00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
9 мин
Максимальный репост
ОСАГО и страхование имущества: что нужно знать каждому кыргызстанцу?
16:10
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү максаты эмнеде?
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Буллинг, кибербуллинг и квадробинг: как Минобразования собирается бороться с проблемами школьников
18:09
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Вода и энергия: основные вызовы и решения для Центральной Азии
20:06
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шартын жакшыртуу өлкөнүн эң башкы мүдөөлөрүнүн бири. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, өзгөчө муктаждыктары бар жарандар коомдун ажырагыс бөлүгү катары өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуп келишүүдө. "Жакынкы жылдары кошумча колдоону талап кылган жарандарыбыз үчүн социалдык стационардык мекемелерди жакшыртуу, жаңылоо боюнча иш-мерчемдерибиз бар. Ошону менен бирге 2030-жылга чейин кабыл алынган "Жеткиликтүү өлкө" программасынын алкагында белгиленген ыңгайлуу инфратүзүм түзүү, медициналык-социалдык экспертизаны өнүктүрүү, реабилитация жана абилитация системасын өркүндөтүү, инклюзивдүү билим берүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу жаатында чараларды ишке ашырабыз", — деп жазылган кайрылууда. Ошондой эле президент мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын укуктары менен адамдык кадыр-баркын урматтоого, алардын жетишкендиктерин сыйлоого тарбиялоо жаатында иштер ырааттуу жүргүзүлүшү керектигин кошумчалаган.
Улуттук гвардиянын жоокери токмоктолуп, аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалыматка ылайык, келгенине 1,5 ай гана болгон жоокер 15-ноябрь күнү сабалып, кан аралаш заара кылып калган. Ал Кой-Таштагы ооруканага жатып, Улуттук госпиталга 22-ноябрда түшкөн.Буга чейин соцтармактарда Улуттук гвардияда аскердик милдетин өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер сержанттар тарабынан сабалып, бөйрөгү жанчылып, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Жоокерге "курч гломеруонефрит, нефрологиялык синдром" диагнозу коюлган. Башкы прокуратура иш аскердик прокурордун жеке көзөмөлүнө өткөнүн, күнөөлүүлөр жазасын аларын кабарлаган.
Россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реваншы 22-февралга белгиленди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.13-октябрда Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Артур Бетербиев калыстардын чечими менен Дмитрий Биволду жеңип, жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамын алган.39 жаштагы Бетербиев профессионалдык бокстогу карьерасында жеңилүү ызасын тартпай, 21 жолу жеңишке жеткен. Ал эми 33 жаштагы Биволдун эсебинде 23 жеңиш жана бир жеңилүү бар.
Эки жылга созулган иликтөөдөн кийин АКШ Конгресси коронавирус лабораторияда жасалып жайылганын билдирди. Бул тууралуу америкалык мыйзамчылардын докладында айтыларын РИА Новости кабарлады. "COVID-19 вирусу Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыккан деп айтууга негиздер жетиштүү", — деп жазылган документте. Конгрессмендер вирус табиятта кездешпеген биологиялык өзгөчөлүктөргө ээ экенин белгилешкен. Мындан тышкары, коронавируска чейинки пандемиялар ар кандай болуп жукса, COVID-19дун бардык учуру бир жол менен — адамдын организмине кирүү менен жайылганы белгиленди. Докладда Ухандагы лаборатория жүргүзүлгөн эксперименттер "биологиялык кооптуулук жакшы эмес" учурда жасалганы айтылат. Ошол эле докладда коронавирус пандемиясы учурунда АКШда мамлекеттик жардам көрсөтүүдө алдамчылык схемаларынын негизинде 250 миллиард доллардан ашык акча уурдалганы да аныкталганы белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0