https://sputnik.kg/20250304/serial-madaniyat-tender-taygan-1092430803.html
"Тайган.Туйгун" сериалынын экинчи бөлүгүн тартууга 35 млн. сом бөлүндү
"Тайган.Туйгун" сериалынын экинчи бөлүгүн тартууга 35 млн. сом бөлүндү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Тайган.Туйгун" көркөм-детективдик сериалынын экинчи бөлүгүн тартуу пландалууда. 04.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-04T15:07+0600
2025-03-04T15:07+0600
2025-03-04T15:08+0600
кыргызстан
сериал
маданият
тендер
"тайган" сериалы
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092429658_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_e0f278e194c8d764473d88bd1c74c1df.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Тайган.Туйгун" көркөм-детективдик сериалынын экинчи бөлүгүн тартуу пландалууда.Кинематография департаментинин "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси 35 миллион сомго тендер жарыялады.Жалпысынан 50 мүнөттүк 12 серия тартылат. Аны 26-ноябрга чейин бүтүрүү мерчемделүүдө. Тендерге катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 12-мартка чейин созулат.Белгилей кетсек, сериалдын биринчи сезонун тартууга 17,8 миллион сом бөлүнгөн.Техникалык документте көрсөтүлгөндөй, "Тайган 2. Туйгун" – күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн чагылдырып, алардын кесипкөйлүгүнө басым жасаган детективдик сериал. Долбоор укук коргоо органдарынын имиджин жакшыртууга, ошондой эле мыйзамга, тартипке болгон урмат-сыйды жана патриоттук сезимди күчөтүүгө багытталган.
https://sputnik.kg/20250226/uluu-zhenish-80-zhyldyk-serial-tartylat-1092307356.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092429658_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_85a7f83952bfc158852ef4f42160bda9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, сериал, маданият, тендер, "тайган" сериалы
кыргызстан, сериал, маданият, тендер, "тайган" сериалы
"Тайган.Туйгун" сериалынын экинчи бөлүгүн тартууга 35 млн. сом бөлүндү
15:07 04.03.2025 (Жаңыртылды: 15:08 04.03.2025) БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Тайган.Туйгун" көркөм-детективдик сериалынын экинчи бөлүгүн тартуу пландалууда.
Кинематография департаментинин "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси 35 миллион сомго тендер жарыялады.
Жалпысынан 50 мүнөттүк 12 серия тартылат. Аны 26-ноябрга чейин бүтүрүү мерчемделүүдө. Тендерге катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 12-мартка чейин созулат.
Белгилей кетсек, сериалдын биринчи сезонун тартууга
17,8 миллион сом бөлүнгөн.
Техникалык документте көрсөтүлгөндөй, "Тайган 2. Туйгун" – күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн чагылдырып, алардын кесипкөйлүгүнө басым жасаган детективдик сериал. Долбоор укук коргоо органдарынын имиджин жакшыртууга, ошондой эле мыйзамга, тартипке болгон урмат-сыйды жана патриоттук сезимди күчөтүүгө багытталган.