https://sputnik.kg/20250308/8-mart-boyuncha-kolumnistika-1092474757.html
Март айынын сегизи: айымдарга жоогазын эле эмес, өзүбүз да тартуу!
Март айынын сегизи: айымдарга жоогазын эле эмес, өзүбүз да тартуу!
Sputnik Кыргызстан
Жер ала телек болуп, кар кетип, күнгөйлөргө майда чөп быжырап чыгып, арасында жерден жаңы гана баш баккан байчечекей суукка моюн бербей жаз кабарын жарчылык... 08.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-08T17:31+0600
2025-03-08T17:31+0600
2025-03-08T17:31+0600
кыргызстан
8-март
майрам
аялзат
жаз
колумнистика
https://sputnik.kg/img/102431/69/1024316932_0:174:6017:3558_1920x0_80_0_0_d4ec91601a8a84076e0c637440681c0a.jpg
Жер ала телек болуп, кар кетип, күнгөйлөргө майда чөп быжырап чыгып, арасында жерден жаңы гана баш баккан байчечекей суукка моюн бербей жаз кабарын жарчылык кылат. Ушул күндөрдө 8-март келет. 8-март дегенде аялдарды, кыздарды, келиндерди, байбичелерди эстейбиз. Бул дүйнө аялзаты бар үчүн жарык, адамзаты аялзаты бар үчүн бар...Аялзатына миң алкыш да, миң таазим! Жоокерчилик замандарда Каныкей менен Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза менен Кардыгач колуна курал алып эркектер менен согушка кирсе, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Кенжеке сулуулуктун, акылмандыктын символу болгон. Ал эми Кишимжан, Ак Мактым, Ак Саткын — өз сүйүүсүн эңсеген, таза махабат үчүн күрөшкө чыккан кыздардын кийинкилерге калтырып кеткен өрнөгү.Кечээ Улуу Ата Мекендик согушта да кыздарыбыз майданда болсун, тылда болсун, Улуу Жеңишти алып келүүгө салым кошту, Сайра Кийизбаева сыяктуу ырчы кыздарыбыз фронтто жоокерлердин маанайын көтөрүп концерттерин коюп жүрдү.Мыскал Өмүрканова, Саламат Садыкова дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө кыргыз үнүн таанытса, Самара Токтакунова кыргыз комузунун доошун угузду, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева киноэкрандан кыргыз жүзүн таанытты.Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу балбандарыбыз аалам аренасында кыргыз туусун көтөрүп, кыргыз гимнин жаңыртты.Дагы... Дагы көп... Мигрант кыз-келиндердин эмгегине баа бербей коё албайсың...Жыл сайын 8-Мартты келин-кыздардын, аялдардын майрамы катары белгилейбиз. Көп учурда, өзгөчө жаштар бул майрам, бул күн кайдан чыкканы менен анчалык ишибиз боло бербейт. Ошону үчүн тарыхка бир аз кылчайып койсок жаман болбос эле. Анан калса бул күндүн тарыхы тууралуу да ар кандай божомолдор айтылып калат.Негизи башкы тарыхый окуя 1857-жылдын 8-мартына барып такалат. Ошол күнү Нью-Йорк шаарындагы тигүү фабрикасында жалпы иш таштоо болот. Тигүүчүлөр баары эле кыздар, аялдар болот эмеспи, алар өз ишканасындагы шарттын жамандыгын, айлыктарынын аздыгын айтып фабрика ээлерине даттанат. Аны менен чектелбей, нааразычылык кыйла саясий өңүткө өтүп кетет: аялдарга билим берүүнү, шайлоолорго катыштырууну талап кылат, аялдар профсоюзу сыяктуу бир нерсе уюштура коюшат. Ушинтип аял укуктарын коргоо боюнча акциялар, протесттер башталат. Дал ушул окуя, ушул күн аялзатынын укук талашкан кыймылына старт берилет.Ошондон кийин аялдарды коргоо боюнча иш-аракеттер активдешет, 1908-жылы февралда 15 миң аял демонстрацияга чыгат, америкалык социалисттер жыл сайын бир күндү тынчтык митинг кылып бергиле деп талап кылат.Азыр бул күндү Клара Цеткин менен байланыштырып жүрбөйбүзбү, анын да жөнү бар. Ал 1870-жылдарда Германияда социалисттик кыймылдарды такай уюштуруп турган жана аларда аялдар укугу көтөрүлгөн. Клара Цеткин 1892-1917-жылдары Die Gleichheit (Теңчилдик) деп аталган социалисттик жана аялдар гезитинде башкы редактор болуп иштөө менен өз басылмасында аялдар азаттыгы, аялдардын укугу тууралуу байма-бай материалдарды басып турган. 1907-жылы Социалисттик аялдар интернационалы деген кыймыл уюштурулуп, анын Штутгарттагы биринчи конгрессине 58 делегат, экинчи Копенгагендеги конгрессине 100 делегат катышкан.1910-жылы Клара Цеткин жана Роза Люксембург аттуу эки немец революционери 8-мартты эл аралык аялдар майрамы кылалы деп демилге көтөрүп чыгат.Ошентип 8-Марттын тарыхы митинг, демонстрация деген иш-аракеттерден башталса, азыр эч ким андай каршылык же укуктук акцияларга барбайт.Майрам тууралуу кызыктуу фактылар төмөнкүдөй:8-Март — эмне десек да энелердин, эжелердин, карындаштардын, кыз-келиндердин майрамы! Эл жадырып-жайнаган, булбул-куштар сайраган майрам!Анда, МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!!!
https://sputnik.kg/20241117/kyrgyz-kinosunun-cheberlerinin-ekrandagy-irmemderi-1090209482.html
https://sputnik.kg/20250308/kyrgyzstan-sadyr-zhaparov-kuttuktoo-1092512019.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102431/69/1024316932_0:0:5355:4016_1920x0_80_0_0_f396faea7320d237f1b414d02d8e781f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, 8-март, майрам, аялзат, жаз, колумнистика
кыргызстан, 8-март, майрам, аялзат, жаз, колумнистика
Жер ала телек болуп, кар кетип, күнгөйлөргө майда чөп быжырап чыгып, арасында жерден жаңы гана баш баккан байчечекей суукка моюн бербей жаз кабарын жарчылык кылат. Ушул күндөрдө 8-март келет. 8-март дегенде аялдарды, кыздарды, келиндерди, байбичелерди эстейбиз. Бул дүйнө аялзаты бар үчүн жарык, адамзаты аялзаты бар үчүн бар...
Аялзатына миң алкыш да, миң таазим! Жоокерчилик замандарда Каныкей менен Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза менен Кардыгач колуна курал алып эркектер менен согушка кирсе, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Кенжеке сулуулуктун, акылмандыктын символу болгон. Ал эми Кишимжан, Ак Мактым, Ак Саткын — өз сүйүүсүн эңсеген, таза махабат үчүн күрөшкө чыккан кыздардын кийинкилерге калтырып кеткен өрнөгү.
Кечээ Улуу Ата Мекендик согушта да кыздарыбыз майданда болсун, тылда болсун, Улуу Жеңишти алып келүүгө салым кошту, Сайра Кийизбаева сыяктуу ырчы кыздарыбыз фронтто жоокерлердин маанайын көтөрүп концерттерин коюп жүрдү.
Мыскал Өмүрканова, Саламат Садыкова дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө кыргыз үнүн таанытса, Самара Токтакунова кыргыз комузунун доошун угузду, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева киноэкрандан кыргыз жүзүн таанытты.
Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу балбандарыбыз аалам аренасында кыргыз туусун көтөрүп, кыргыз гимнин жаңыртты.
Дагы... Дагы көп... Мигрант кыз-келиндердин эмгегине баа бербей коё албайсың...

17 Жетинин айы 2024, 15:23
Жыл сайын 8-Мартты келин-кыздардын, аялдардын майрамы катары белгилейбиз. Көп учурда, өзгөчө жаштар бул майрам, бул күн кайдан чыкканы менен анчалык ишибиз боло бербейт. Ошону үчүн тарыхка бир аз кылчайып койсок жаман болбос эле. Анан калса бул күндүн тарыхы тууралуу да ар кандай божомолдор айтылып калат.
Негизи башкы тарыхый окуя 1857-жылдын 8-мартына барып такалат. Ошол күнү Нью-Йорк шаарындагы тигүү фабрикасында жалпы иш таштоо болот. Тигүүчүлөр баары эле кыздар, аялдар болот эмеспи, алар өз ишканасындагы шарттын жамандыгын, айлыктарынын аздыгын айтып фабрика ээлерине даттанат. Аны менен чектелбей, нааразычылык кыйла саясий өңүткө өтүп кетет: аялдарга билим берүүнү, шайлоолорго катыштырууну талап кылат, аялдар профсоюзу сыяктуу бир нерсе уюштура коюшат. Ушинтип аял укуктарын коргоо боюнча акциялар, протесттер башталат. Дал ушул окуя, ушул күн аялзатынын укук талашкан кыймылына старт берилет.
Ошондон кийин аялдарды коргоо боюнча иш-аракеттер активдешет, 1908-жылы февралда 15 миң аял демонстрацияга чыгат, америкалык социалисттер жыл сайын бир күндү тынчтык митинг кылып бергиле деп талап кылат.
Азыр бул күндү Клара Цеткин менен байланыштырып жүрбөйбүзбү, анын да жөнү бар. Ал 1870-жылдарда Германияда социалисттик кыймылдарды такай уюштуруп турган жана аларда аялдар укугу көтөрүлгөн. Клара Цеткин 1892-1917-жылдары Die Gleichheit (Теңчилдик) деп аталган социалисттик жана аялдар гезитинде башкы редактор болуп иштөө менен өз басылмасында аялдар азаттыгы, аялдардын укугу тууралуу байма-бай материалдарды басып турган. 1907-жылы Социалисттик аялдар интернационалы деген кыймыл уюштурулуп, анын Штутгарттагы биринчи конгрессине 58 делегат, экинчи Копенгагендеги конгрессине 100 делегат катышкан.
1910-жылы Клара Цеткин жана Роза Люксембург аттуу эки немец революционери 8-мартты эл аралык аялдар майрамы кылалы деп демилге көтөрүп чыгат.
Ошентип 8-Марттын тарыхы митинг, демонстрация деген иш-аракеттерден башталса, азыр эч ким андай каршылык же укуктук акцияларга барбайт.
Майрам тууралуу кызыктуу фактылар төмөнкүдөй:
8-Март расмий түрдө дүйнөнүн 40тай өлкөсүндө белгиленет;
8-Март бул эркектердин 23-февралга гана берилген жообу дегендер — бул майрамдын тарых-таржымалын билбегендер;
8-Мартта Лаосто аялдар гана иштебейт, эркектер иштей берет;
8-Мартты тажик парламенти 2009-жылдан бери "Энелер күнү" деп атап койду;
8-Мартта 1971-жылы Айдын бетине советтик Луноход "8" деген жазуу жазган;
8-Мартта аялдарга гүл берүү салты өткөн кылымдын 60-жылдарынан башталды;
8-Март атындагы кыштактар, мектептер, бала бакчалар, фабрикалар азыр биздин өлкөдө бар экендиги – аялзатына карата болгон урмат-сыйдын белгиси;
8-Мартта эң көп сатылган гүл – жоогазын;
8-Мартта өткөн кылымдын экинчи жарымында эң көп берилген белектер открыткалар жана жаңы чыккан байчечекейлер болгон;
8-Мартта дасторконго каражат коротуу Жаңы жыл тосуудан кийинки 2-орунда турат;
8-Март — эмне десек да энелердин, эжелердин, карындаштардын, кыз-келиндердин майрамы! Эл жадырып-жайнаган, булбул-куштар сайраган майрам!
Анда, МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!!!