлекеттер менен талкуулап, тыгыз иштешүү тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болуп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аны изилдеп жатканы айтылган. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр Улуу Британияга эшигин жапкан болчу.