https://sputnik.kg/20250110/1091336327.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ташиев Испанияда кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна даярдыгын текшердиЧет жактан ташылган автоунааларды алты айдын ичинде легалдаштыруу тапшырылдыКүйүүчү май... 10.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-10T13:00+0600
2025-01-10T13:00+0600
2025-01-10T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0a/1091336195_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c1237693d9b04ce65a7c6604fd851f91.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ташиев Испанияда кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна даярдыгын текшердиЧет жактан ташылган автоунааларды алты айдын ичинде легалдаштыруу тапшырылдыКүйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандаганы айтылдыАлдыда кененирээкКүйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди. Анын айтымында, бензин 10-декабрда 3 сомго, кечээ дагы 3 сомго чейин төмөндөгөн. "Мындай арзандатуу калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Көпчүлүк колдонгон АИ 92 бензини ар кайсы компанияда ар кандай сатылып жатат, өлкөдө орто эсеп менен 62 сом болууда", — деди ал. Эшатов бензиндин баасы Россиядан көз каранды экенин, ал жак бааны көтөрсө кайра бизде да жогорулай турганын кошумчалады.
Чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу иштери башталат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Максаты кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессин ачык-айкын кылуу жана автотранспорт ээлеринин укугун коргоо экени белгиленди. Жарлыкта министрлер кабинетине эки айдын ичинде жоболорун иштеп чыгып, үч этап менен жарым жылдын ичинде легалдаштыруу тапшырылган. Мыйзамдаштыруу этаптары: документтери бар автоунааларды каттоо; документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унааларды каттоо; документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү
Россия Арменияда ЕБге кирүү боюнча мыйзам долбоорунун талкууланып жатышын Еревандын ЕАЭБден чыгышынын башталышы катары карайт. Бул туурасында РФтин вице-премьери Алексей Оверчук билдиргенин РИА Новости жазды "Арменияда "Евробиримдикке кошулуу процессинин башталышы жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап жатышын Еревандын ЕАЭБден чыгышынын башталышы катары карайбыз. Россия Армения менен экономикалык саясат жаатындагы алакасын ушул кырдаалга жараша жүргүзмөкчү", — деген Оверчук журналисттерге. Вице-премьердин пикиринде, бул эки союзга бирдей мүчө болууга мүмкүн эмес. ЕАЭБ менен мамиледен баш тартканда энергия менен азык-түлүктүн баасы өсөт. Оверчук алардын товарынын экспорту 80 пайызга кыскарышы мүмкүндүгүн кошумчалады. "Ошентип карапайым эл кирешесинен, ишинен кол жууп, зарыл болгон нерселерин кымбатка сатып алат. Бул үчүн "визасыздыкты" (европалык мамлекеттерге) алат, ал эми Армениянын калкынын саны азаят. Евробиримдик учурда туш келип жаткан экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү эске алганда ага мүчө болуу "Титаникке" билет алгандай нерсе экени улам түшүнүктүү боло баштады", — деген ал.
Камчыбек Ташиев Испанияда машыгып жаткан футболчулардын Азия кубогуна даярдыгын көрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, федерациянын президенти жаш футболчулар менен 9-январда жолугуп, алардын жолдоштук беттешин стадиондон көрдү.Анда 20 жашка чейинкилер арасындагы кыргыз курама командасы Испаниянын "Картахена" клубуна каршы ойноп, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан соң Камчыбек Ташиев футболчулардын Азия кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи. Азия кубогу февралда Кытайда өтөт.
Ташиев Испанияда кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна даярдыгын текшердиЧет жактан ташылган автоунааларды алты айдын ичинде легалдаштыруу тапшырылдыКүйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандаганы айтылдыАлдыда кененирээкКүйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди. Анын айтымында, бензин 10-декабрда 3 сомго, кечээ дагы 3 сомго чейин төмөндөгөн. "Мындай арзандатуу калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Көпчүлүк колдонгон АИ 92 бензини ар кайсы компанияда ар кандай сатылып жатат, өлкөдө орто эсеп менен 62 сом болууда", — деди ал. Эшатов бензиндин баасы Россиядан көз каранды экенин, ал жак бааны көтөрсө кайра бизде да жогорулай турганын кошумчалады.Чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу иштери башталат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Максаты кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессин ачык-айкын кылуу жана автотранспорт ээлеринин укугун коргоо экени белгиленди. Жарлыкта министрлер кабинетине эки айдын ичинде жоболорун иштеп чыгып, үч этап менен жарым жылдын ичинде легалдаштыруу тапшырылган. Мыйзамдаштыруу этаптары: документтери бар автоунааларды каттоо; документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унааларды каттоо; документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүРоссия Арменияда ЕБге кирүү боюнча мыйзам долбоорунун талкууланып жатышын Еревандын ЕАЭБден чыгышынын башталышы катары карайт. Бул туурасында РФтин вице-премьери Алексей Оверчук билдиргенин РИА Новости жазды "Арменияда "Евробиримдикке кошулуу процессинин башталышы жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап жатышын Еревандын ЕАЭБден чыгышынын башталышы катары карайбыз. Россия Армения менен экономикалык саясат жаатындагы алакасын ушул кырдаалга жараша жүргүзмөкчү", — деген Оверчук журналисттерге. Вице-премьердин пикиринде, бул эки союзга бирдей мүчө болууга мүмкүн эмес. ЕАЭБ менен мамиледен баш тартканда энергия менен азык-түлүктүн баасы өсөт. Оверчук алардын товарынын экспорту 80 пайызга кыскарышы мүмкүндүгүн кошумчалады. "Ошентип карапайым эл кирешесинен, ишинен кол жууп, зарыл болгон нерселерин кымбатка сатып алат. Бул үчүн "визасыздыкты" (европалык мамлекеттерге) алат, ал эми Армениянын калкынын саны азаят. Евробиримдик учурда туш келип жаткан экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү эске алганда ага мүчө болуу "Титаникке" билет алгандай нерсе экени улам түшүнүктүү боло баштады", — деген ал.Камчыбек Ташиев Испанияда машыгып жаткан футболчулардын Азия кубогуна даярдыгын көрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, федерациянын президенти жаш футболчулар менен 9-январда жолугуп, алардын жолдоштук беттешин стадиондон көрдү.Анда 20 жашка чейинкилер арасындагы кыргыз курама командасы Испаниянын "Картахена" клубуна каршы ойноп, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан соң Камчыбек Ташиев футболчулардын Азия кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи. Азия кубогу февралда Кытайда өтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0a/1091336195_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_256b7efbc8bddc88ef4e310a4ae37d2e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио