https://sputnik.kg/20250110/1091331201.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк финансылык уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда... 10.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-10T11:00+0600
2025-01-10T11:00+0600
2025-01-10T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0a/1091331069_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_54d85863103180c6796582d605eec4d3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк финансылык уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда айрым учурда насыялардын пайызы 33-34 пайызга чейин жетип жатканы белгиленген."Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогорку комиссиялар жарандарга жана бизнеске терс таасирин тийгизет. Бул финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн чектеп, экономикалык өнүгүүнү жайлатат. Жашыруун комиссиялар жана татаал тарифтер кардарлар үчүн түшүнүксүз. Жогорку тарифтер бизнес чыгымдарын көбөйтүп, товарлардын баасын жогорулатып, экономикага тобокелдиктерди жаратат", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.Ушуга байланыштуу Улуттук банкка банктар жана башка финансы уюмдарына комиссиялык сый акыларды, тарифтерди жана пайыздык чендерди жөнгө салууга, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүгө укук берүү каралган.
Ош шаарынан Ысык-Көлдүн Каракол калаасына Asman Airlines учагы каттай баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди. Аталган каттам жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Билет баасы 4 100 сомдон башталары айтылды.Asman Airlines компаниясынын башка дагы каттамдары: Бишкек – Талас (жумасына 1 жолу); Бишкек – Ош (күндө); Бишкек – Жалал-Абад (жумасына 5 жолу); Бишкек – Баткен (жумасына 3 жолу); Бишкек – Раззаков (жумасына 3 жолу); Бишкек – Каракол (жумасына 2 жолу). Январдын аягында Бишкектен Кербенге жаңы каттам ачылары күтүлүүдө.
Быйыл Бишкектин гүлзарларына 1 млн 600 миңден ашык гүл отургузулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын №1 күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери жүргүзүлдү. Биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 370 миңге жакын үрөөнү себилди. Алар өнүп чыккан соң чөйчөккө көчүрүлөт. Андан соң гүлдөр «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын күнөсканаларында өстүрүлөт. Белгилей кетсек, 2025-жылдын жай мезгилинде борбор калаада 1 млн 600 миңден ашык бир жылдык гүл гүлдөйт. Быйыл гүлзарларды сальвия, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башка гүлдөр кооздойт.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин аны менен жолугууга ниетин билдиргенин жар салды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Трамптын айтымында, тараптар бул жолугушууну даярдап жатышат.Ал эми Владимир Путин, Кытай лидери Си Цзиньпин менен болчу үч тараптуу кездешүү туурасында суроого маселе кийинчерээк аныкталарын айтып жооп берди. Россия президенти декабрдагы жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында Трамп менен жолугуп сүйлөшүүгө даярдыгын, эгерде экөө кездешсе сүйлөшө турган кептин бардыгын айткан. Трамп өзү мурдараак Россия лидеринин диалогго даярдыгы боюнча кабардар экендигин, бирок Ак үйгө расмий кайтып келгенден кийин гана сүйлөшүү мүмкүндүгүн билдирген болчу. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жолугушуусу боюнча конкреттүү пландардын жоктугун, америкалык саясатчы тарабынан бул жаатта "умтулуу" боло электигин белгилеген эле.
Улуттук банк финансылык уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда айрым учурда насыялардын пайызы 33-34 пайызга чейин жетип жатканы белгиленген."Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогорку комиссиялар жарандарга жана бизнеске терс таасирин тийгизет. Бул финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн чектеп, экономикалык өнүгүүнү жайлатат. Жашыруун комиссиялар жана татаал тарифтер кардарлар үчүн түшүнүксүз. Жогорку тарифтер бизнес чыгымдарын көбөйтүп, товарлардын баасын жогорулатып, экономикага тобокелдиктерди жаратат", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.Ушуга байланыштуу Улуттук банкка банктар жана башка финансы уюмдарына комиссиялык сый акыларды, тарифтерди жана пайыздык чендерди жөнгө салууга, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүгө укук берүү каралган.Ош шаарынан Ысык-Көлдүн Каракол калаасына Asman Airlines учагы каттай баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди. Аталган каттам жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Билет баасы 4 100 сомдон башталары айтылды.Asman Airlines компаниясынын башка дагы каттамдары: Бишкек – Талас (жумасына 1 жолу); Бишкек – Ош (күндө); Бишкек – Жалал-Абад (жумасына 5 жолу); Бишкек – Баткен (жумасына 3 жолу); Бишкек – Раззаков (жумасына 3 жолу); Бишкек – Каракол (жумасына 2 жолу). Январдын аягында Бишкектен Кербенге жаңы каттам ачылары күтүлүүдө.Быйыл Бишкектин гүлзарларына 1 млн 600 миңден ашык гүл отургузулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын №1 күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери жүргүзүлдү. Биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 370 миңге жакын үрөөнү себилди. Алар өнүп чыккан соң чөйчөккө көчүрүлөт. Андан соң гүлдөр «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын күнөсканаларында өстүрүлөт. Белгилей кетсек, 2025-жылдын жай мезгилинде борбор калаада 1 млн 600 миңден ашык бир жылдык гүл гүлдөйт. Быйыл гүлзарларды сальвия, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башка гүлдөр кооздойт. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин аны менен жолугууга ниетин билдиргенин жар салды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Трамптын айтымында, тараптар бул жолугушууну даярдап жатышат.Ал эми Владимир Путин, Кытай лидери Си Цзиньпин менен болчу үч тараптуу кездешүү туурасында суроого маселе кийинчерээк аныкталарын айтып жооп берди. Россия президенти декабрдагы жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында Трамп менен жолугуп сүйлөшүүгө даярдыгын, эгерде экөө кездешсе сүйлөшө турган кептин бардыгын айткан. Трамп өзү мурдараак Россия лидеринин диалогго даярдыгы боюнча кабардар экендигин, бирок Ак үйгө расмий кайтып келгенден кийин гана сүйлөшүү мүмкүндүгүн билдирген болчу. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жолугушуусу боюнча конкреттүү пландардын жоктугун, америкалык саясатчы тарабынан бул жаатта "умтулуу" боло электигин белгилеген эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0a/1091331069_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b9ec90ed8eb4355bd45713b4e3c09845.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио