00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Об экономике и не только
В Кыргызстане появился свой Илон Маск. Как будут реформировать госуправления в стране?
18:10
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Дүйнө чемпионатына тандоо — “Ак шумкарлардын” алдыдагы оюндарга даярдыгы кандай?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Тема дня
Герои Кыргызстана в ВОВ: неизвестные истории жизни людей, отдавших жизнь за Родину
20:09
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ышка каршы күрөштөгү бак-дарактын орду – Шаарда жашыл аймактар эмнеге керек?
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстандагы мектептерде 1-класстан баштап илим сабагы киретКожентте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн президенттери жолугатАдылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга келдиАлдыда кененирээкКыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга келди. Минкаб төрагасынын борту Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.Аэропортто эки мамлекеттин желектери илинип, ошондой эле ардакдуу кароол тизилген. Расмий сапарынын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат. Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.
31-мартта Кожентте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн президенттеринин үч тараптуу саммити өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында билдирди. Анын айтымында, кыргыз-тажик чек ара сызыгынын макулдашылганы —"дипломатиянын жана саясий эрктин тарыхый салтанаты". "Бул макулдашуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун көрөгөч жетекчилигинин, анын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тынымсыз аракеттеринин аркасында мүмкүн болду. Биз эң татаал маселелер да диалог, өз ара урматтоо жана ишеним аркылуу чечиле тургандыгын далилдедик", — деди Байсалов. Ал ошондой эле Кожентте боло турган мамлекет башчылардын жолугушуусу тарыхтагы биринчи үч тараптуу саммит экенин кошумчалады.
Кыргызстанда 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар үчүн илим сабагы киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов билдирди. Анын айтымында, бул предметтин ичине химия, биология, физика сабактары кирет. "Илим сабагы 1-класстан 9-класска чейин окутулат. Азырынча бул үч предмет боюнча мугалимдер бир китептин алкагында окута берет. Кийинчерээк илим сабагы боюнча атайын адистер университеттер менен биргеликте даярдалат", — деди ал. Ал эми 10-11-12-класстарга химия, биология, физика сабактары профилдик окутуу катары өзүнчө өтүлө баштайт.
Киев менен Вашингтондун ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимде аскердик кепилдик тууралуу сөз жок. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Скотт Бессент Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Келишимде камтылбаган нерсе — аскердик кепилдик. Камтылганы — экономикалык кепилдик. Эгер АКШ олуттуу инвестиция жасай турган болсо, экономикалык коопсуздук кепилдиги болушу керек", — деген Бессент. Министр келишимде "стратегиялык пайдалуу кен, энергетика жана мамлекеттик ишканалар" каралганын кошумчалады. "Зеленский келишимге жакын арада кол коет деп ойлойм", — деди Бессент. Эскерте кетсек, Зеленский Украина сейрек кездешүүчү металлдарынын ордуна коопсуздук кепилдигин сурай турганын билдирген. Анын айтымында, мындай кепилдиксиз түзүлгөн келишим "адилеттүү болбойт".
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 62 тыйынга рубль 99 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ25-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 25-февраль, шейшембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Талас аймагында +11...+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарында +3...+8 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +16...+18 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0