https://sputnik.kg/20250306/sadyr-zhaparov-chek-ara-sayasat-batken-1092471169.html
Жыл сайын атышып турушубуз керекпи? Президент чек ара боюнча сынга жооп берди
Жыл сайын атышып турушубуз керекпи? Президент чек ара боюнча сынга жооп берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча түшүндүрмө берди. 06.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-06T09:54+0600
2025-03-06T09:54+0600
2025-03-06T09:55+0600
кыргызстан
садыр жапаров
чек ара
саясат
баткен
султанбай айжигитов
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/05/1089985137_0:0:3042:1711_1920x0_80_0_0_a0c7ddc93867350e74a12b91dc511612.jpg
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча түшүндүрмө берди.Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу тууралуу өзүнүн пикирин билдирип, бир катар дооматтарды келтирген. Өлкө башчы анын баарын "демагогия" деп атап, депутаттын үч күндө пикир алмаштырган себебин изилдөө керектигин айткан.Ошондой эле президент эл өкүлүнүн "Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат" деген сөзүн жокко чыгарды. Анын айтымында, экөө эки башка жакта турат.Мамлекет башчы экинчи тарап деле өз бийлигин сындап жатканын айтып, эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбошу керектигин айтты."Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. "Настоящий договор бессрочно, не подлежит денонсации" деп туура эмес кылышкан" дейт. Бул кишинин ою боюнча, ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи? Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду", — деди өлкө башчы.Соңунда мамлекет башчы чек ара боюнча сөз көп экенин, убагы келгенде анын баары айтыларын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250227/ukmk-kamchybek-tashiyev-chek-ara-1092328430.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/05/1089985137_9:0:2740:2048_1920x0_80_0_0_b2d25634c8c7c320518b8b45ebc2e5ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, чек ара, саясат, баткен, султанбай айжигитов
кыргызстан, садыр жапаров, чек ара, саясат, баткен, султанбай айжигитов
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча түшүндүрмө берди.
Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу тууралуу өзүнүн пикирин билдирип, бир катар дооматтарды келтирген. Өлкө башчы анын баарын "демагогия" деп атап, депутаттын үч күндө пикир алмаштырган себебин изилдөө керектигин айткан.
"Мисалы, кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Андан сырткары, ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону "толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы" дешкен. Биз "жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы" деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык. Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү", — деген Жапаров.
Ошондой эле президент эл өкүлүнүн "Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат" деген сөзүн жокко чыгарды. Анын айтымында, экөө эки башка жакта турат.
Мамлекет башчы экинчи тарап деле өз бийлигин сындап жатканын айтып, эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбошу керектигин айтты.
"Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. "Настоящий договор бессрочно, не подлежит денонсации" деп туура эмес кылышкан" дейт. Бул кишинин ою боюнча, ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи? Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду", — деди өлкө башчы.
Соңунда мамлекет башчы чек ара боюнча сөз көп экенин, убагы келгенде анын баары айтыларын кошумчалады.