00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандагы органикалык айыл чарбанын абалы кандай? — сертификациялоо, органикалык аймактар
13:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:00
3 мин
Особый акцент
Древние жители Алтая: кем они были и какую культуру оставили?
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Ышка каршы күрөштөгү бак-дарактын орду – Шаарда жашыл аймактар эмнеге керек?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кариес — эпидемия XXI века? Что говорят стоматологи
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Апама болгон ашыктыгы атамды искусствого жетелеп келген. Улугбев Маратовдун эскерүүсү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Дүйнө чемпионатына тандоо — “Ак шумкарлардын” алдыдагы оюндарга даярдыгы кандай?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ышка каршы күрөштөгү бак-дарактын орду – Шаарда жашыл аймактар эмнеге керек?
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара боюнча келишимге кол коюшту. Муну менен катарлаш эле эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын ачылыш аземи болду. Буга өлкө башчылар онлайн уруксат беришти.Кеп Лейлек районундагы "Кайрагач" жана Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пунктары жөнүндө болууда. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери президенттерден бул пунктулардын ишин кайра жандандырууга уруксат сурашты.Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 2021-жылдын май айындагы куралдуу жаңжалдан кийин жабылган.
Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча келишимине кол коюу тагдыр өзгөрткөн, тарыхый окуя экенин президент Садыр Жапаров "Ынтымак ордодо" Эмомали Рахмон менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчы Тажикстан менен достукта, коңшулук мамиледе болуу Кыргызстандын тышкы саясатынын негиздеринин бири экенине токтолду. "Мамлекеттерибиз байыркы тарых, маданият жана каада-салт менен байланышкан. Аймактык жана эл аралык маселелерде окшош позициядабыз", — деди Жапаров. Рахмон кыргызстандык кесиптешинин сөзүн колдоду. "Бүгүн кол коюлчу документтер эки тараптуу мамиленин жаңы барагын баштайт. Бүгүнкү жолугушуу эки өлкө элинин түпкү кызыкчылыгына жооп берген кызматташууну жогорку деңгээлге көтөрөт", — деди Тажикстандын президенти.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова майып балдардын ата-энелерин мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам алуучулардын тизмесине кошууну сунуштады. Анын айтымында, мындай үй-бүлөлөр финансылык кыйынчылыктарга кабылып, юристтердин кызматын төлөй алышпайт. Мындан улам никени бузуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, бала менен мамиле түзүүнүн тартибин аныктоо, өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу, өзүнүн балдарын мектепке чейинки, жалпы, кесиптик окутууда багуу жөнүндө доолор боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү сунушталууда. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 72 депутат мыйзам долбоорун колдоп, каршы чыккандар болгон жок.
Вашингтондун Россияга финансылык кысым көрсөтүү рычагдары бар, бирок аны колдонуу Украинадагы тынчтыкты орнотуу ишине каршы келип калат. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамптын айтканын РИА Новости жазды. "Финансылык жактан алып караганда жагымсыз нерселер бар. Каржылык жактан бир нерсе жасай алам. Ал Россия үчүн жаман болуп калышы мүмкүн. Аны кылгым келбейт, себеби дүйнөдө тынчтык орношун каалайм", — деген Трамп. Андан сырткары, өлкө башчы Украинадагы согушту жөнгө салуу жаатындагы пландарына токтолду. "Ок атышууну токтоткондон кийин элдешип, кармашка толугу менен чекит коюу зарыл. Зеленский буга чейин тынчтыкка келүүгө ынабай жаткан, азыр моюн сунду. Киев менен аймактык маселени дагы талкууладык", — деген Трамп. Ал согуш отун токтотуу боюнча Россиянын макулдугун күтүп жатканын, Москвага америкалык делегация жөнөтүлгөнүн да билдирген. Украина менен дароо элдешүү боюнча азырынча РФ президенти Владимир Путин эч нерсе дей электигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0