https://sputnik.kg/20250224/1092257233.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 45 млрд. 696 млн. сом кирешесин бюджетке которотАКШнын финансы министри Киевдин башкы талабын четке кактыӨлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба... 24.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-24T17:00+0600
2025-02-24T17:00+0600
2025-02-24T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092257101_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_adce4f6f9c2f89451b43789a16d43cb2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 45 млрд. 696 млн. сом кирешесин бюджетке которотАКШнын финансы министри Киевдин башкы талабын четке кактыӨлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникалары 80 пайызга даярАлдыда кененирээкӨлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникаларынын даярдыгы 80 пайызды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Азыркы тапта өлкө боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 149 трактордун ичинен 17 497 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 79%ы, соколордун 80%ы, үрөн сепкичтердин 77%ы, малалардын 77%ы, жерсемирткич чачкычтардын 82%ы, арык казгычтардын 85%ы, жер тегиздегичтердин 81%ы, трактор чиркегичтеринин 84%ы даяр. Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле республиканын аймактарында жазгы айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр. Ошентип, учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 80%ды түздү.
Улуттук банк 45 миллиард 696 миллион сом кирешесин республикалык бюджетке которот. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Маалыматка ылайык, анын 35 миллиард сомун Мамлекеттик ипотекалык компания алат. Калган каражат Турукташтыруу фондуна бөлүнсө, 1 миллиард сом Улуттук банкка кайтарылары айтылган. Эске салсак, Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которгону кабарланган. Анда банктын кирешеси негизинен алтын сатуу жана сатып алуудан, интервенциялар аркылуу табылган 7 миллиард сом "Керемет банкты" сатуудан түшкөнү кошумчаланган.
Бишкек шаарындагы №100 Байдылда Сарногоев атындагы мектепте Жеңиш музейи ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, музейге коюлган ар бир буюмдун баа жеткис орду, тарыхы бар. Мектеп директору келген конокторго жаңы музейди көрсөтүп, андан кийин иш-чара жыйындар залында уланды. Иш-чаранын катышуучулары жылуу пикирлерин билдирип, музей өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө жана сактоого чоң салым кошуп жатканын белгилешти. Өз кезегинде согуштун ардагерлерине концерттик программа тартууланды. Жеңиш музейин ачуунун максаты - баатырларыбызды эскерүү, Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктерин түбөлүккө калтыруу.
Киев менен Вашингтондун ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимде аскердик кепилдик тууралуу сөз жок. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Скотт Бессент Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Келишимде камтылбаган нерсе — аскердик кепилдик. Камтылганы — экономикалык кепилдик. Эгер АКШ олуттуу инвестиция жасай турган болсо, экономикалык коопсуздук кепилдиги болушу керек", — деген Бессент. Министр келишимде "стратегиялык пайдалуу кен, энергетика жана мамлекеттик ишканалар" каралганын кошумчалады. "Зеленский келишимге жакын арада кол коет деп ойлойм", — деди Бессент. Эскерте кетсек, Зеленский Украина сейрек кездешүүчү металлдарынын ордуна коопсуздук кепилдигин сурай турганын билдирген. Анын айтымында, мындай кепилдиксиз түзүлгөн келишим "адилеттүү болбойт".
Улуттук банк 45 млрд. 696 млн. сом кирешесин бюджетке которотАКШнын финансы министри Киевдин башкы талабын четке кактыӨлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникалары 80 пайызга даярАлдыда кененирээкӨлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникаларынын даярдыгы 80 пайызды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Азыркы тапта өлкө боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 149 трактордун ичинен 17 497 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 79%ы, соколордун 80%ы, үрөн сепкичтердин 77%ы, малалардын 77%ы, жерсемирткич чачкычтардын 82%ы, арык казгычтардын 85%ы, жер тегиздегичтердин 81%ы, трактор чиркегичтеринин 84%ы даяр. Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле республиканын аймактарында жазгы айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр. Ошентип, учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 80%ды түздү. Улуттук банк 45 миллиард 696 миллион сом кирешесин республикалык бюджетке которот. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Маалыматка ылайык, анын 35 миллиард сомун Мамлекеттик ипотекалык компания алат. Калган каражат Турукташтыруу фондуна бөлүнсө, 1 миллиард сом Улуттук банкка кайтарылары айтылган. Эске салсак, Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которгону кабарланган. Анда банктын кирешеси негизинен алтын сатуу жана сатып алуудан, интервенциялар аркылуу табылган 7 миллиард сом "Керемет банкты" сатуудан түшкөнү кошумчаланган.Бишкек шаарындагы №100 Байдылда Сарногоев атындагы мектепте Жеңиш музейи ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, музейге коюлган ар бир буюмдун баа жеткис орду, тарыхы бар. Мектеп директору келген конокторго жаңы музейди көрсөтүп, андан кийин иш-чара жыйындар залында уланды. Иш-чаранын катышуучулары жылуу пикирлерин билдирип, музей өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө жана сактоого чоң салым кошуп жатканын белгилешти. Өз кезегинде согуштун ардагерлерине концерттик программа тартууланды. Жеңиш музейин ачуунун максаты - баатырларыбызды эскерүү, Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктерин түбөлүккө калтыруу.Киев менен Вашингтондун ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимде аскердик кепилдик тууралуу сөз жок. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Скотт Бессент Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Келишимде камтылбаган нерсе — аскердик кепилдик. Камтылганы — экономикалык кепилдик. Эгер АКШ олуттуу инвестиция жасай турган болсо, экономикалык коопсуздук кепилдиги болушу керек", — деген Бессент. Министр келишимде "стратегиялык пайдалуу кен, энергетика жана мамлекеттик ишканалар" каралганын кошумчалады. "Зеленский келишимге жакын арада кол коет деп ойлойм", — деди Бессент. Эскерте кетсек, Зеленский Украина сейрек кездешүүчү металлдарынын ордуна коопсуздук кепилдигин сурай турганын билдирген. Анын айтымында, мындай кепилдиксиз түзүлгөн келишим "адилеттүү болбойт".
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092257101_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_20fcb28dc37b7da82b3b59bd594a6101.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио