https://sputnik.kg/20250311/1092576817.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мектеп имаратында окуган 1-класстарга сабактан кийин калуу каралган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева... 11.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-11T19:00+0600
2025-03-11T19:00+0600
2025-03-11T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0b/1092576685_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_88daba8e09df86de0821adf3a0b98717.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мектеп имаратында окуган 1-класстарга сабактан кийин калуу каралган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева билдирди. Тактап айтканда, ата-эне 1-класстагы баласын сабак бүткөндө алып кетиши керек. Аларды карап калганга мектепте орун болбойт. Буга чейин департамент жетекчиси мектеп имаратына батпай калган окуучулар бала бакчада окутуларын, аларды ата-энелер сабактан кийин кааласа кечке чейин бакчага таштаса болорун айткан.
"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова мамлекеттик электрондук почта системасын ишке киргизүү иши жүрүп жатканын айтты. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, "Кыргыз почтасы" 17 миңден ашык почта жөнөтмөсүн жеткирген. 2023-жылдан тарта маркетплейстер менен келишим түзүп, почта жөнөтмөлөрүнүн саны 1 миллион 739 миңге жетип, көлөмү 90 эсеге көбөйдү.Анын айтымында, Кыргызстан почта кызматынын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 80-орундан 29-орунга көтөрүлдү.Ошондой эле ал пенсияны таратуу боюнча Социалдык фонд менен бирге санариптик интеграция жүрүп, кызмат корсөтүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Мындан ары дыйкандар айыл чарба жерлерин ижарага алууга онлайн арыз бере алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу процессин санариптештирүү боюнча пилоттук долбоор Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан башталды. Эми үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, ошондой эле айыл чарба кооперативдери министрлик тарабынан иштелип чыккан agrojer.kg маалыматтык системасы аркылуу жер участокторун алуу арыздарын жибере алышат. Бул кадам тейлөө сапатын жакшыртууга жана агрардык сектор үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, бул Кыргызстандын айыл чарбасын санариптештирүү процессиндеги маанилүү кадам болуп саналат.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Россияга карата квази жана прокси-согуш жүрүп жатат деген пикирин эл аралык "Заманбап медиа: ойлонулган стратегия жана кадрларды даярдоо" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда айтты. Бул тууралуу "Известия" жазды.Расмий өкүлдүн айтымында, үч жылдык атайын операциянын учурунда Россия маалыматтык согуш жүргүзүүдө бир топ тажрыйба топтоду. Песков мындай нерседен кийин кыйынчылык менен күрөшүп, иштей билген таланттуу журналисттер менен медиа адамдарынын мууну өсүп чыкканын белгиледи. Эске салсак, мындан мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алып, туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген.
Мектеп имаратында окуган 1-класстарга сабактан кийин калуу каралган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева билдирди. Тактап айтканда, ата-эне 1-класстагы баласын сабак бүткөндө алып кетиши керек. Аларды карап калганга мектепте орун болбойт. Буга чейин департамент жетекчиси мектеп имаратына батпай калган окуучулар бала бакчада окутуларын, аларды ата-энелер сабактан кийин кааласа кечке чейин бакчага таштаса болорун айткан."Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова мамлекеттик электрондук почта системасын ишке киргизүү иши жүрүп жатканын айтты. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, "Кыргыз почтасы" 17 миңден ашык почта жөнөтмөсүн жеткирген. 2023-жылдан тарта маркетплейстер менен келишим түзүп, почта жөнөтмөлөрүнүн саны 1 миллион 739 миңге жетип, көлөмү 90 эсеге көбөйдү.Анын айтымында, Кыргызстан почта кызматынын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 80-орундан 29-орунга көтөрүлдү.Ошондой эле ал пенсияны таратуу боюнча Социалдык фонд менен бирге санариптик интеграция жүрүп, кызмат корсөтүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.Мындан ары дыйкандар айыл чарба жерлерин ижарага алууга онлайн арыз бере алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу процессин санариптештирүү боюнча пилоттук долбоор Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан башталды. Эми үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, ошондой эле айыл чарба кооперативдери министрлик тарабынан иштелип чыккан agrojer.kg маалыматтык системасы аркылуу жер участокторун алуу арыздарын жибере алышат. Бул кадам тейлөө сапатын жакшыртууга жана агрардык сектор үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, бул Кыргызстандын айыл чарбасын санариптештирүү процессиндеги маанилүү кадам болуп саналат.Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Россияга карата квази жана прокси-согуш жүрүп жатат деген пикирин эл аралык "Заманбап медиа: ойлонулган стратегия жана кадрларды даярдоо" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда айтты. Бул тууралуу "Известия" жазды.Расмий өкүлдүн айтымында, үч жылдык атайын операциянын учурунда Россия маалыматтык согуш жүргүзүүдө бир топ тажрыйба топтоду. Песков мындай нерседен кийин кыйынчылык менен күрөшүп, иштей билген таланттуу журналисттер менен медиа адамдарынын мууну өсүп чыкканын белгиледи. Эске салсак, мындан мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алып, туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0b/1092576685_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0c55a5645d6073e21519607ab05f2b95.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио