https://sputnik.kg/20250304/kurulush-byudzhet-bashky-plan-1092419500.html
Курулуш министрлиги башкы пландарга 2,4 млрд. сом бөлүүнү суранууда
Курулуш министрлиги башкы пландарга 2,4 млрд. сом бөлүүнү суранууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2030-жылга чейин бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом бөлүүнү... 04.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-04T09:54+0600
2025-03-04T09:54+0600
2025-03-04T10:47+0600
кыргызстан
курулуш
бюджет
башкы план
конуш
калк
https://sputnik.kg/img/07e7/03/01/1073254665_43:0:2783:1541_1920x0_80_0_0_e2f20496fa2ff86aef7bfdb2a06e460d.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2030-жылга чейин бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом бөлүүнү суранууда.Коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда каражат калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга жумшалары айтылган.Ошондой эле программанын алкагында 2025-жылга чейин каралган каражат толук бөлүнбөй, 441 миллион сом берилбей калганы айтылган. Башкача айтканда, жыл сайын 40-50 миллион сомдой, кээде таптакыр эле эч нерсе бөлүнбөй калып турган. Мындан улам программа толук кишке ашпай, аны 2026-2030-жылдарга узартуу зарылдыгы жаралган.Бул максаттарга бюджеттен жыл сайын 480 миллион сомдон бөлүнүшү шарт. Анын 180 миллиону топографиялык изилдөөлөр, калганы башкы план иштеп чыгуу үчүн сарпталары айтылган.
https://sputnik.kg/20250127/bishkek-genplan-aybek-zhunushaliyev-1091672715.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/01/1073254665_385:0:2440:1541_1920x0_80_0_0_396779b5eeb0032474969fd2cbf89784.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курулуш, бюджет, башкы план, конуш, калк
кыргызстан, курулуш, бюджет, башкы план, конуш, калк
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2030-жылга чейин бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом бөлүүнү суранууда.
Коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда каражат калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга жумшалары айтылган.
"2018-2025-жылдарга калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программа бекиген. Анын алкагында 246 башкы план даярдалмакчы, анын 147си ушу тапта иштелип чыгууда. Жалпы жолунан бүгүнкү күнгө карата 1 548 калктуу конуш башкы плансыз калган", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Ошондой эле программанын алкагында 2025-жылга чейин каралган каражат толук бөлүнбөй, 441 миллион сом берилбей калганы айтылган. Башкача айтканда, жыл сайын 40-50 миллион сомдой, кээде таптакыр эле эч нерсе бөлүнбөй калып турган. Мындан улам программа толук кишке ашпай, аны 2026-2030-жылдарга узартуу зарылдыгы жаралган.
Бул максаттарга бюджеттен жыл сайын 480 миллион сомдон бөлүнүшү шарт. Анын 180 миллиону топографиялык изилдөөлөр, калганы башкы план иштеп чыгуу үчүн сарпталары айтылган.