00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Презентация логотипа 80-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.Владимир Путин бул иш-чаранын Россия үчүн мааниси зор экенин айтты. Кыргызстан да бул юбилейди белгилөөгө кам уруп жатат. Жеңишке арналган материалдары Sputnik Кыргызстандан окуй аласыз.

Согушту чек арадан тоскон. Атактуу чек арачы Жаманкул Женчураев тууралуу баян

© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Ш. ОмуралиевАрдагер Жаманкул Жээнчураев
Ардагер Жаманкул Жээнчураев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2025
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында баатыр, каарман кыргызстандыктарды эстеп, эрдигин эскеребиз. Бүгүн кеп алгачкы чек арачылардын бири Жаманкул Женчураев тууралуу болмокчу.
Женчураев 1907-жылы декабрда Пишпек уездинин Бурана болуштугунун Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1927-1929-жылдары Владимир Ленин атындагы Борбор азиялык бириккен аскер мектебинин кавалериялык бөлүмүндө окуган. Аны менен катар эле басмачылардан турган бандаларды жок кылган операцияга катышып, бай-манаптар, кулакка тартылгандар менен аеосуз күрөш жүргүзгөн. 1927-жылы аны жок кылуу максатында кол салуу болуп, оор жаракат алган Женчураев аман калган. Бул нерсе анын күрөшүн, каармандыгын ого бетер курчуткан. Ал кыргыздын алгачкы офицерлеринен болгон.
Женчураевдин Sputnik Кыргызстан маектешкен кызы Розалия (Ильгиз Айтматовдун жубайы — ред.) атасы тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди.

Кишилерди ажалдан аман алып калган

Маектешибиздин айтымында, энеси, татар кызы Рукия Мардиева атактуу "жыйырма беш миңчилер" кыймылы менен Кыргызстанга келген.
"Жыйырма беш миңчилер" — Коммунисттик партиянын чакырыгы менен СССРдин ири өнөр жай борборлорунан өз демилгеси менен келген алдыңкы жумушчулар. Алар 1930-жылдын башында коллективдештирүүгө жардам беришкен, дыйкандар арасында саясий, тарбиялык жана массалык-маданиий агартуучулук иштерди жүргүзгөн.
"Апам кыргыз, татар жана өзбек тилдеринде мыкты сүйлөгөн. Активдүү комсомол кыз Масы кыштагында (Ноокен районундагы — ред.) коллективдештирүү боюнча жыйын өткөрүп, кыз-келиндерди паранжыны чечкиле деп үндөп митинг өткөрүп жаткан учурда басмачылар кол салат. Ошол убакта кыштакка атам эскадрону менен кирип келип, басмачылардан сактап калат. Ошентип апам менен атам таанышып, бири-бирин жактырып, 1929-жылы үйлөнүшкөн", — деп айтып берген Розалия.
© Фото / из личного архива Розалии Дженчураевой Жаманкул Женчураев жана жубайы Рукия. Базар-Коргон, 1929
Семья  профессора, академика НАН КР Розалии Дженчураевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2025
Жаманкул Женчураев жана жубайы Рукия. Базар-Коргон, 1929
Кийинчерээк Женчураевди басмачыларды кызыл армиячылар кууп барып салган Каспий деңизи тарапка жөнөтүшөт. Ал үйүнө бир жылдан ашыгыраак убакыттан кийин кайтып келген.
"Атам ал кезде активисттерди, анын ичинен жубайын Кызыл-Ордого жибергенин, ал жерде уулу төрөлгөндүгүнөн да кабары болгон", — деп айтып берген Розалия.
1930-жылы Женчураев Мамлекеттик саясий бириккен башкармалыктагы 68-ыкчам дивизиондо (СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин алдында түптөлгөн) взвод командири болуп дайындалат. Бул СССРдин мамлекеттик коопсуздугу боюнча 1923-1934-жылдардагы органы болгон. Кыргызстандын түштүгүндө, Казакстанда, андан сырткары, Тажикстанда Кызыл Туу ордендүү кавалериялык полкто кызмат өтөгөн.
1931-1933-жылдары басмачыларга каршы Кара-Кум жана Мангышлак операцияларына катышат да, 1934-жылы Казакстанда Кызыл Туулуу Бакты чек ара отрядында жана 49-заставасында кызмат өтөйт.
Розалия 1937-жылы ата-энеси Хоргостогу комендатурага которулганын айтып берген. Ал жер Кытайда коммунисттер менен гоминьданчылар арасында жүрүп жаткан жарандык согуштагы (1927-1949-жж. болгон – ред.) качкындарды өткөргөн жай болгон. Аталган аймакта 1939-жылга чейин жашайт. 1940-жылы Женчураевге капитан наамы ыйгарылып, Беларустун Брест чөлкөмүндөгү Негорелое темир жол станциясынын жанындагы чек ара заставасынын коменданты болуп дайындалат. Застава СССР менен фашисттик Германиянын чек арасынын жанында болгон. 1940-жылы уулдуу болушат.
Мындан сырткары, кавалеристтерге жана ат менен машыгууларды өткөргөн штабга жетекчилик кылат.
"Апам офицерлердин аялдары менен жоокерлерди уюштуруп, өздүк көркөм чыгармачылыкты өркүндөттү", — деп айтып берди Женчураева.
Улуу Ата Мекендик согушту 1941-жылы 22-июнда Женчураевдердин үй-бүлөсү СССРдин чегинде тосуп, таңда Негорелое станциясынын комендатурасынын жеке курамы чукул кабар боюнча көтөрүлөт.
"Таңкы саат төрттө атамды штабга чакырып кетишти. Бир аз убакыттан кийин асманда пайда болгон немец учактары биздин заставаны да бомбалап, андан соң Минск менен Смоленск тарапка жолун улантканын көрдүк... Эки күн дзотто жашындык. Үчүнчү күнү атам менен катардагы 21 жаштагы жоокер Иван Шалатуркин жүк ташуучу автоунаага коробкаларга тамак-ашты камдап, бир челекке күйүүчү май куюп, аны бортко бекитишти. Бул автоунааны Иван айдап, офицерлердин сегиз үй-бүлөсүн салып тылга жөнөдү. Жолдон кетип бара жаткандагы азап эч качан эсимен чыкпайт", — деп эскерген Розалия.
© Фото / из архива Розалии ДжээнчураевойЖаманкул Женчураев, Негорелое станциясынын чек ара комендатурасынын коменданты (оң жакта)
Защита Брестской крепости во время ВОВ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2025
Жаманкул Женчураев, Негорелое станциясынын чек ара комендатурасынын коменданты (оң жакта)

Ал жолдогу окуяларды баяндап берди

"Бирөө уюн жетелеп, экинчиси коляскага оокатын салып түртүп, башкалары арабага отуруп бара жатканы дагы деле көз алдымда. Асмандан фашисттик учактар бомбалап аткылаганда жүрөгүң оозуңа тыгылып, кайда качарыңды билбейсиң. Иван Шалатуркин жаш болсо да тажрыйбалуу айдоочулардай жүрүп отурду. Машинанын тепкичине туруп алып айдап, истребителдер учуп келе жатканын кошо карап келет. Самолеттун карааны алыстан көрүнгөндө машинаны токтото салат да, баарыбыз жерге секирип түшүп, токойду көздөй чуркайбыз. Алар учуп кеткенде кайра машинага келип, жолубузду улайбыз", — деп маектешибиздин айтып бергендери кайдыгер калтырган жок.

Смоленскиден чыккандар Москвага эки ай дегенде жетишкен

"Бир жолу машинага бомба тийип, жөө-жалаңдап жолубузду уланттык. Иван жолдон бузулган машина таап оңдоп, Смоленскиге баарыбызды аман-эсен жеткизди. Канча күн жол жүргөнүбүз эсимде жок. Иван бизди темир жол станциясындагы күйгөн жүк ташуучу вагонго салып, Москва тарапка жөнөтүп, кайра фронтко кетти. Аялдар, биз ыйлап, кучактап коштошуп, узатып калдык. Эки айдын ичинде араң Смоленскиден Москвага жеттик. Жолдон улам фашисттик учактар бомбалайт. Жолду карата станциялардан бизге жергиликтүү жашоочулар жана кан майданга кетип бара жаткан жоокерлер гезитке ботко салып, нан менен кант берчү. Өзөк жалгап, көрбөгөн азапты көрүп Москвага жеттик. Ал жерден эки офицердин жубайлары Мария Стрионова менен Мария Пономаренко калды. Биз Бугуруслан шаарына таятам менен таенемдикине келдик", — деп эскерген чек арачы Женчураевдин кызы.
Розалия студент болгондон кийин Шалатуркиндин дайын-дарегин билиш үчүн издеп, сурамжылап баштаган. Ал жарадар болуп согуштан кайтып келген экен.
"Жакында Россиянын "Подвиг народа" сайтынан аны 1944-жылы 2-Украина фронтунда Эрдик медалы менен сыйланганы жөнүндө маалыматты таптым. Ал биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Эгерде Иван болбогондо биз тирүү калбайт элек", — деп эскерди Розалия Женчураева жаркын адамдардын бири туурасында.
© Фото / из личного архива Розалии ДжээнчураевойАрдагер Жаманкул Жээнчураев
Ветеран Великой Отечественной Войны Жаманкул Жээнчураев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2025
Ардагер Жаманкул Жээнчураев

Жашайм!

1941-жылы 3-декабрда Москванын жанындагы Юшково кыштагынан атам 55 чек арачы жана алты танк менен үч миң немецти талкалап сүрүп чыгарган. Мындан сырткары, ондогон танк, замбирек жана курал-жаракты олжолойт. Анда окурмандарга бул учурду ийне-жибине чейин баяндап берели.
...1941-жылдын 3-декабрында Жаманкул Женчураев жетектеген чек арачылар тобу Голицыно станциясынын жанындагы Можайское шоссесин тосуп турган. Аларга Вермахттын 3 миң кишиден турган танкалары бар 478-жөө аскерлер полку каршылык көрсөткөн. Жыйынтыгында Юшково кыштагынын жанындагы операцияда чек арачылар аталган аймакты бошотуп, душман жеңилген. Андан бир күн мурда түндөп келип катылган немецтер Голицынодо Москва — Минск жолун торомок болушкан. Борборго 45 чакырым калган. Генерал Михаил Ефремовдун 33-армиясы жаңыдан гана кошумча күчтөрдү ала баштаган. Наро-Фоминскиден Юшковго чейинки фронтто фашисттердин 20-армиялык корпусуна каршы турууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Минск шоссесин биринчи соккуну алган НКВДнын 16-чек ара отрядынын бир гана бөлүгү кармашып, бербей кармап турган.
Күндүз чек арачылар душманды Юшководон сүрүп чыгарууга тапшырма алган. Алты танкасы бар 55 жоокерден турган камалоочу топту батальон командиринин орун басары Жаманкул Женчураев жетектеген. Саат кечки беште отряд аталган аймакка келип, иңирде айыгышкан кармаш башталган да, чакан топ Юшковону бошотот. Документтерде "жолдош Женчураев жерди коен жатагына чейин билип жана күчтү билгичтик менен пайдаланган, жеке өзү аскерлерди согушка үч ирет баштап, чабуулга кирген. Күчү бир нече эсе артыкчылык кылган душманды жылдырбай кармап гана турбастан, аларга оңбогондой чабуул коюп 200 немецти жок кылышкан" деп жазылган. Жаманкулдун отрядынан жаракат алып, курман болгондордун саны 22ге чыккан. Төрт танка талкаланып, бирөө чуңкурга түшүп калган. Немецтер согуштук 19 машинасынан ажыраган. Түндүн кириши менен отряд Юшковону таштоого аргасыз болгон, душман да алсырагандыктан Голицыно менен Апрелевкага чабуул кое алган эмес. Ал эми күндүз 3-апрелде фашисттер Юшковону таштап, Наро-Фоминскиге чегинген.
"Душмандын танкалык батальону менен күчүн арттырган 478-жөө аскерлер полку Юшководо талкаланды, калган-катканы артка кайтты", — деп Ефремов Батыш фронтунун башчысы генерал Георгий Жуковго кабарлаган.
Ушул эле күнү Женчураевге майор наамы ыйгарылып, эр жүрөктүүлүгү, каармандыгы үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Бул туурасында кызы Розалия атасына он күн эмгек өргүү берилгенин, андан улам майор Бугурусландагы (Оренбург облусу) кайындарыныкында турган бала-чакасы, жарына барып учурашып, бир күн болуп, кайрадан согушка аттангандыгын айтып берген.
© Фото / из личного архива Розалии Дженчураевой2-класстын окуучусу Роза Дженчураева
Профессор, академик НАН КР Розалия Дженчураева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2025
2-класстын окуучусу Роза Дженчураева
"Ошондогу кубанычыбызды сөз менен айта албайм. Атам үйгө келип, "кооптонуп турганда эгерде үй-бүлөм бактылуу болсо, демек, жашап турганым, жашайм деп ойлойсуң" дегени эсимде", — деп айтып берди Розалия.
Женчураев Жеңиш күндү совет-румын чек арасында (азыркы Молдова — ред.) тоскон. Ал чек ара комендатурасынын жетекчиси болуп дайындалган эле. Үй-бүлөсүн да ала кеткен. Подполковник Женчураев оставкага чыккандан кийин жазуучулукка өткөн. "По следам басмачей", "Фронтовые записки пограничника", "Конец волчьей стаи", "Чалгынчылар", "Ыйык чектин сакчылары", "Следы в барханах", "Разведчики" деп аталган китептерди жазган.
Өмүрү өрнөк болгон Жаманкул Женчураев 1990-жылы 2-ноябрда дүйнө салып, Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Токмоктогу 2026-аскер бөлүгүнө ысымы ыйгарылган. 2011-жылдын 22-июнунда ал жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулган.
Кривоноговдун Брес чебинин коргоочулары сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Брест чебин коргогон кыргыз полку. Германиянын архивинен табылган тарых
Жаңылыктар түрмөгү
0