https://sputnik.kg/20250107/1091279664.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда, православ динин туткан кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктаганын анын маалымат кызматы... 07.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-07T13:00+0600
2025-01-07T13:00+0600
2025-01-07T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/07/1091279532_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_209312b4e44b98f9a46e6c49ac30cc4f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда, православ динин туткан кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктаганын анын маалымат кызматы билдирди.Президенттин айтымында, бул майрам – Иса пайгамбардын туулган күнү эң маанилүү баалуулуктарды: кайрымдуулукту, боорукердикти, жакыныбызга болгон камкордукту жана коомдогу тынчтык менен ынтымак үчүн ар бирибиз жооптуу экенибизди эскертет."Рождество майрамы дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды боорукердик, биримдик жана адилеттүүлүк үчүн сыйынууда бириктирет", — деген Жапаров куттуктоо сөзүндө.Президент республика өзүнүн көп кылымдык тарыхы, конфессиялар аралык ынтымактын жана элдердин достугу менен сыймыктанарын белгиледи. Ал ошондой эле православдык коомчулуктун коомдун өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын белгиледи.
2024-жыл боюнча соңку маалыматтарга таянсак, Кыргызстан бензинди ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн, көбүн Россиядан сатып алган.Бул мезгил аралыгында республика 552 миллион тонна бензин импорттогон.Саткан өлкөлөр: Россия — 547 миллион 36,1 миң литр; Казакстан — 3 миллион 606,1 миң литр; Беларусь — 1 миллион 307,1 миң литр. 2023-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө алардан 484,6 миллион литр бензин алган эле.
Канаданын премьер-министри жана башкаруучу Либералдык партиясынын лидери Жастин Трюдо партиянын жаңы жетекчиси шайлангандан кийин өкмөт башчылыктан кетерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Менин карьерамдагы бардык ийгиликтерим үй-бүлөмдүн колдоосу менен болду. Кечээ кечки тамакта бул чечимди балдарыма айттым, бүгүн болсо сиздер менен бөлүшүүдөмүн. Либералдык партиянын жаңы лидери шайлангандан кийин премьер-министрликтен кетүүнү чечтим”, — деген Трюдо. Ал бул процесс жыйынтыкталганга чейин өз милдеттерин аткарып турарын белгиледи.Буга чейин ЖМКларда Либералдык партиянын 50дөн ашык депутаты премьер-министр Жастин Трюдо кызматтан кетиши керек деген пикирге келгенин кабарлашкан. Ошондой эле Канаданын Жаңы демократиялык партиясынын лидери Жагмит Сингх Трюдону кызматтан кетүүгө чакырып, алдыдагы жыйындарда ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгарын жарыялаган.
Индонезия БРИКСтин мүчөсү болду. Бул тууралуу Бразилиянын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Аталган мамлекет калкынын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда, ал эми экономиканын көлөмү боюнча 8-орунда турат. Буга чейин Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги БРИКСтин Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканы чыңдоодогу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүүдөгү ролун белгилеген. Белгилей кетсек, быйыл БРИКСке Бразилия төрагалык кылат.БРИКС 2006-жылы Бразилия, Россия, Индия, Кытай тарабынан түзүлгөн, ал эми беш жылдан кийин уюмга Түштүк Африка кошулган. Өткөн жылы БРИКСке мүчө болуп Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда, православ динин туткан кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктаганын анын маалымат кызматы билдирди.Президенттин айтымында, бул майрам – Иса пайгамбардын туулган күнү эң маанилүү баалуулуктарды: кайрымдуулукту, боорукердикти, жакыныбызга болгон камкордукту жана коомдогу тынчтык менен ынтымак үчүн ар бирибиз жооптуу экенибизди эскертет."Рождество майрамы дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды боорукердик, биримдик жана адилеттүүлүк үчүн сыйынууда бириктирет", — деген Жапаров куттуктоо сөзүндө.Президент республика өзүнүн көп кылымдык тарыхы, конфессиялар аралык ынтымактын жана элдердин достугу менен сыймыктанарын белгиледи. Ал ошондой эле православдык коомчулуктун коомдун өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын белгиледи.2024-жыл боюнча соңку маалыматтарга таянсак, Кыргызстан бензинди ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн, көбүн Россиядан сатып алган.Бул мезгил аралыгында республика 552 миллион тонна бензин импорттогон.Саткан өлкөлөр: Россия — 547 миллион 36,1 миң литр; Казакстан — 3 миллион 606,1 миң литр; Беларусь — 1 миллион 307,1 миң литр. 2023-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө алардан 484,6 миллион литр бензин алган эле.Канаданын премьер-министри жана башкаруучу Либералдык партиясынын лидери Жастин Трюдо партиянын жаңы жетекчиси шайлангандан кийин өкмөт башчылыктан кетерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Менин карьерамдагы бардык ийгиликтерим үй-бүлөмдүн колдоосу менен болду. Кечээ кечки тамакта бул чечимди балдарыма айттым, бүгүн болсо сиздер менен бөлүшүүдөмүн. Либералдык партиянын жаңы лидери шайлангандан кийин премьер-министрликтен кетүүнү чечтим”, — деген Трюдо. Ал бул процесс жыйынтыкталганга чейин өз милдеттерин аткарып турарын белгиледи.Буга чейин ЖМКларда Либералдык партиянын 50дөн ашык депутаты премьер-министр Жастин Трюдо кызматтан кетиши керек деген пикирге келгенин кабарлашкан. Ошондой эле Канаданын Жаңы демократиялык партиясынын лидери Жагмит Сингх Трюдону кызматтан кетүүгө чакырып, алдыдагы жыйындарда ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгарын жарыялаган.Индонезия БРИКСтин мүчөсү болду. Бул тууралуу Бразилиянын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Аталган мамлекет калкынын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда, ал эми экономиканын көлөмү боюнча 8-орунда турат. Буга чейин Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги БРИКСтин Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканы чыңдоодогу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүүдөгү ролун белгилеген. Белгилей кетсек, быйыл БРИКСке Бразилия төрагалык кылат.БРИКС 2006-жылы Бразилия, Россия, Индия, Кытай тарабынан түзүлгөн, ал эми беш жылдан кийин уюмга Түштүк Африка кошулган. Өткөн жылы БРИКСке мүчө болуп Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/07/1091279532_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fa8c3461eda8f0a43d7e16ec2d355450.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио