https://sputnik.kg/20250307/ayyl-charba-kamsyzdandyruu-miyzam-1092502302.html
Мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Чоо-жайы
Мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өлкөдө мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 07.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-07T15:03+0600
2025-03-07T15:03+0600
2025-03-07T15:04+0600
кыргызстан
айыл чарба
камсыздандыруу
мыйзам долбоору
мал
балык
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092502528_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_390b8efa3bad1fc92b3ac07b555cdcd7.jpg
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өлкөдө мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Айыл чарба министрлиги буга чейинки мыйзамдарда агрокамсыздандыруу болгону менен ал кеңири жайылбаганын айткан. Буга айыл чарба камсыздандыруу фондунун жоктугу, мамлекет тарабынан субсидиялоо механизмдеринин жетишсиздиги жана төлөп берүү механизмдери так иштелип чыкпаганы себеп болгону айтылган.Жаңы мыйзам долбоору фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө аба ырайынын өзгөрүшү, табигый кырсыктар жана башка тобокелдиктерден коргонуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталганы белгиленди.
https://sputnik.kg/20250306/yeaeb-ayyl-charba-eksport-1092472501.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092502528_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_be03a11ccf47c9167e1bd71c94ac8876.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айыл чарба, камсыздандыруу, мыйзам долбоору, мал, балык
кыргызстан, айыл чарба, камсыздандыруу, мыйзам долбоору, мал, балык
Мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Чоо-жайы
15:03 07.03.2025 (Жаңыртылды: 15:04 07.03.2025) БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өлкөдө мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Айыл чарба министрлиги буга чейинки мыйзамдарда агрокамсыздандыруу болгону менен ал кеңири жайылбаганын айткан. Буга айыл чарба камсыздандыруу фондунун жоктугу, мамлекет тарабынан субсидиялоо механизмдеринин жетишсиздиги жана төлөп берүү механизмдери так иштелип чыкпаганы себеп болгону айтылган.
"Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл чарбасы экономикадагы негизги тармактардын бирине кирет. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, климаттык шарттарга жараша тобокелдиктерди азайтуу жана фермерлерге каржылык колдоо көрсөтүү максатында агрардык секторго мамлекеттик жардам зарыл. Учурда өлкөдө 15 камсыздандыруу компаниясы катталган, бирок алардын ичинен айыл чарба продукцияларын камсыздандыруу лицензиясы үч компанияда эле бар", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы мыйзам долбоору фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө аба ырайынын өзгөрүшү, табигый кырсыктар жана башка тобокелдиктерден коргонуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталганы белгиленди.
Индекстүү камсыздандыруу (аба ырайынын же түшүмдүүлүктүн индекси боюнча төлөм жүргүзүү механизми) киргизилет;
Мал чарбачылыгы жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралат;
Мамлекеттик субсидияланган агрокамсыздандыруу программасы иштелип чыгат, бул камсыздандыруу баасын төмөндөтүп, фермерлер үчүн жеткиликтүү кылат;
Мындай аракет өлкө агросекторун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) стандарттарына жакындатууга да жардам берери кошумчаланган.