https://sputnik.kg/20250307/tramp-ozoktuk-kuraldan-arylsak-dejt-1092498537.html
Трамп өзөктүк куралдан арылууну жактай турганын айтты
Трамп өзөктүк куралдан арылууну жактай турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк куралдан арылууга чакырык таштап, Россия менен денуклеаризация боюнча сүйлөшүүгө ишеним артарын... 07.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-07T12:30+0600
2025-03-07T12:30+0600
2025-03-07T12:30+0600
дүйнөдө
акш
россия
кытай
өзөктүк курал
дональд трамп
келишим
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092497097_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_18352ee13c3cda0ccf866fdcad0ae659.jpg
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк куралдан арылууга чакырык таштап, Россия менен денуклеаризация боюнча сүйлөшүүгө ишеним артарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Трамп бул куралдын кыйратуучу күчү шумдуктуудай экенин белгилеген.АКШ президентинин айтымында, биринчи мөөнөтүндө өзөктүк куралдан арылуу боюнча сүйлөшүүлөр Россия менен бир топ илгерилеп, Кытай менен да бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн."Мен бул сүйлөшүүлөрдү баштоого абдан ынтызармын. Денуклеаризация керек", — деди Трамп.Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин 2024-жылдын 19-ноябрында жаңыланган өзөктүк доктринаны бекиткен жарлыкка кол койгон. Документте өзөктүк курал өлкө көз карандысыздыгын башка айла жок калганда коргой турган эң акыркы чара экени белгиленген. Кремль Москва эч кимге кооптуулук жаратпасын, бирок өзүнүн кызыкчылыгына доо кетире турчу аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскертип келет.Путин 2023-жылдын 21-февралында Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда мамлекет Чабуул кое турган стратегиялык курал-жарактын санын кыскартуу боюнча россия-америкалык келишимден (СНВ-3) чыгарын жар салган. Ал талкууга кайтуу үчүн Франция жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин максатын карап чыгып, алардын стратегиялык арсеналын, башкача айтканда, НАТОнун сокку уруучу потенциалын эске алуу керектигин белгилеген.
https://sputnik.kg/20250221/aksh-mamkatchysy-rossiya-menen-kyzmattashuu-zaryldygyn-aytty-1092195035.html
акш
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092497097_91:0:2822:2048_1920x0_80_0_0_723d006cc6935b56e4255db9972cbe3b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, кытай, өзөктүк курал, дональд трамп, келишим
дүйнөдө, акш, россия, кытай, өзөктүк курал, дональд трамп, келишим
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк куралдан арылууга чакырык таштап, Россия менен денуклеаризация боюнча сүйлөшүүгө ишеним артарын билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Баарыбыз өзөктүк куралдан арылсак кандай жакшы болор эле", — деген өлкө башчысы.
Трамп бул куралдын кыйратуучу күчү шумдуктуудай экенин белгилеген.
АКШ президентинин айтымында, биринчи мөөнөтүндө өзөктүк куралдан арылуу боюнча сүйлөшүүлөр Россия менен бир топ илгерилеп, Кытай менен да бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.
"Мен бул сүйлөшүүлөрдү баштоого абдан ынтызармын. Денуклеаризация керек", — деди Трамп.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин 2024-жылдын 19-ноябрында жаңыланган өзөктүк доктринаны бекиткен жарлыкка
кол койгон. Документте өзөктүк курал өлкө көз карандысыздыгын башка айла жок калганда коргой турган эң акыркы чара экени белгиленген. Кремль Москва эч кимге кооптуулук жаратпасын, бирок өзүнүн кызыкчылыгына доо кетире турчу аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскертип келет.
Путин 2023-жылдын 21-февралында Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда мамлекет Чабуул кое турган стратегиялык курал-жарактын санын кыскартуу боюнча россия-америкалык келишимден (СНВ-3) чыгарын жар салган. Ал талкууга кайтуу үчүн Франция жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин максатын карап чыгып, алардын стратегиялык арсеналын, башкача айтканда, НАТОнун сокку уруучу потенциалын эске алуу керектигин белгилеген.