https://sputnik.kg/20250306/rubio-aksh-menen-rossiya-sogushup-zhatkanyn-moynuna-aldy-1092471385.html
Рубио Украинада АКШ менен Россиянын согушу жүрүп жатканын мойнуна алды
Рубио Украинада АКШ менен Россиянын согушу жүрүп жатканын мойнуна алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш... 06.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-06T10:07+0600
2025-03-06T10:07+0600
2025-03-06T10:07+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
марко рубио
россия
прокси-согуш
https://sputnik.kg/img/07e9/03/06/1092470487_0:0:2000:1125_1920x0_80_0_0_1105c8aaa6e003c186af9e0016ede224.jpg
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.Ал туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген.Шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага америкалык аскердик жардамды токтотуу Киев режимин тынчтык сүйлөшүүлөргө түртөт деген үмүт жаратарын айткан.Эске салсак, 2025-жылдын 18-февралында Эр-Рияд шаарында Россия менен Америка өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өткөн. Анын жыйынтыгында тараптар кызматташууну жаңы тепкичке чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүү, элчиликтердеги чектөөлөрдү жоюу жана Украинадагы абалды жөнгө салуу процессин баштоо боюнча келишим түзүшкөн. Россия президенти Владимир Путин бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болгонун белгилеп, ага жогорку баасын берген.Андан кийин Россия менен Кошмо Штаттардын делегациясы Стамбулдагы жолугушуусунда элчиликтердин ишин каржылоону жана түз авиабайланыштарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн макулдашкан. Бул сүйлөшүүлөрдө АКШ Александр Дарчиевди Россиянын Америкадагы жаңы элчиси кылып дайындоо боюнча нота тапшырышкан.
https://sputnik.kg/20250305/britaniya-ukraina-chalgyn-maalymat-beruu-tyyuu-salyndy-1092454034.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/06/1092470487_57:0:1834:1333_1920x0_80_0_0_ab7940e36d168db9bd5b07a4aae85f7b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, марко рубио, россия, прокси-согуш
дүйнөдө, акш, украина, марко рубио, россия, прокси-согуш
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алды. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Президент Дональд Трамп муну туюкка кептелип, мөөнөтү созулуп кеткен чатак катары карап жатат. Чынын айтканда, бул өзөктүк эки дерважа — Украинага жардам кылган Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы прокси-согуш", — деген Fox News телеканалына интервью берип жатып.
Ал туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген.
Шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага америкалык аскердик жардамды токтотуу Киев режимин тынчтык сүйлөшүүлөргө түртөт деген үмүт жаратарын айткан.
Эске салсак, 2025-жылдын 18-февралында Эр-Рияд шаарында Россия менен Америка өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өткөн. Анын жыйынтыгында тараптар кызматташууну жаңы тепкичке чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүү, элчиликтердеги чектөөлөрдү жоюу жана Украинадагы абалды жөнгө салуу процессин баштоо боюнча келишим түзүшкөн. Россия президенти Владимир Путин бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болгонун белгилеп, ага жогорку баасын берген.
Андан кийин Россия менен Кошмо Штаттардын делегациясы Стамбулдагы жолугушуусунда элчиликтердин ишин каржылоону жана түз авиабайланыштарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн макулдашкан. Бул сүйлөшүүлөрдө АКШ Александр Дарчиевди Россиянын Америкадагы жаңы элчиси кылып дайындоо боюнча нота тапшырышкан.