https://sputnik.kg/20250311/1092573232.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бизнесмендер көмүскөдөн чыга баштаганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат... 11.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-11T17:00+0600
2025-03-11T17:00+0600
2025-03-11T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0b/1092573100_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9a977668deffba1317ebb89a6925786d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бизнесмендер көмүскөдөн чыга баштаганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Ал буга чейин ишкерлердин басымдуу бөлүгү патент менен иштеп келгенин белгиледи. "Буга чейин ишкерлер патент менен иштеп, товарды уруксат берилген көлөмдөн көп жүгүртүшчү. ККМге өтүү чечими кабыл алынгандан кийин нааразылык митингдери көп болгонун көрдүк. Текшере келгенде канчалаган ишкерлер 8 миллион сом босогодон ашарын, кээ бирлериники 200, 300, 500 миллионго жетерин билдик", — деди Ысабеков. Ал реформалар жыйынтык берип жатканын белгиледи. "Ушул факторлорду эске алуу менен биз товар жүгүртүүгө жараша ар кандай ставкалар коюлган. Мисалы, жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин 0 пайыз, 30 миллионго чейин 0,5 жана 50 миллионго чейин 1 пайыз деп белгилегенбиз. Базарлар үчүн өзүнчө 0,1 пайыз, бул минималдуу көрсөткүч болуп саналат. Патенттен баш тартып, бирдиктүү салык же башка режимдерге толугу менен өттүк. Бул жагынан жылыштар жана жыйынтыктар бар", — деди Ысабеков. Ал бизнес азыр өткөөл абалда экенин кошумчалады.
Бишкекте орун жетишпеген мектептерде 1-класстын окуучулары бала бакчанын имаратында окутулмай болду. Бул тууралуу Билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, 2025-2026-окуу жылында мектепке 25 миң бала келери күтүлүүдө. "Наристе" программасы менен эми окуй турган 23 миң баланын саны дагы такталып жатат. Алардын баарын мектепке батырууга мүмкүн болбогондуктан, 1-класстын балдарын азырынча бала бакчанын имаратында окутуу Билим берүү министрлиги менен макулдашылды. Бөбөктөр түшкө чейин окушат, түштөн кийин ата-эне кааласа алып кетет, кааласа бакчага таштайт. Бакчанын имаратын ижарага албайбыз", — деди Мусаева. Ошондой эле сабактар 30 мүнөттөн оюн түрүндө өтүлөрү кошумчаланды.**Педагогикалык адистиктерге ЖРТнын босого баллы 130га жогорулатылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, талап 2025-2026-окуу жылында кабыл алына турган абитуриенттерге тиешелүү болот. "Мурда ЖРТдан 90 балл алган абитуриенттер деле педагогикалык окуу жайга өтүп келген. Быйыл бул адистиктерге босого баллды 130 кылабыз. Андан сырткары, сертификациялоо системасы дагы кирип, калкка кызмат көрсөткөн медиктер менен педагогдор окуу жайды бүтүп жатканда өтүшөт", — деди министр. Учурда ЖОЖго кабыл алуунун босого баллы — 110, предметтик тесттердики 60 балл. Бирок педагогика, укук коргоо жана медицина адистиги боюнча бюджетке өтүү үчүн 120 балл минималдуу болуп саналат.**Унаанын айнегин караңгылаткандар үчүн кезектеги акция сунушталууда. Токтом долбоорун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик даярдаган. Мекеме былтыр айнек караңгылатуунун баасы жеке жактар үчүн 50 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сом, чет элдиктер үчүн 90 миң сомго чейин арзандатылганын эске салган. Бирок учурда унааны караңгылатууну каалагандардын саны көбөйбөй жатканы айтылды. Мындан улам 60 күндүк акция жарыяланып, караңгылатууга эки жылга уруксат алгандарга мөөнөттү дагы бир жылга автоматтык түрдө узартуу каралууда. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтүп, айнек караңгылатууга уруксаттарды мыйзамдуу алууга түрткү берери кошумчаланган.
Бизнесмендер көмүскөдөн чыга баштаганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Ал буга чейин ишкерлердин басымдуу бөлүгү патент менен иштеп келгенин белгиледи. "Буга чейин ишкерлер патент менен иштеп, товарды уруксат берилген көлөмдөн көп жүгүртүшчү. ККМге өтүү чечими кабыл алынгандан кийин нааразылык митингдери көп болгонун көрдүк. Текшере келгенде канчалаган ишкерлер 8 миллион сом босогодон ашарын, кээ бирлериники 200, 300, 500 миллионго жетерин билдик", — деди Ысабеков. Ал реформалар жыйынтык берип жатканын белгиледи. "Ушул факторлорду эске алуу менен биз товар жүгүртүүгө жараша ар кандай ставкалар коюлган. Мисалы, жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин 0 пайыз, 30 миллионго чейин 0,5 жана 50 миллионго чейин 1 пайыз деп белгилегенбиз. Базарлар үчүн өзүнчө 0,1 пайыз, бул минималдуу көрсөткүч болуп саналат. Патенттен баш тартып, бирдиктүү салык же башка режимдерге толугу менен өттүк. Бул жагынан жылыштар жана жыйынтыктар бар", — деди Ысабеков. Ал бизнес азыр өткөөл абалда экенин кошумчалады.Бишкекте орун жетишпеген мектептерде 1-класстын окуучулары бала бакчанын имаратында окутулмай болду. Бул тууралуу Билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, 2025-2026-окуу жылында мектепке 25 миң бала келери күтүлүүдө. "Наристе" программасы менен эми окуй турган 23 миң баланын саны дагы такталып жатат. Алардын баарын мектепке батырууга мүмкүн болбогондуктан, 1-класстын балдарын азырынча бала бакчанын имаратында окутуу Билим берүү министрлиги менен макулдашылды. Бөбөктөр түшкө чейин окушат, түштөн кийин ата-эне кааласа алып кетет, кааласа бакчага таштайт. Бакчанын имаратын ижарага албайбыз", — деди Мусаева. Ошондой эле сабактар 30 мүнөттөн оюн түрүндө өтүлөрү кошумчаланды.**Педагогикалык адистиктерге ЖРТнын босого баллы 130га жогорулатылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, талап 2025-2026-окуу жылында кабыл алына турган абитуриенттерге тиешелүү болот. "Мурда ЖРТдан 90 балл алган абитуриенттер деле педагогикалык окуу жайга өтүп келген. Быйыл бул адистиктерге босого баллды 130 кылабыз. Андан сырткары, сертификациялоо системасы дагы кирип, калкка кызмат көрсөткөн медиктер менен педагогдор окуу жайды бүтүп жатканда өтүшөт", — деди министр. Учурда ЖОЖго кабыл алуунун босого баллы — 110, предметтик тесттердики 60 балл. Бирок педагогика, укук коргоо жана медицина адистиги боюнча бюджетке өтүү үчүн 120 балл минималдуу болуп саналат.**Унаанын айнегин караңгылаткандар үчүн кезектеги акция сунушталууда. Токтом долбоорун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик даярдаган. Мекеме былтыр айнек караңгылатуунун баасы жеке жактар үчүн 50 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сом, чет элдиктер үчүн 90 миң сомго чейин арзандатылганын эске салган. Бирок учурда унааны караңгылатууну каалагандардын саны көбөйбөй жатканы айтылды. Мындан улам 60 күндүк акция жарыяланып, караңгылатууга эки жылга уруксат алгандарга мөөнөттү дагы бир жылга автоматтык түрдө узартуу каралууда. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтүп, айнек караңгылатууга уруксаттарды мыйзамдуу алууга түрткү берери кошумчаланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0b/1092573100_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_25288f17f2bb6a08121ce892d9d4af56.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио