https://sputnik.kg/20250313/1092620886.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мындан ары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы эки элдин түбөлүктүү достугунун чек арасы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен... 13.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-13T17:00+0600
2025-03-13T17:00+0600
2025-03-13T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0d/1092620754_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3d2ba66e6454b556c76e931f01a10717.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мындан ары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы эки элдин түбөлүктүү достугунун чек арасы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен биргелешкен билдирүүсүндө айтты. Ал эки өлкөнүн ортосунда бир катар багыттар боюнча өз ара кызматташууну прогрессивдүү өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлөрүн белгиледи. "Биз саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну туруктуу өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар кабыл алынарын ырастайбыз. Бул максатта мамлекеттер аралык координациялык кеңештин, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жана тышкы иштер министрлер кеңешинин мүмкүнчүлүктөрү толук колдонулат", — деди Жапаров.
Былтыр Кыргызстандын 20 миң 497 жараны чет өлкөгө ишке орношкон. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун бөлүм башчысы Арслан Байсопуев билдирди. Анын ичинен 16 миң 204 жаран өлкөнүн жеке менчик агенттиктери тарабынан ишке орношторулган. Ал эми быйыл февраль айынын соңуна чейин 1 миң 64 адамга чет өлкөдөн иш табышкан. “Ишке орношкон жарандарыбыздын көпчүлүгү жайкы сезондук иштерге кеткендер. Борбор кызматташтыктын географиясын кеңейтүү, эмгек миграциясын жөнгө салуу жана чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда”,-деди ал.
Бишкекте курулуш комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалымактка караганда, 1996-жылы мэриянын токтому менен "Кайнар" ЖАКка 64 сотых жер пайдаланууга берилген. "2012-жылы "Кайнардын" жетекчилери муниципалдык кызматкерлер менен келишип жерди мыйзамсыз каттаткан. Кийин 1,4 миллион долларга курулуш компанияга сатышкан. Учурда аталган аймакка "О2 Эко комплекс" турак жай комплекси курулуп жатат", — деп айтылат маалыматта. "Кайнардын" жетекчиси турак жай комплексиндеги 373 чарчы метрлик коммерциялык жайын мамлекеттин балансына өткөрүп, келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Украиналык аскерлердин пикиринде, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусундагы операциясы бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости испаниялык El Pais гезитине таянып жазды. Басылмага ишенимдүү маалымат булагы фронтто түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жагдайлар жаралганын айткан. "Эмне болуп кеткенин бир гана жогорку команда менен бригадалардын командирлери билет", — деп айтылат маалыматта. Сумы облусундагы командачылык менен Курск чек ара аймагындагы топтун ортосундагы байланыш буга чейин эле үзүлгөн. Эми украин аскерлеринин бөлүнүп кетиши өтө жогору.Pais Курск облусунда алтыдан 10 миңге чейин украиналык аскер кызматкерлери курчоого алынышы мүмкүн экенин белгилеген. Гезиттин маалымат булактарынын бири кабарлагандай, учурда бул күчтөрдү эвакуациялоо негизги максат болуп турат. Бирок ал оңойго турбайт.
Мындан ары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы эки элдин түбөлүктүү достугунун чек арасы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен биргелешкен билдирүүсүндө айтты. Ал эки өлкөнүн ортосунда бир катар багыттар боюнча өз ара кызматташууну прогрессивдүү өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлөрүн белгиледи. "Биз саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну туруктуу өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар кабыл алынарын ырастайбыз. Бул максатта мамлекеттер аралык координациялык кеңештин, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жана тышкы иштер министрлер кеңешинин мүмкүнчүлүктөрү толук колдонулат", — деди Жапаров. Былтыр Кыргызстандын 20 миң 497 жараны чет өлкөгө ишке орношкон. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун бөлүм башчысы Арслан Байсопуев билдирди. Анын ичинен 16 миң 204 жаран өлкөнүн жеке менчик агенттиктери тарабынан ишке орношторулган. Ал эми быйыл февраль айынын соңуна чейин 1 миң 64 адамга чет өлкөдөн иш табышкан. “Ишке орношкон жарандарыбыздын көпчүлүгү жайкы сезондук иштерге кеткендер. Борбор кызматташтыктын географиясын кеңейтүү, эмгек миграциясын жөнгө салуу жана чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда”,-деди ал.Бишкекте курулуш комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалымактка караганда, 1996-жылы мэриянын токтому менен "Кайнар" ЖАКка 64 сотых жер пайдаланууга берилген. "2012-жылы "Кайнардын" жетекчилери муниципалдык кызматкерлер менен келишип жерди мыйзамсыз каттаткан. Кийин 1,4 миллион долларга курулуш компанияга сатышкан. Учурда аталган аймакка "О2 Эко комплекс" турак жай комплекси курулуп жатат", — деп айтылат маалыматта. "Кайнардын" жетекчиси турак жай комплексиндеги 373 чарчы метрлик коммерциялык жайын мамлекеттин балансына өткөрүп, келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилген.Украиналык аскерлердин пикиринде, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусундагы операциясы бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости испаниялык El Pais гезитине таянып жазды. Басылмага ишенимдүү маалымат булагы фронтто түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жагдайлар жаралганын айткан. "Эмне болуп кеткенин бир гана жогорку команда менен бригадалардын командирлери билет", — деп айтылат маалыматта. Сумы облусундагы командачылык менен Курск чек ара аймагындагы топтун ортосундагы байланыш буга чейин эле үзүлгөн. Эми украин аскерлеринин бөлүнүп кетиши өтө жогору.Pais Курск облусунда алтыдан 10 миңге чейин украиналык аскер кызматкерлери курчоого алынышы мүмкүн экенин белгилеген. Гезиттин маалымат булактарынын бири кабарлагандай, учурда бул күчтөрдү эвакуациялоо негизги максат болуп турат. Бирок ал оңойго турбайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0d/1092620754_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3ffa5d5c60b939ca353d46c3aad21ea4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио