https://sputnik.kg/20241213/toktogul-suu-saktagychy-elektr-1090796264.html
Өчүрүүгө аргасызбыз! Министрлик электр кубатын үнөмдөөгө чакырды
Өчүрүүгө аргасызбыз! Министрлик электр кубатын үнөмдөөгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T11:30+0600
2024-12-13T11:30+0600
2024-12-13T11:32+0600
кыргызстан
энергетика
токтогул суу сактагычы
электр энергиясы
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/16/1060632390_0:68:2835:1663_1920x0_80_0_0_c3b57324991d271068bc3c145b6562e9.jpg
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган.Ошондой эле Токтогул суу сактагычында жылытуу мезгилине карата 13,257 милиард куб метр суу топтолгон. Электр энергияны керектөөнүн кескин өсүшүнөн улам бүгүнкү күнгө бир миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кеткен."Эгерде энергияны колдонуу ушундай темп менен кетсе, анда кышкы жылытуу мезгилинин бүтүшүнө чейин суунун көлөмү 6 миллиард куб метрге чейин төмөндөшү ыктымал. Бул деген 2025-жылдын 1-апрелине карата Токтогулдагы суунун көлөмү 6,5-6,2 миллиард куб метрди түзүп, кооптуулукту жаратышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.Мындан улам министрлик колдонуучуларды эртең менен жана кечинде электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырган.
https://sputnik.kg/20241211/zardaly-ayylyna-elektr-zharygy-berildi-1090735066.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/16/1060632390_264:0:2572:1731_1920x0_80_0_0_d17534b0f108c2d1393a396578f9b9d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, энергетика, токтогул суу сактагычы, электр энергиясы
кыргызстан, энергетика, токтогул суу сактагычы, электр энергиясы
Өчүрүүгө аргасызбыз! Министрлик электр кубатын үнөмдөөгө чакырды
11:30 13.12.2024 (Жаңыртылды: 11:32 13.12.2024) БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган.
"Учурда электрди ашыкча колдонгон аймактарда энергетиктер абоненттерди башка линияга которууда. Буга бир-эки сааттык убакыт талап кылынат. Бул учурда свет өчөт. Эгерде мындай чара көрүлбөсө, кымбат жабдуулар иштен чыгышы мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Токтогул суу сактагычында жылытуу мезгилине карата 13,257 милиард куб метр суу топтолгон. Электр энергияны керектөөнүн кескин өсүшүнөн улам бүгүнкү күнгө бир миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кеткен.
"Эгерде энергияны колдонуу ушундай темп менен кетсе, анда кышкы жылытуу мезгилинин бүтүшүнө чейин суунун көлөмү 6 миллиард куб метрге чейин төмөндөшү ыктымал. Бул деген 2025-жылдын 1-апрелине карата Токтогулдагы суунун көлөмү 6,5-6,2 миллиард куб метрди түзүп, кооптуулукту жаратышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам министрлик колдонуучуларды эртең менен жана кечинде электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырган.