https://sputnik.kg/20250302/muras-yunajted-abdysh-ata-futbol-bettesh-kubok-bajge-1092386358.html
"Абдыш-Ата" футболдук клубу Суперкубокту жеңип, 30 миң доллар байге алды
"Абдыш-Ата" футболдук клубу Суперкубокту жеңип, 30 миң доллар байге алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп, 30 миң доллар байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол... 02.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-02T12:02+0600
2025-03-02T12:02+0600
2025-03-02T12:02+0600
кыргызстан
спорт
футбол
фк "абдыш-ата"
беттеш
кубок
байге
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092385599_0:0:1280:721_1920x0_80_0_0_804f5ed754134da6f71ec7de80632960.jpg
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп, 30 миң доллар байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.Билдирмеге ылайык, мелдеш 1-мартта Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорттук комплексинде өткөн. Анда Суперкубок үчүн "Абдыш-Ата" футболдук клубу жана 2024-жылкы өлкө кубогунун ээси "Мурас Юнайтед" кез келишкен. Оюндун негизги жана кошумча убактысында жеңүүчү аныкталган эмес, ал эми пенальти сериясында канттык клуб күчтүүлүгүн көрсөтүп, оюн 4:3 менен аяктаган.Беттештин мыкты оюнчусу деп "Абдыш-Атанын" дарбазачысы Султан Чомоев аталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын президенти Асылбек Кадралиев катышты.Нурдин Букуев КФБнын атынан "Абдыш-Ата" клубуна 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 30 000 доллар сыйлыктын сертификатын тапшырды.Бул турнир салтка айлангандай эле өлкөдөгү футболдук сезонду ачты.
https://sputnik.kg/20250224/sport-aziya-kubogu-stadion-1092264105.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/02/1092385599_58:0:1195:853_1920x0_80_0_0_dd8f7d40ac0934f89015f4f706ec24b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спорт, футбол, фк "абдыш-ата", беттеш, кубок, байге
кыргызстан, спорт, футбол, фк "абдыш-ата", беттеш, кубок, байге
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп, 30 миң доллар байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, мелдеш 1-мартта Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорттук комплексинде өткөн. Анда Суперкубок үчүн "Абдыш-Ата" футболдук клубу жана 2024-жылкы өлкө кубогунун ээси "Мурас Юнайтед" кез келишкен. Оюндун негизги жана кошумча убактысында жеңүүчү аныкталган эмес, ал эми пенальти сериясында канттык клуб күчтүүлүгүн көрсөтүп, оюн 4:3 менен аяктаган.
Беттештин мыкты оюнчусу деп "Абдыш-Атанын" дарбазачысы Султан Чомоев аталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын президенти Асылбек Кадралиев катышты.
Нурдин Букуев КФБнын атынан "Абдыш-Ата" клубуна 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 30 000 доллар сыйлыктын сертификатын тапшырды.
Бул турнир салтка айлангандай эле өлкөдөгү футболдук сезонду ачты.