https://sputnik.kg/20250228/tramp-putinge-ishenerin-aytty-1092343441.html
"Сөзүнө турат". Трамп Путинге ишенерин айтты
"Сөзүнө турат". Трамп Путинге ишенерин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен мурдатан тааныштыгын жана анын Украинадагы чатакты жөнгө салуу... 28.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-28T10:41+0600
2025-02-28T10:41+0600
2025-02-28T10:41+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
дональд трамп
владимир путин
ишеним
билдирүү
украина
согуш
https://sputnik.kg/img/104488/39/1044883917_0:193:2295:1484_1920x0_80_0_0_90ff796d9d74c65a56d990ad9636e636.jpg
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен мурдатан тааныштыгын жана анын Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча алдыда түзүлчү келишимди бузбайт деп ишенерин айтты. Мындай пикирин ал Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугуп жатканда билдиргенин РИА Новости жазды.АКШ президенти тараптар бир пикирге келишсе эле документте белгиленгендер аткарыла баштайт деген ишенимин билдирген.Трамп макулдашуу маселесинде ишенгениң өзүнчө кеп, бирок бышыктап алуу керек деген принципти карманарын айткан. Мындан сырткары, Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча Вашингтон менен сүйлөшүү процессиндеги Россиянын аракетин оң баалай турганын белгилеген."Чоң жылыш болду деп ойлойм. Москва абдан жакшы аракет жасады, Россия менен сүйлөшүүлөр да мыкты болду. Өзүңөр билгендей, Украина менен да сүйлөшүү жаман болгон эмес", — деген Трамп.Эске салсак, 2025-жылдын 18-февралында Эр-Рияд шаарында Россия менен Америка өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өткөн. Анын жыйынтыгында тараптар кызматташууну жаңы тепкичке чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүү, элчиликтердеги чектөөлөрдү жоюу жана Украинадагы абалды жөнгө салуу процессин баштоо боюнча келишим түзүшкөн. Россия президенти Владимир Путин бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болгонун белгилеп, ага жогорку баасын берген.
https://sputnik.kg/20250223/rossiya-aksh-ukraina-donald-tramp-sogush-tynchtyk-1092239201.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104488/39/1044883917_9:211:2338:1958_1920x0_80_0_0_eb8a40e5e85c9029fac20fa74ba49741.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, дональд трамп, владимир путин, ишеним, билдирүү, украина, согуш, убада
дүйнөдө, акш, россия, дональд трамп, владимир путин, ишеним, билдирүү, украина, согуш, убада
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен мурдатан тааныштыгын жана анын Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча алдыда түзүлчү келишимди бузбайт деп ишенерин айтты. Мындай пикирин ал Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугуп жатканда билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Аны көп жылдан бери билем... Айткан сөзүнө турат деп ишенем", — деген Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуудагы болочоктогу келишим жана РФ президенти менен мамиле куруу боюнча тажрыйбасы тууралуу суроого жооп берип жатканда.
АКШ президенти тараптар бир пикирге келишсе эле документте белгиленгендер аткарыла баштайт деген ишенимин билдирген.
Трамп макулдашуу маселесинде ишенгениң өзүнчө кеп, бирок бышыктап алуу керек деген принципти карманарын айткан. Мындан сырткары, Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча Вашингтон менен сүйлөшүү процессиндеги Россиянын аракетин оң баалай турганын белгилеген.
"Чоң жылыш болду деп ойлойм. Москва абдан жакшы аракет жасады, Россия менен сүйлөшүүлөр да мыкты болду. Өзүңөр билгендей, Украина менен да сүйлөшүү жаман болгон эмес", — деген Трамп.
Эске салсак, 2025-жылдын 18-февралында Эр-Рияд шаарында Россия менен Америка өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өткөн. Анын жыйынтыгында тараптар кызматташууну жаңы тепкичке чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүү, элчиликтердеги чектөөлөрдү жоюу жана Украинадагы абалды жөнгө салуу процессин баштоо боюнча келишим түзүшкөн. Россия президенти Владимир Путин бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болгонун белгилеп,
ага жогорку баасын берген.