00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
С чего стоит начать заниматься ландшафтным дизайном, рассказал садовод
06:05
44 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
07:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Зачем нужна добровольная аттестация учителей?
08:05
44 мин
On air
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Образование послезавтра» - как не потеряться на рынке труда будущего
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмнеге автобекеттер шаардан сыртка чыгарылды? – Жаңы автобекеттерде калкка кандай шартар каралган?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет прокуратуре Кыргызстана: ключевые этапы развития и вызовы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Ажылык - бул макам эмес! Ажылыка барган адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:06
45 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күнүмдүк жаңылыктар 15:00

Күнүмдүк жаңылыктар 15:00
Жазылуу
Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.Мамлекет башчы журналисттин "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү кармалганы боюнча суроосуна комментарий берип жатып, мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы ага даана көрүнүп турганына токтолгон.Ал эл, мамлекет үчүн күн-түн дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдой турганын белгилеп, ар кимди кызматтан алууну сунуштай берүүнү токтотуу керектигин кармалгандарга эскерткенин кошумчалаган.
Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Бектеновду "Манас" эл аралык аэропортунан өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды. "Сапардын алкагында Акылбек Жапаров менен Олжас Бектеновдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү пландалууда. Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулашат", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Олжас Бектеновдун өкмөтү февраль айынын башында куралган. Бул анын премьер-министр катары чет өлкөгө жасаган алгачкы жумушчу сапары.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, документ энергияны кайра жаралуучу булактардан алууну өнүктүрүү, ошондой эле жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү максатында иштелип чыккан.Эми кайра жаралуучу булактардан энергия алган станцияларын куруу үчүн жерди ижарага берүүнүн мөөнөтү 5 жылдан 25 жылга узарды.Жер участогун алгандан кийин үч айдын ичинде кайра жаралуучу булактардан энергия алган станциянын долбоору даяр болбосо, алты айдын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме жана ырасталган каржылоо булагы жок болсо жана бир жылдын ичинде курулуш иштери башталбаса ижарага берилген жерди кайтаруу шарттары белгиленген.
Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу Руслан Акун тарткан "Бейиш эненин таманында" тасмасы 11-апрелден тарта Россияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Ага ылайык, фильмди Голливуд тасмаларын "сүйлөткөн" россиялык саунд-актерлор коштогон. Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт. Тасма Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Араб өлкөсүндө тартылган. Кино Казакстанда 21-мартта прокатка чыкса, Өзбекстанда 11-апрелде чыгат. Ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Казакстан менен Россиянын бир катар аймактарындагы суу каптоолор материалдык зыяндан сырткары, адам өмүрүнө да кооптуулук жаратууда. РИА Новости ӨКМге таянып Курган жана Тюмень облустарында кырдаал кыйын болуп жатканын жазды. Ал жакта куткаруучулар тобунун иштери арбып, өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомствосу күчөтүлгөн тартип менен иштеп жатышат. Министр Александр Куренков абал кыйындаган аймактарды кыдырып жүргөнүн билдиришти.Оренбург облусунда 10 миңге жакын үйдү суу каптаган, Орск аймагында 2 500гө чукул киши коопсуз жайга көчүрүлүп, психологдор да иштеп жатканы айтылды. Кайгуул кызматтары мародерчулуктун алдын алуу үчүн байкоо салып жүргөнүн билдиришти. Ал эми Казакстандын ӨКМи бул күндөрү Акмоло, Караганда, Актөбө, Атырау, Батыш-Казакстан, Костанай, Павлодар, Түндүк-Казакстан облустарында суу ташкындын кесепетин жоюу иштери уланып жатканын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0