https://sputnik.kg/20241203/1090569054.html
Чыгарылыш 09:00
Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Учурда Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күздүк буудайды жана арпаны себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Суу, айыл чарба жана кайра... 03.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-03T09:00+0600
2024-12-03T09:00+0600
2024-12-03T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090568922_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_db3a99e911ca6a9092b14a15dcf99872.jpg
Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Учурда Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күздүк буудайды жана арпаны себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдиргендей, 2025-жылдын түшүмү үчүн жалпы 190,0 миң гектарга күздүк буудайды себүү каралган. 29-ноябрга карата буудайдын күздүк себүүсү 70 пайызга аткарылган. Чүй облусунда – 79,3 миң га, Ысык-Көл облусунда – 9,0 миң га, Жалал-Абад облусунда – 14,0 миң га, Баткен облусунда – 6,0 миң га, Талас облусунда – 10,0 миң га жана Ош облусунда 19,0 миң га күзгү себүү иштери аткарылды. Күздүк арпаны 11,4 миң га жерге себүү пландалган, анын 8,9 миң гектарына себилди.
"Манас" соода-логистикалык шаары алты жылдын ичинде салынып бүтөт. Бул тууралуу "Кыргыз-кытай инвестициялык холдингдин" директору Кайрат Керимбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирген. Анын айтымында, келишимге ылайык, шаар 700 гектар аянтка жайгашмакчы, учурда анын 450 гектары бөлүнүп, калганы трансформациялануу стадиясында. Учурда 100 гектар жер тегизделип, даярдалды. "Март айынан баштап пайдубалы куюла баштайт. Долбоор алты этапка бөлүнүп, жылына бирден этапты бүткөрүү пландалууда. Бир этап 100-120 гектар жердеги курулушту камтыйт", — деди ал. Керимбеков долбоордун аймагы "Дордой" базарынан беш чакырым алыстыкта жайгашканын белгиледи. Аймактын бир тарабы Достук айыл өкмөтүнө караштуу Алма-Ата көчөсүнө чыгат. Казакстандын чек арасына жана аэропортко чейинки аралык 14 чакырым. Курулуш иштери Ала-Арча 3 суу сактагычына жакын жерде жүргүзүлүп, бирок көлмөгө зыян келтирбөө максатында 200 метрлик коргоо зонасы сакталат.
Ысык-Көл аркылуу жүргүнчү ташуу үчүн жаңы эки кеме алып келинди. Бул тууралуу ташып келген компаниядан билдиришти. Суу транспортунун бири 84, экинчиси 54 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган."Ысык-Көлгө жаңы кеме акыркы жолу 1980-жылы коё берилген. Учурда Кытайдан заманбап эки жүргүнчү кеме алып келинди. Алар Mercury деңиз кыймылдаткычтары менен жабдылган. Бул жабдуулар зыяндуу заттардын абага чыгышын азайтып, күйүүчү майды да аз чыгымдайт. Мындай өзгөчөлүктөр кемени экологиялык жактан коопсуз жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу кылат", — деп жазылган маалыматта. Бул кемелерди Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин, анын ичинде Чолпон-Ата — Тоң багытын туташтырган каттамдарга коё берүү пландалууда.
Британиялык саясат таануучу Анатоль Ливен Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн негизги үч кадамды сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болсо керек деген пикирин айткан. Анын пикиринде, биринчи кезекте алыска учуучу ракеталарды Россиянын аймагына колдонууга тыюу салуу керек. Ошол эле учурда Украинага коргонуу линиясын чыңдоого болушунча жардам көрсөтүп, кошумча курал-жарак менен камсыздоо зарыл.
Учурда Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күздүк буудайды жана арпаны себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдиргендей, 2025-жылдын түшүмү үчүн жалпы 190,0 миң гектарга күздүк буудайды себүү каралган. 29-ноябрга карата буудайдын күздүк себүүсү 70 пайызга аткарылган. Чүй облусунда – 79,3 миң га, Ысык-Көл облусунда – 9,0 миң га, Жалал-Абад облусунда – 14,0 миң га, Баткен облусунда – 6,0 миң га, Талас облусунда – 10,0 миң га жана Ош облусунда 19,0 миң га күзгү себүү иштери аткарылды. Күздүк арпаны 11,4 миң га жерге себүү пландалган, анын 8,9 миң гектарына себилди. "Манас" соода-логистикалык шаары алты жылдын ичинде салынып бүтөт. Бул тууралуу "Кыргыз-кытай инвестициялык холдингдин" директору Кайрат Керимбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирген. Анын айтымында, келишимге ылайык, шаар 700 гектар аянтка жайгашмакчы, учурда анын 450 гектары бөлүнүп, калганы трансформациялануу стадиясында. Учурда 100 гектар жер тегизделип, даярдалды. "Март айынан баштап пайдубалы куюла баштайт. Долбоор алты этапка бөлүнүп, жылына бирден этапты бүткөрүү пландалууда. Бир этап 100-120 гектар жердеги курулушту камтыйт", — деди ал. Керимбеков долбоордун аймагы "Дордой" базарынан беш чакырым алыстыкта жайгашканын белгиледи. Аймактын бир тарабы Достук айыл өкмөтүнө караштуу Алма-Ата көчөсүнө чыгат. Казакстандын чек арасына жана аэропортко чейинки аралык 14 чакырым. Курулуш иштери Ала-Арча 3 суу сактагычына жакын жерде жүргүзүлүп, бирок көлмөгө зыян келтирбөө максатында 200 метрлик коргоо зонасы сакталат.Ысык-Көл аркылуу жүргүнчү ташуу үчүн жаңы эки кеме алып келинди. Бул тууралуу ташып келген компаниядан билдиришти. Суу транспортунун бири 84, экинчиси 54 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган."Ысык-Көлгө жаңы кеме акыркы жолу 1980-жылы коё берилген. Учурда Кытайдан заманбап эки жүргүнчү кеме алып келинди. Алар Mercury деңиз кыймылдаткычтары менен жабдылган. Бул жабдуулар зыяндуу заттардын абага чыгышын азайтып, күйүүчү майды да аз чыгымдайт. Мындай өзгөчөлүктөр кемени экологиялык жактан коопсуз жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу кылат", — деп жазылган маалыматта. Бул кемелерди Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин, анын ичинде Чолпон-Ата — Тоң багытын туташтырган каттамдарга коё берүү пландалууда.Британиялык саясат таануучу Анатоль Ливен Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн негизги үч кадамды сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болсо керек деген пикирин айткан. Анын пикиринде, биринчи кезекте алыска учуучу ракеталарды Россиянын аймагына колдонууга тыюу салуу керек. Ошол эле учурда Украинага коргонуу линиясын чыңдоого болушунча жардам көрсөтүп, кошумча курал-жарак менен камсыздоо зарыл.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/03/1090568922_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fdefdfa1d86350cd3f5bdd0bfa41b10b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио