00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
С чего стоит начать заниматься ландшафтным дизайном, рассказал садовод
06:05
44 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
07:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Зачем нужна добровольная аттестация учителей?
08:05
44 мин
On air
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Образование послезавтра» - как не потеряться на рынке труда будущего
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмнеге автобекеттер шаардан сыртка чыгарылды? – Жаңы автобекеттерде калкка кандай шартар каралган?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет прокуратуре Кыргызстана: ключевые этапы развития и вызовы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Ажылык - бул макам эмес! Ажылыка барган адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:06
45 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысын кабыл алды. Талкууланган маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров ШКУнун Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды
Президент Садыр Жапаров ШКУнун Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
Жапаров ШКУнун Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) ачууну сунуштаган.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жолугушууда өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду

Жолугушууда өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду - Sputnik Кыргызстан
2/3

Жолугушууда өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү ШКУнун ишинин маанилүү багыты катары караларын белгиледи

Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү ШКУнун ишинин маанилүү багыты катары караларын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/3

Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү ШКУнун ишинин маанилүү багыты катары караларын белгиледи

1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады

2/3

Жолугушууда өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду

3/3

Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү ШКУнун ишинин маанилүү багыты катары караларын белгиледи

Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү ШКУнун ишинин маанилүү багыты катары караларын белгиледи.
"Кыргызстан экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында ШКУнун Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) ачуу аркылуу эффективдүү каржылык механизмдерди түзүүнү жактайт. Бул азыркы татаал глобалдык геосаясий процесстерде актуалдуу", — деген Жапаров.
Ал Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу бир гана бул мамлекеттер үчүн эмес, бүткүл Евразия континентинин көптөгөн өлкөлөрү үчүн региондун транзиттик потенциалын ачууга олуттуу кадам боло аларын кошумчалаган.
Президент уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында Кыргызстандын демилгеси менен Бишкек шаарында ШКУнун Маданий-интеграция борбору түзүлгөнүн айткан.
Өз кезегинде Чжан Мин Садыр Жапаровдун ШКУну өнүктүрүү боюнча демилгелери жана сунуштары уюмду мындан ары алга жылдырууга жардам берерин белгиледи. Ал ШКУнун Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) түзүү боюнча кыргыз тараптын сунушу абдан актуалдуу экенин айткан.
"Бул багытта реалдуу кадамдарды жасоо маанилүү. Ал өзгөчө инфраструктураны өнүктүрүү, биздин аймактын ичиндеги жана тышкы дүйнө менен сооданы өнүктүрүү үчүн маанилүү", — деген Чжан Мин.
Белгилей кетсек, ШКУнун башкы катчысы 26-майда Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумга катышкан.
ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Евразия экономикалык форуму
ШКУнун башкы катчысы уюмдун ЕАЭБ менен кызматташуу келечегине токтолду
Жаңылыктар түрмөгү
0