https://sputnik.kg/20241206/1090648169.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайтЛавров Батыш менен Зеленскийдин Украина боюнча өзгөргөн билдирүүлөрүн санадыМөңгү талкаланган. "Кыргыз... 06.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-06T15:00+0600
2024-12-06T15:00+0600
2024-12-06T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/06/1090648037_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_87e7934bdf09e1f3700246db3582cf5a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайтЛавров Батыш менен Зеленскийдин Украина боюнча өзгөргөн билдирүүлөрүн санадыМөңгү талкаланган. "Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кармалдыалдыда кененирээк"Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ж.М.Ш. аттуу шектүү компетенттүү органдар менен макулдашпастан, мөңгүнү талкалап, "Загара-2" кенине жол кура баштаган. Ошондой эле "Кыргыз көмүр" экологиялык экспертиза жүргүзүү суранычы менен Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгына бир нече жолу кайрылып, оң жооп алган эмес", — деп айтылат маалыматта. Натыйжада 14 миллион 978 миң сомдук экологиялык зыян (топурактын асылдуулугуна, мөңгүлөргө жана токойго) келтирилгени белгилүү болду.
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Буга чейин Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстаныктарды жаңы жылдык салюттарды аттырбоого, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырган. "Салют аттырганда зыяндуу заттар бөлүнүп, аба булганат. Мындан тышкары, колдонулган салюттардан ири көлөмдө таштанды чыгып, көп акча коромжу болот", — деп жазылган маалыматта. Министрлик майрамдык иш-чараларды салют аттырып, экологияны булгабай эле диоддук жарык, голограммалар менен майрамдык атмосфера түзсө болорун белгиледи.
Батыш менен Зеленскийдин Украинадагы чатак боюнча жасаган билдирүүлөрү өзгөргөнүн Москва угуп жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров айтты. "Жылдын биринчи жарымында дагы бир конференция уюштуруп, бул сапар Россияны "сыпайылык менен чакыра" тургандыктарын айтып мактанышууда. Анда Россияга шарт коюлат деп жатышат. Мунун баарын кадимкидей эле олуттуулук менен жашыруун делген ар кыл каналдар аркылуу кайталашууда", — деген Лавров америкалык журналист Такер Карлсон менен маектешип жатып. Ал билдирүүлөр өзгөрүп да жаткандыгына токтолгон.Министр Батыш өкүлдөрүнүн "Украинасыз Украина туурасында эч нерсе айтылбайт" дегендери негизи "Россиясыз Россия тууралуу эч нерсе айтылбайт" дегенди билдирет деп кошумчалады.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан бейшембиде Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак менен жолукканда Киевге жүз миңдеген снаряд, сооттолгон техника жөнөтүүгө убада кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кезектеги көмөк 2025-жылдын январында берилери айтылды. Буга чейин РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова мамлекет башчы Жозеф Байдендин администрациясы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп кызматка отурганга чейин Украинага жардамдын калган бөлүгүн шашылыш берүүгө аракет кылып жаткандыгын айткан. Бул 2025-жылы согушту улантууну камсыздоо үчүн жасалганын белгилеген. "Жейк Салливан бейшемби күнү Андрей Ермак менен жолукканда январды ортолоп Киевге кошумча жүз миңдеген снаряд, сооттолгон техника жөнөтүүгө убада кылды", — деп айтылган маалыматта. АКШ Украинаны аскер жактан колдоп турууга убада кылган, тагыраагы, өлкө аймагынан сырткары жерлерде жаңы жоокерлерди машыктырып, согушууга үйрөтүүгө сөз бергени кабарланды.
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайтЛавров Батыш менен Зеленскийдин Украина боюнча өзгөргөн билдирүүлөрүн санадыМөңгү талкаланган. "Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кармалдыалдыда кененирээк"Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ж.М.Ш. аттуу шектүү компетенттүү органдар менен макулдашпастан, мөңгүнү талкалап, "Загара-2" кенине жол кура баштаган. Ошондой эле "Кыргыз көмүр" экологиялык экспертиза жүргүзүү суранычы менен Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгына бир нече жолу кайрылып, оң жооп алган эмес", — деп айтылат маалыматта. Натыйжада 14 миллион 978 миң сомдук экологиялык зыян (топурактын асылдуулугуна, мөңгүлөргө жана токойго) келтирилгени белгилүү болду. Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Буга чейин Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстаныктарды жаңы жылдык салюттарды аттырбоого, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырган. "Салют аттырганда зыяндуу заттар бөлүнүп, аба булганат. Мындан тышкары, колдонулган салюттардан ири көлөмдө таштанды чыгып, көп акча коромжу болот", — деп жазылган маалыматта. Министрлик майрамдык иш-чараларды салют аттырып, экологияны булгабай эле диоддук жарык, голограммалар менен майрамдык атмосфера түзсө болорун белгиледи.Батыш менен Зеленскийдин Украинадагы чатак боюнча жасаган билдирүүлөрү өзгөргөнүн Москва угуп жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров айтты. "Жылдын биринчи жарымында дагы бир конференция уюштуруп, бул сапар Россияны "сыпайылык менен чакыра" тургандыктарын айтып мактанышууда. Анда Россияга шарт коюлат деп жатышат. Мунун баарын кадимкидей эле олуттуулук менен жашыруун делген ар кыл каналдар аркылуу кайталашууда", — деген Лавров америкалык журналист Такер Карлсон менен маектешип жатып. Ал билдирүүлөр өзгөрүп да жаткандыгына токтолгон.Министр Батыш өкүлдөрүнүн "Украинасыз Украина туурасында эч нерсе айтылбайт" дегендери негизи "Россиясыз Россия тууралуу эч нерсе айтылбайт" дегенди билдирет деп кошумчалады. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан бейшембиде Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак менен жолукканда Киевге жүз миңдеген снаряд, сооттолгон техника жөнөтүүгө убада кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кезектеги көмөк 2025-жылдын январында берилери айтылды. Буга чейин РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова мамлекет башчы Жозеф Байдендин администрациясы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп кызматка отурганга чейин Украинага жардамдын калган бөлүгүн шашылыш берүүгө аракет кылып жаткандыгын айткан. Бул 2025-жылы согушту улантууну камсыздоо үчүн жасалганын белгилеген. "Жейк Салливан бейшемби күнү Андрей Ермак менен жолукканда январды ортолоп Киевге кошумча жүз миңдеген снаряд, сооттолгон техника жөнөтүүгө убада кылды", — деп айтылган маалыматта. АКШ Украинаны аскер жактан колдоп турууга убада кылган, тагыраагы, өлкө аймагынан сырткары жерлерде жаңы жоокерлерди машыктырып, согушууга үйрөтүүгө сөз бергени кабарланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/06/1090648037_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c858f0c4c7d5051c848b12972e3144a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио