https://sputnik.kg/20241201/adylbek-kasymaliyev-yakutiya-aysen-nikolayev-1090534034.html
Якутия башчысына гидроэнергетика, тоо-кен боюнча кызматташуу сунушталды
Якутия башчысына гидроэнергетика, тоо-кен боюнча кызматташуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту. Бул... 01.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-01T11:52+0600
2024-12-01T11:52+0600
2024-12-02T11:01+0600
кыргызстан
якутия
адылбек касымалиев
айсен николаев
кызматташуу
жолугушуу
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090544163_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_ff12fe89aff55e09b62d32cf2c95e1aa.jpg
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Анда Касымалиев гидроэнергетика жана тоо-кен тармагында кызматташууну сунуштады. Ошондой эле ал түз байланыш түзүү үчүн якутиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды.Өз кезегинде Николаев экономикалык байланыштарды бекемдөөгө эки тарап тең кызыкдар экенин, соода жүргүзүүнү жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле Саха Республикасы аймактар аралык конференцияларга активдүү катышууга жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин ырастады.Соңунда эки тарап тең Николаевдин иш сапары жемиштүү болоруна жана Кыргызстан менен Саханын аймактар аралык байланыштарын бекемдөөгө түрткү берерине ишеним билдиришти.Саха Республикасынын башчысы Николаев 29-ноябрда иш сапары менен Кыргызстанга келген. Аны президент Садыр Жапаров да кабыл алган.
https://sputnik.kg/20241129/sadyr-zhaparov-yakutiyanyn-bashchysy-aysen-nikolaev-menen-zholuktu-1090510617.html
якутия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090544163_69:0:2800:2048_1920x0_80_0_0_7b0ae118e6119c51d1e1c597a78e8eca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, якутия, адылбек касымалиев, айсен николаев, кызматташуу, жолугушуу, сүрөт
кыргызстан, якутия, адылбек касымалиев, айсен николаев, кызматташуу, жолугушуу, сүрөт
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда Касымалиев гидроэнергетика жана тоо-кен тармагында кызматташууну сунуштады. Ошондой эле ал түз байланыш түзүү үчүн якутиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды.
Өз кезегинде Николаев экономикалык байланыштарды бекемдөөгө эки тарап тең кызыкдар экенин, соода жүргүзүүнү жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле Саха Республикасы аймактар аралык конференцияларга активдүү катышууга жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин ырастады.
Соңунда эки тарап тең Николаевдин иш сапары жемиштүү болоруна жана Кыргызстан менен Саханын аймактар аралык байланыштарын бекемдөөгө түрткү берерине ишеним билдиришти.
Саха Республикасынын башчысы Николаев 29-ноябрда иш сапары менен
Кыргызстанга келген. Аны президент Садыр Жапаров да кабыл алган.
29 Жетинин айы 2024, 18:20