https://sputnik.kg/20250331/1093013908.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан алтынчы орунду ээледиАрмения ЖККУну каржылоодон баш тарттыКыргызстан алты чет мамлекеттин паспортторун басып чыгара... 31.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-31T15:00+0600
2025-03-31T15:00+0600
2025-03-31T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093013776_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6d39e8043a4d90ddbc6adb2e919917d4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан алтынчы орунду ээледиАрмения ЖККУну каржылоодон баш тарттыКыргызстан алты чет мамлекеттин паспортторун басып чыгара баштайт Алдыда кененирээкКыргызстанда магнитудасы 4,3кө жеткен жер титиреди. Очогу Чүй облусундагы Ысык-Ата районунда жайгашып, саат 13:25те сезилди. Ошондой эле, ушул эле убакытта Нарын облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда КР Сейсмология институту муну тактоо иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, Кыргызстанда 28-март күнү таңга маал жер силкинип, Таластын Көпүрө-Базар айылында 6 баллга жеткени айтылган. Ал эми Бишкекте 4 балл сезилген. Ал күнү жалпы жонунан үч ирет жер титиреген.
Иорданияда 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан кыз-жигиттер алты медаль алып, командалык эсепте 6-орунду камсыздады. Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) колону утту. Кыз-келиндер арасынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 кг) коло тагынды. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын, Орозбек Токтомамбетов (74 кг) күмүш алды. Натыйжада жалпы командалык эсепте биздин өлкөнүн спортчулары Иран, Япония, Түндүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан кийинки орунга жайгашты.
Кыргызстан жакын арада алты чет мамлекеттин паспортторун чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, паспорт даярдоо боюнча азыр африкалык эки өлкө: Гана жана Намибия менен келишим түзүлдү. Келерки аптада чет мамлекеттер менен дагы төрт келишимге кол коюлат. Бирок Каныбек Туманбаев бул өлкөлөрдүн атын атоодон баш тартты. Ал бул тууралуу келишимдерге кол коюлгандан кийин гана билдирерин белгиледи. Эске салсак, Кыргызстан өз паспортторун 2023-жылдын сентябрь айынан тарта басып чыгара баштаган. Документтерди «Учкун» мамлекеттик басмаканасы чыгарат. Буга чейин өлкө ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду чет өлкөдөн буйрутма менен алып келген.
Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына ЖККУну каржылоону караган документке кол коюудан баш тартуу чечимин кабарлады. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин Sputnik Армения жазды. "Армения тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына Жамааттык коопсуздук кеңешинин "2024-жылга ЖККУнун бюджети жөнүндө" чечимине кол коюудан жана уюмдун анда каралган иш-чараларын каржылоого катышуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу расмий кабарлады", — деген өлкө ТИМи. Ведомство ошондой эле ЖККУнун ички жол-жоболоруна ылайык, жылдык бюджет тууралуу маалымат коомчулукка таркатылбай турганын белгилеген. Буга чейин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин эгер Армения 2025-жылдын соңуна чейин төлөмдү төлөбөсө, ЖККУга мүчө мамлекеттер кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кандай сценарийлерин карашы мүмкүн экенин билдирген.2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика ЖККУга катышууну тоңдурганын жарыялаган. Кийинчерээк ал Армениянын уюмга кайтып келиши барган сайын кыйындап баратканын айткан.
Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан алтынчы орунду ээледиАрмения ЖККУну каржылоодон баш тарттыКыргызстан алты чет мамлекеттин паспортторун басып чыгара баштайт Алдыда кененирээкКыргызстанда магнитудасы 4,3кө жеткен жер титиреди. Очогу Чүй облусундагы Ысык-Ата районунда жайгашып, саат 13:25те сезилди. Ошондой эле, ушул эле убакытта Нарын облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда КР Сейсмология институту муну тактоо иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, Кыргызстанда 28-март күнү таңга маал жер силкинип, Таластын Көпүрө-Базар айылында 6 баллга жеткени айтылган. Ал эми Бишкекте 4 балл сезилген. Ал күнү жалпы жонунан үч ирет жер титиреген.Иорданияда 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан кыз-жигиттер алты медаль алып, командалык эсепте 6-орунду камсыздады. Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) колону утту. Кыз-келиндер арасынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 кг) коло тагынды. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын, Орозбек Токтомамбетов (74 кг) күмүш алды. Натыйжада жалпы командалык эсепте биздин өлкөнүн спортчулары Иран, Япония, Түндүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан кийинки орунга жайгашты.Кыргызстан жакын арада алты чет мамлекеттин паспортторун чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, паспорт даярдоо боюнча азыр африкалык эки өлкө: Гана жана Намибия менен келишим түзүлдү. Келерки аптада чет мамлекеттер менен дагы төрт келишимге кол коюлат. Бирок Каныбек Туманбаев бул өлкөлөрдүн атын атоодон баш тартты. Ал бул тууралуу келишимдерге кол коюлгандан кийин гана билдирерин белгиледи. Эске салсак, Кыргызстан өз паспортторун 2023-жылдын сентябрь айынан тарта басып чыгара баштаган. Документтерди «Учкун» мамлекеттик басмаканасы чыгарат. Буга чейин өлкө ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду чет өлкөдөн буйрутма менен алып келген.Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына ЖККУну каржылоону караган документке кол коюудан баш тартуу чечимин кабарлады. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин Sputnik Армения жазды. "Армения тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына Жамааттык коопсуздук кеңешинин "2024-жылга ЖККУнун бюджети жөнүндө" чечимине кол коюудан жана уюмдун анда каралган иш-чараларын каржылоого катышуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу расмий кабарлады", — деген өлкө ТИМи. Ведомство ошондой эле ЖККУнун ички жол-жоболоруна ылайык, жылдык бюджет тууралуу маалымат коомчулукка таркатылбай турганын белгилеген. Буга чейин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин эгер Армения 2025-жылдын соңуна чейин төлөмдү төлөбөсө, ЖККУга мүчө мамлекеттер кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кандай сценарийлерин карашы мүмкүн экенин билдирген.2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика ЖККУга катышууну тоңдурганын жарыялаган. Кийинчерээк ал Армениянын уюмга кайтып келиши барган сайын кыйындап баратканын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093013776_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_73ab3edd444fc7526b292efe6fdff89e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио