https://sputnik.kg/20250107/1091281559.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу... 07.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-07T15:00+0600
2025-01-07T15:00+0600
2025-01-07T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/07/1091281427_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e8b979456f90a696a8dc77235d3b01e3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүү боюнча тескемеге кол койду. Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды. Уюштуруу комитетине – VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу жана бекитүү; – спорттук бөлүк боюнча оюндар жөнүндө эрежелерди жана Жобону бекитүү; – пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү тапшырмасы берилди. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн. 2022 жана 2024-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда жана Казакстанда уюштурулган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги КР Конституциясынын 27-беренесине ылайык, ар бир баласынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги ата-энеге, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөрүн эскертет. Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле КР Үй-бүлө жана Балдар жөнүндө кодекстерине ылайык, ата-энелер баланы тарбиялоого, анын билим алуусуна камкордук көрүүгө жана жашына, жөндөмдүүлүгүнө жараша иш-аракетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү. Ата-энелер баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.
Бүгүн, 7-январда, Тибеттеги зилзалада 53 адам каза болуп, 62си жаракат алганын РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып билдирди.Маалыматта жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылат. Миңдеген имараттар кыйрап калган.Магнитудасы 6,8ге жеткен табигый кырсык Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу Тингри уездинде бүгүн таңга маал болгон. Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат. Жомолунгма тоосуна кеткен жол туристтер үчүн жабылган. Агенттик Кытай башчысы Си Цзиньпин издөө иштерине, аман алып калууга болгон күчтү жумшоого тапшырма бергенин кошумчалады. Сейсмологдор андан кийин 49 афтершок болгонун айтышууда. Жер титирөөнүн очогунан 20 чакырым радиустагы айылдарда 6,9 миңге жакын адам жашайт.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп TRUTH Social аттуу социалдык тармакта Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштады. Муну ал премьер-министр Жастин Трюдо отставкага кетүү ниетин билдиргенден кийин айтканын РИА Новости жазды. "Канаданын жашоочуларынын көбү өлкөнүн 51-штаты болуусун колдошот", — деген Трамп. Жаңы шайланган президент эки өлкөнүн биригүүсү соода тарифтерин жок кылып, салыктарды азайтып, Оттаваны дайыма курчап турган россиялык жана кытайлык кемелердин коркунучтарынан коргоого толук кепилдик бермектигин кошумчалаган. Дүйшөмбү күнү Канаданын премьер-министри жана башкаруучу Либералдык партиясынын лидери Трюдо партиянын жаңы жетекчиси шайлангандан кийин өкмөт башчылыктан кетерин билдирген. Буга чейин ЖМКларда Либералдык партиянын 50дөн ашык депутаты премьер-министр кызматтан кетиши керек деген пикирге келгенин кабарлашкан. Ошондой эле Канаданын Жаңы демократиялык партиясынын лидери Жагмит Сингх Трюдону ишинен баш тартууга чакырып, алдыдагы жыйындарда ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгарын жарыялаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүү боюнча тескемеге кол койду. Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды. Уюштуруу комитетине – VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу жана бекитүү; – спорттук бөлүк боюнча оюндар жөнүндө эрежелерди жана Жобону бекитүү; – пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү тапшырмасы берилди. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн. 2022 жана 2024-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда жана Казакстанда уюштурулган.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги КР Конституциясынын 27-беренесине ылайык, ар бир баласынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги ата-энеге, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөрүн эскертет. Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле КР Үй-бүлө жана Балдар жөнүндө кодекстерине ылайык, ата-энелер баланы тарбиялоого, анын билим алуусуна камкордук көрүүгө жана жашына, жөндөмдүүлүгүнө жараша иш-аракетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү. Ата-энелер баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.Бүгүн, 7-январда, Тибеттеги зилзалада 53 адам каза болуп, 62си жаракат алганын РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып билдирди.Маалыматта жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылат. Миңдеген имараттар кыйрап калган.Магнитудасы 6,8ге жеткен табигый кырсык Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу Тингри уездинде бүгүн таңга маал болгон. Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат. Жомолунгма тоосуна кеткен жол туристтер үчүн жабылган. Агенттик Кытай башчысы Си Цзиньпин издөө иштерине, аман алып калууга болгон күчтү жумшоого тапшырма бергенин кошумчалады. Сейсмологдор андан кийин 49 афтершок болгонун айтышууда. Жер титирөөнүн очогунан 20 чакырым радиустагы айылдарда 6,9 миңге жакын адам жашайт. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп TRUTH Social аттуу социалдык тармакта Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштады. Муну ал премьер-министр Жастин Трюдо отставкага кетүү ниетин билдиргенден кийин айтканын РИА Новости жазды. "Канаданын жашоочуларынын көбү өлкөнүн 51-штаты болуусун колдошот", — деген Трамп. Жаңы шайланган президент эки өлкөнүн биригүүсү соода тарифтерин жок кылып, салыктарды азайтып, Оттаваны дайыма курчап турган россиялык жана кытайлык кемелердин коркунучтарынан коргоого толук кепилдик бермектигин кошумчалаган. Дүйшөмбү күнү Канаданын премьер-министри жана башкаруучу Либералдык партиясынын лидери Трюдо партиянын жаңы жетекчиси шайлангандан кийин өкмөт башчылыктан кетерин билдирген. Буга чейин ЖМКларда Либералдык партиянын 50дөн ашык депутаты премьер-министр кызматтан кетиши керек деген пикирге келгенин кабарлашкан. Ошондой эле Канаданын Жаңы демократиялык партиясынын лидери Жагмит Сингх Трюдону ишинен баш тартууга чакырып, алдыдагы жыйындарда ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгарын жарыялаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/07/1091281427_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_affbd231e1ef1ce1bec102b18c8fe2ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио